.үч.чекит..үч.чекит.
Жазылыңыздар
Күчтүү аброй ишенимдүүлүктүн кепилдиги эмес
Кандай гана абройлуу басылма болбосун, андагы маалыматтын ишенимдүүлүгүнө скептицизм менен мамиле жасоону үйрөнүү керек. Себеби фейк маалыматтын чеги жок.
Эмне үчүн жарнамага азгырыласыз?
Азыркы заманда кайда караба – көзгө жарнама көрүнөт. Ага карабай, айрымдар «мен жарнамага азгырылбайм» деп өзүнө бекем ишениши ыктымал. Эгер сиз дагы ушундай ойдо болсоңуз, анда бүгүн кеп сиз жөнүндө.
Ксенофобия, антисемитизм жана исламофобия: мааниси жана байланышы
Улутуңуздан улам кандайдыр бир басмырлоого кабылдыңыз беле? Тутунган диниңизден уламчы? Ушул жана башка өзгөчөлүктөрүнөн улам жек көрүндү болгондорду түшүндүрүү үчүн ксенофобия деген терминди колдонушат. Бул эмне болгон термин жана антисемитизм, исламофобия менен кандай байланышы бар?
«Спам» сөзү кантип пайда болгон?
«Спам» деген сөздү укканда дароо эле почтага келген тажатма, керексиз каттарды элестетебиз. А чынында бул сөз эмнени билдирет болду экен? «Спамдын» тарыхына баш багыңыз.
Дипфейк: массалык иллюзия куралы
Фотожурналист, продукт-менеджер Жеральд Голубовичтин медиа, бизнес, маданият жана технология тармагындагы идеялардын «Go Viral Kazakhstan» онлайн фестивалындагы семинарынан алынган тезистер.
Кибертерроризм деген эмне?
Кибер куралдардын жардамы менен атомдук объектилердеги аварияларды жаратып, коомду байланыштын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде уюлдук жана спутниктик байланыштардан ажыратып, трафикти, электр кубатын дагы токтотуп салуу мүмкүн... ооба, бул тамаша эмес.
Экстремизм деген эмне?
Бул чуулгандуу сөздү укканда дароо эле куралданган террористти элестетебиз. Бирок, мисалы, Махатма Ганди «чымынга да зыянын тийгизбеген» адам болгон дешет, бирок аны да экстремист деп коюшат. Эмне үчүн?
Караңгы паттерн. Интерфейстер сизди кантип алдайт?
Интернеттеги иш-аракеттериңизди «өз акылым менен өзүм башкарам» деп ойлоп жүргөн болсоңуз – жаңылышасыз. Чынында сиз колдонгон сайттар же тиркемелер сизди жашыруун башкарышат. Бирок сиз ал жөнүндө шек дагы санабайсыз.
Маалыматтык көбүк деген эмне жана андан кантип чыгуу керек
Биз өзүбүзгө жаккан нерсени гана окуйбуз, лайк басабыз. Бул интернет кызматтары тарабынан эске алынат дагы, ошол темада бизди кызыктыра тургандай маалыматтар менен камсыз боло баштайбыз. Бизге ал маалымат жагып калып лайк бассак, анда ал биздин сүйүктүү темабызга айланат. Мына ушундан маалыматтык көбүк пайда болот.
Жашыруун аракет теориясын жолуктурдуңузбу?
XXI кылымда адамдар дагы деле жашыруун аракет теорияларына ишенишет. Бирок бул ишеним сабатсыздыктын кесепети эмес, адамдын негизги муктаждыгы болгон дин сыяктуу. Илим канчалык өнүкпөсүн, адамдар Кудайга ишенишет жана журналисттер канча иликтөө жүргүзүшпөсүн, жашыруун аракет теориялардын күйөрмандары азайбайт.