Кандай гана абройлуу басылма болбосун, андагы маалыматтын ишенимдүүлүгүнө скептицизм менен мамиле жасоону үйрөнүү керек. Себеби фейк маалыматтын чеги жок.
Интернетте элден акчалай жардам сурап кайрылган билдирүүнү көрдүңүз. Ага бооруңуз ооруп, көрсөтүлгөн реквизиттерге каражат салууга камдана баштадыңыз. Токтоңуз! Сиздин каражат чындап эле жардамга муктаж болгон адамдын чөнтөгүнө түшөбү?
Калың журтка так, расмий маалымат жеткиликтүү эмес болгондо, журт өз алдынча божомолдорду, салыштырууларды жана тажрыйбаларды жүргүзө баштайт. Өзгөчө эгер маселе ден соолукка тиешелүү болсо. Азыркы биздин кырдаал дал ушундай учурларга бай.
Кайсы бир фейк жаңылыктарга өз убагында ишенип, убакыт өткөндөн кийин «ушуга кантип ишендик?» деп, кээде күлүп да калабыз. Келиңиз, элдин үшүн алган, ошол биз ишенген окуяларды чогуу эстеп көрөлү.
Саясатта убадалардан сырткары имиш, ушак жана чагым бар. Мындан улам, адаштыруучу калптар, манипуляциялык маалыматтар бул багытта да колдонулат. Талдап көрөлү.
Бир күндө канча булактан маалымат аласыз эсептеп көрсөңүз: телевидение, газета, радио, соцтармактар, мессенджерлер, тааныштар... Сиз кабыл алган маалыматтын канчасы чын болду экен? Аларды ким текшерип аныктайт, талдап көрөлү.
Жалган маалыматтардын ушунчалык көптүгүнөн, аларды түрлөргө бөлүп карай баштадык. Аларды бири-биринен айырмалай билүү үчүн бул чакан макалага көз салыңыз.