


Элестетиңиз: сүйүктүү артистиңиздин спектаклине билетти эптеп таап, кымбат сатып алдыңыз. Спектакль боло турган күнү сүйүктүү артистиңиз ооруп калып, анын ролун башка бирөө ойнойт экенин билдиңиз. Анысы аз келгенсип, айдоочулар забастовкага чыгып, шаарда транспорт жүрбөй калды. Кандай кыласыз? Эптеп тапкан кымбат билетиңиз жөн эле калып калабы? Же таксиге көп акча коротуп барасызбы?