Буга чейин бир канча шайлоого катыштыңыз. Бир канча агитацияга күбө болдуңуз. Кээде кайсы бир саясатчыга катуу ишенип, жада калса сүрөп да калчусуз. Талапкерлер үгүт учурунда сизди кантип ынандырат экенине кызыктыңыз беле?
Пропаганда кылып жатат дегенди окуп, угуп жүрөбүз. Ооба, кимдир бирөө чын эле пропаганда жасап жаткан чыгар. Анын зыяны, пайдасы эмнеде? Ал кандай максатты көздөйт?
Телефон менен компьютер жумушубузду жеңилдетет дейбиз. Интернетке көз каранды эмеспиз деп, бирок күнүнө кеминде бир катка жооп жазабыз. Муну адистер «санарип акылсыздыкка кошкон салым» деп баалай башташты. Бул эмнеси?
Кандай гана абройлуу басылма болбосун, андагы маалыматтын ишенимдүүлүгүнө скептицизм менен мамиле жасоону үйрөнүү керек. Себеби фейк маалыматтын чеги жок.
Азыркы заманда кайда караба – көзгө жарнама көрүнөт. Ага карабай, айрымдар «мен жарнамага азгырылбайм» деп өзүнө бекем ишениши ыктымал. Эгер сиз дагы ушундай ойдо болсоңуз, анда бүгүн кеп сиз жөнүндө.
Улутуңуздан улам кандайдыр бир басмырлоого кабылдыңыз беле? Тутунган диниңизден уламчы? Ушул жана башка өзгөчөлүктөрүнөн улам жек көрүндү болгондорду түшүндүрүү үчүн ксенофобия деген терминди колдонушат. Бул эмне болгон термин жана антисемитизм, исламофобия менен кандай байланышы бар?
«Спам» деген сөздү укканда дароо эле почтага келген тажатма, керексиз каттарды элестетебиз. А чынында бул сөз эмнени билдирет болду экен? «Спамдын» тарыхына баш багыңыз.
Фотожурналист, продукт-менеджер Жеральд Голубовичтин медиа, бизнес, маданият жана технология тармагындагы идеялардын «Go Viral Kazakhstan» онлайн фестивалындагы семинарынан алынган тезистер.
Кибер куралдардын жардамы менен атомдук объектилердеги аварияларды жаратып, коомду байланыштын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде уюлдук жана спутниктик байланыштардан ажыратып, трафикти, электр кубатын дагы токтотуп салуу мүмкүн... ооба, бул тамаша эмес.
Бул чуулгандуу сөздү укканда дароо эле куралданган террористти элестетебиз. Бирок, мисалы, Махатма Ганди «чымынга да зыянын тийгизбеген» адам болгон дешет, бирок аны да экстремист деп коюшат. Эмне үчүн?