Жаштарга өз идеяларын ишке ашыруусуна дем беребиз жана окутабыз
Борбордук Азиядагы IDEA 11 жылдан бери жаштар саясаты тармагында иштеп келет. Уюм бул аралыкта Кыргызстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) деңгээлинде 45тен ашык демилгени ишке ашырды.
Борбордук Азиядагы IDEA – жаштар жетектеген жаштар уюму. Бул принцип уюмга бирдей катышуу идеясын сактоого жана чыгармачылык менеджменттин ички маданиятын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Уюм төмөнкү багыттар боюнча программаларды ишке ашыруу тажрыйбасына ээ: жарандык катышуу, тынчтык орнотуу, медиа сабаттуулук жана кибер активдүүлүк, гендердик теңчилик жана зомбулукка каршылык, адам укуктарын коргоо жана адвокация, экологиялык активдүүлүк жана экологиялык программалар.
Биздин максаттуу топтор жана бенефициарлар – жаш кыздар жана балдар, социалдык аялуу катмардагы өспүрүмдөр, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар, билим берүү системасынын кызматкерлери жана ата-энелер, аймактык жаштардын бейөкмөт уюмдары жана медиа активисттер.
Дебаттык Технологияларга негизделген ©
Дебаттык технологиялар© - биздин жумушубуздун бирден-бир куралы. Бул биздин жаштардын эл алдында сүйлөө, критикалык ой-жүгүртүү, дизайн ой-жүгүртүү, маалымат менен иштөө, аргументация жана активдүү угуулар сыяктуу жөндөмүн өнүктүрүү аркылуу жаштардын потенциалын ачуучу интерактивдүү ыкма.
Биздин көз карашыбыз:
Жаштар өз коомчулугунун тең өнөктөштөрү.
Биздин миссия:
Биз жаштардын коомдук чечим кабыл алууларда катышуу мүмкүнчүлүгүн жана алардын укуктарын кеңейтүү менен алектенебиз.
«Маанилүү демилгелер» деген эмне?
Бул өз ара урматтоо жана тең укуктуулук принциптерине негизделген идеялар. Алар жаш курагы, көз карашы, социалдык жана саясий контексттеги айырмачылыктарды эске алышат. Маанилүү идеялар командалык иштөөдөн жана жаңы нерселерди сынап көрүүгө даярдыктан келип чыгат. Бул идеялардын кайсынысы болбосун жаштар өз коомун өнүктүрүүгө активдүү катышкан дүйнөгө карай кадам болуп саналат.
(с) Борбордук Азиядагы IDEA
Биз идеялар, адамдар жана коомдун ортосунда көпүрө курабыз.
Биздин бул жерде иш алып баруубуздун 6 себеби
Биз өзүбүз өңдүү жаштар менен иш алып барабыз
Жаштардын кызыкчылыгы биздин кызыкчылыгыбыз. Бул кызыкчылыктар ар башка, алар көп, алар өзгөрөт. Ошондуктан, биздин эксперттер тобу ар дайым аларды илгерилетүүнүн жаңы жолдорун издешет. Эл аралык тажрыйбага негизделген программаларды түзөбүз. Бирок биз бардык куралдарды бизге жакын Борбордук Азиянын контекстине ылайыкташтырабыз.
Биз дебаттарды жайылтабыз, бирок ишмердиктин маңызы дебаттан да терең
Өз оюн жеткирүү, дүйнөгө ар кыл өңүттөн кароо, топто иштөө жана башкалардын пикирлерине да кулак сала билүү – ар бир кишинин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө. Ал эми өз ойлорун жүйөлөр менен негиздеп, фактылар менен толуктай билүү жөндөмү чечим кабыл алууну жеңилдетет. Бул мектептерде өздөштүрүлбөйт, буга дебаттар үйрөтөт.
Биз өзүбүз ынанган, ыкмалар менен сыналган нерселерди үйрөтөбүз
Өзүң үчүн да, коом үчүн да мааниси терең ойдун учугун чубоо. Дүйнөдө эмне жана эмнеликтен болуп жатканын так түшүнүү. Айыл-кыштактарыбызда, шаар жана өлкөлөрүбүздөгү көйгөйлөрдүн чечүүнүн жолдорун биргелешип табуу. Өзүбүз да буга тырышып, башкаларга да буларды үйрөтүүгө умтулабыз.
Биз демилге, инсандар жана чечимдердин ортосунда көпүрө курабыз
Жер-жерлерде, чөлкөм ичинде: үч мамлекетте: Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда иш жүргүзөбүз. Өздөрүн бириктирип турган нерсени аңдай билиши үчүн ар кыл адамдарды топтойбуз. Алардын орток чакырыктары жалпы демилгелерге айланат. Ийгиликтүү тажрыйба жана тоскоолдуктардан алган сабактар боюнча маалымат алмашууга шарт түзөбүз. Балдар өздөрүнө үлгү болчуларды көрүп, өздөрү да өзгөлөргө өрнөк болушат.
Биз адамдар самаганын так билерине ишенебиз
Жаштар өз ресурстары, өзгөчөлүктөрү жана көксөөлөрүндөй эле бири-биринен айырмаланарын түшүнөбүз. Алардын ар бири – өзүнө гана таандык сапаттары, баалуулук жана самаганы бар өзүнчө бир инсан. Ошондуктан адегенде сурайбыз, талдайбыз, андан соң гана программаларыбызды иштеп чыгабыз. Биз балдарга өз керектөөлөрүн өз алдынча түзүп, ошондон кийин гана жүзөгө ашырууга киришүүнү үйрөтөбүз.
Биз сүйлөө жөндөмүн гана өрчүтүп тим болбостон, түшүнө билүүгө да көнүктүрөбүз
Биз IDEA Борбор Азия алкагында диалог жана теңчилик принциптерин үйрөтөбүз. Сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөгөнүбүздө башкалардын көз караштарын да сыйлайбыз. Теңата диалог куруу мүмкүн экенин иш жүзүндө көрсөтөбүз. Ошол себептен биздин бүтүрүүчүлөрүбүз бири-бирин тыңдап, альтернативдик пикирлерди да кабылдай билишет.
Кандай сөздү тыңдайбыз? Эмнеге күбөбүз? Кантип чара көрөбүз?
Биз тоскоолдуктарды мүмкүнчүлүккө айлантабыз. Борбордук Азиядагы IDEA менен жаштар көптөгөн маанилүү идеяларды ойлоп табышты. Биздин долбоорлордун ар бири биз бөлүшүүгө кубанычта болгон ачылыштарга толгон.
Орчундуу 7 кейс
Кейс №1:
Кандай сөздү угуп калабыз:
(с) Жаштар
«Тегерегимде кандай реалдуу маселе бар экенинен кабарым жок».
Эмнеге күбөбүз:
Жаштар менен чечим кабыл алгандардын ортосундагы ажырым чоң.
Кантип чара көрөбүз:
Жаштарга өзгөрүүлөрдүн жигердүү демилгечилерине айлануусуна түрткү беребиз. Өз айыл-кыштагы, шаарларында изилдөө жүргүзүп, кандай көйгөйлөр бар экенин түшүнүүгө үгүттөйбүз. Алар факты, маалыматтарды жыйнап, коомдук угууларды өткөрүп, бийлик өкүлдөрүнө өз ойлорун сунушташат.
Кейс №2:
Кандай сөздү угуп калабыз:
(с) Жаштар
«Чөйрөмдөгү кырдаал көңүлүмдү чөгөрөт, бирок аны кантип өзгөртүүнү билбейм».
Эмнеге күбөбүз:
Жаштар көйгөйдү көрө билип, алар туурасында кеп кылышканы менен чечүүнүн жолдорун издешпейт. Анткени, өз күчтөрүнө ишене алышпайт. Аларга айланасындагылардын колдоосу, өз ойлорун ортого салуу жөндөмү жетишсиз.
Кантип чара көрөбүз:
Социалдык мэйкатондорду уюштурабыз. Балдар 48 саат бою реалдуу жана майнаптуу демилгелер жаатында мээнеттенишет. Бул – алардын тажрыйбасына ынанышкан, баары бир нерсени өзгөртүүгө умтулган курбалдаштарынын тобу иш алпарган мейкиндик.
Алар бири-бирин көрүп шыктанып, экология, коопсуздук, инфраструктуранын эзелки маселелерин чечүүдө жаңы ыкмаларды таап чыгышат. Жөө жүргөндөр үчүн 3D өтмөктөрү (зебралар), ээн калган имараттарды кайра калыбына келтирүү, мектеп дааратканаларын оңдоо пландары – мына ушулардын баары көйгөйдүн өзүн аныктоодон так стратегиясына дейре эки суткада жаралган демилгелер.
Кейс №3:
Кандай сөздү угуп калабыз:
(с) Жаштар
«Ата-энем менин түшүнбөйт».
Эмнеге күбөбүз:
Жакындарына баалуулук жана кызыкчылыктарын айтуу үчүн балдардын жөндөм, өздөрүнө болгон ишеними жетишсиз. Алар үй-бүлөдө чыккан жаңжалдарды кантип жеңүүнү билишпейт.
Кантип чара көрөбүз:
Биздин программалар сынчыл көз караш менен акыл калчоону гана эмес, өз ойлорун ынанымдуу жеткирүүнү да үйрөтөт. Бул жаштарга жакындары менен баарлашуу жөндөмүн өрчүтүүгө, ата-энелери алар келтирген жүйөлөргө моюн суна тургандай деңгээлге жетүүгө көмөктөшөт. Биздин программалардын каатышуучулары улуу муунду да маалыматтык жактан сабаттуу болуп, жалган маалыматка ишенбей, манипуляцияга алдырбай, көндүм пикирлерден арылып, башкалардын да укуктарын сыйлоого үйрөтүшөт. Алар жеке өздөрүнүн гана эмес, айланасындагылардын да ой жүгүртүүсүн өзгөртө алышат.
Кейс №4:
Кандай сөздү угуп калабыз:
(с) Жаштар
«Иштегим келет, бирок тажрыйбам жок».
Эмнеге күбөбүз:
Жаштар журналистика менен алектенип, коомдогу орчундуу маселелерди чагылдырып, медиа тармагында чыйыр салгылары келет. Бирок аргасыз абалга кептелишет: тажрыйба болбосо – иш жок, иштешпесе – кайдагы тажрыйба?!
Кантип чара көрөбүз:
Борбор Азия боюнча медиалагерлерди уюштурабыщ. Үйрөнчүк журналисттер өз жөндөмдөрүн өрчүтүп, дасыккан кесиптештеринен көптү үйрөнүшөт. Лагерь убагында алар урунттуу учурлар, орчундуу окуялар туурасында жазып, тартып, коомдогу курч темаларды чагылдырышат. Насаатчылар аларга колдоо көрсөтүп, ар бир баскычта байланышып турушат. Командалар программанын аягында сапаттуу контент жаратып, тааныштырышат. Ал эми чөлкөмдүн үлкөн маалымат каражаттары аны жайылтууга даяр. Өз долбоорлорунун аркасы менен көпчүлүк жаштар такшалмалардан өтүп же басылмалардан жумуш да таап алышат.
Кейс №5:
Кандай сөздү угуп калабыз:
(с) Жаштар
«Мектепти аяктап жатам, бирок мындан ары эмне кыларымды билбей турам».
Эмнеге күбөбүз:
Жаштар өнүгүүнү көксөп, бирок ага шарттары жок. Мамлекет окуу программасынын тышында алар менен иш жүргүзө албайт. Ата-энелердин андайга убактысы же ресурстары жокко эсе.
Кантип чара көрөбүз:
Кыргызстан боюнча 35 мектепте кызыкчылыктарга жараша клубдарды ачабыз. 7 – 11-класстагы балдар театр, журналистика, дебат менен алектенип, жигердүү аракеттенишет. Алар өздөрүнүн калаа-кыштактарындагы экология, инфраструктура жана коопсуздукту жакшыртуу үчүн долбоорлорун биргеликте ишке ашырышат. Экономика, саясат жана дүйнөдөгү көрүнүштөрдү жакшы түшүнө башташат. Натыйжада терең акыл калчоо менен өз келечеги боюнча чечим кабыл алышат.
Кейс №6:
Кандай сөздү угуп калабыз:
(с) Жаштар
«Менин пикиримдин кимге кереги бар?»
Эмнеге күбөбүз:
Жаштар дайым эле баарына олуттуу карай беришпейт. Аларга эч ким кулак салбагандай туюлат.
Кантип чара көрөбүз:
Жыл сайын жайкы дебат мектебин ачабыз. Биздин тренерлер ойду ынанымдуу түрдө ортого салуу, башкаларды тыңдоо жана маанилүү маселени ар тараптан карап чыгууну үйрөтүшөт. Жыйынтыгында катышуучулар өздөрүн ишенимдүү сезип, окуу жана карьерасында ийгилиги арта түшөт. Дебат боюнча демди ичке каттырган таймаштарды уюштуруп, демилгелүү балдарга өздөрүнүкүн өткөрүүгө көмөктөшөбүз. Жаштар үчүн бул – өз демилгелерин жаратып, өздөрүн курчаган дүйнөнү өзгөртө аларына ынануунун ыкчам жана жеткиликтүү ыкмасы.
Кейс №7:
Кандай сөздү угуп калабыз:
(с) Жаштар
«Өзүмө ишенбейм».
Эмнеге күбөбүз:
Иши оңунан чыкпай калышынан чочулашат. Коомдогу көндүм пикирлер жаштарга жеке демилгелерин ишке ашырууга жолтоо болот.
Кантип чара көрөбүз:
Тажрыйба алмашуу үчүн оффлайн жана онлайн аянтчаларды түзөбүз. Жаштарга алардын пикирлери маанилүү экенин даана көрсөтөбүз. Жыл сайын шыктандыруучу 60 чакты иш-чараларды: iTalk, дебаттык таймаш, ТВ-дебаттарды, театралдык оюндарды жана коомдук угууларды өткөрөбүз. Андай иш-чараларда курдаштар өз мисалдары менен аткарылбай турган демилгелер жок экенин айгинелеп беришет.