«Жол» фотодолбоору: Найзабек менен Гулизанын тажрыйбасы

Редакция IDEA

Фотожурналистика Кыргызстанда көп өнүкпөгөн жанр болсо да, бул фотодолбоор кыргыздын каада-салттарын жана убакыттын бат өткөнүн башка өңүттөн кароого мүмкүнчүлүк берет!
Менин атым Гулиза Урустамбек кызы. 24 жаштамын. Азыркы учурда «ПолитКлиника» медиасында кабарчы жана бир нече көз карандысыз уюмдардын долбоорлору менен иштешем.
Университетте биринчи курста окуп жүргөндө «Фотографиянын негиздери» деген сабакты алып, сүрөт тарта баштадым. Сүрөттөрүм эл аралык сынактарды жеңип, студенттердин көргөзмөсүнө коюла баштаганда ансайын кызыгуум күчөдү.
Кызыгы фотографияны башында «хобби» гана катары көрчүмүн жана бул тармак менин кесибиме айланат деп ойлогон эмесмин. Бирок 2021-жылы IDEA CA уюму «Сорос-Кыргызстан» фондусу менен «МедиаЖаса» деген долбоору тууралуу угуп, тапшырып көрөйүн деп чечтим.

Мен өзүмдү абдан ыңгайсыз сездим, анткени мындай долбоорго биринчи жолу катышып жаткандыктан. Андан тышкары, мен долбоорду сунуштаганда көп күмөндүү убадаларды бергеним эсимде. Ошондон улам, долбоордун финалисти болуп, грант утуп алганымды билгенден кийин, башымда «эми Баткенге кантип барам?», «Кенге» кире аласыңбы? - деген гана ойлор пайда болду.
Бактыга жараша, 2021-жылы «Кыргызстан элинин үмүтү жана түйшүгү» аттуу фотодолбоорумду ийгиликтүү аяктап, биринчи көргөзмөмдү өткөрдүм. Ал эми 2022-жылы «МедиаЖаса» долбоорунун алкагында фотограф Найзабек Мукамбетов экөөбүз «Жол» деген фотодолбоор жасадык.
Фотодолбооруду «Жол» деп атаганыбыздын себеби сүрөттөрдүн көбү адамдын эмоцияларына жана басып өткөн жолуна байланыштуу болчу. Анткени адам төрөлгөндөгү бактылуу эмоциялар адам өлгөндө муңдуу эмоцияга айланат. «Канчалык качпайлы өлүм менен өмүр ар дайым бирге жүрөт» деген идеяны бергибиз келген.

Фотодолбоордун экинчи бөлүгү «Агрессиянын изи эч качан айыкпайт» деп аталып, Баткендеги кандуу окуяга байланыштуу. Жылуу жумшак үйдө отуруп алып: «Баткендиктер кыйналып жатат» деп айткым келбей, IDEA Central Asia менен байланышып, Баткен окуясы тууралуу фотодолбоор жасагым келгенин айттым. Уюм дароо мени жана менин идеямды колдоду. Баткенде агрессия учурунда өрттөнүп кеткен алыскы үйлөргө барып, жергиликтүү тургундар менен баарлаштым. Анткени, адам маектешинин эмоциясын сезип, сезгенде гана жакшы кадрлар жана чыныгы эмоциялар болот деп эсептейм.
..Ошол күнү аябай ыйладым.

Жогорудагы сүрөттөрдүн баарын чогултуп 17-январь күнү Гапар Айтиев музейинде «Жол» аттуу көргөзмөбүздү ачтык. Көргөзмөнүн концептин да темаларга байланыштуу кылып түзгөнгө аракет кылдык. Мисалы, Баткенден тартылган сүрөттөрдү ортого коюп, өрүк дарагынын бутагына чек-арадагы окуядан жабыркаган балдар тарткан сүрөттөрдү илдик. Бул нерсе менен биз согуштун канчалык деңгээлде адамдардын, өзгөчө жаш балдардын аң сезимине таасир бере турганын айтып, чек-арага байланыштуу маселелер чечилүүсү керек экенин белгилегибиз келген.
Мындан ары да, коомго маанилүү болгон фотодолбоорлорду жасагым келет. Өзгөчө региондордогу адамдардын жашоосу фото менен айтып бере турган маселелер көп деп ойлойм.
Сөзүмдүн акырында «Сенин, менин, биздин оюбуз, жасай турган долбоорлорубуз, чоң кичинесине карабай маанилүү» деп айткым келет.

Мен, Найзабек Мукамбетов — журналистмин, документалдуу фотографияга жаңыдан киришип жатам.
«МедиаЖаса» долбоорун баштаганга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетин «Радио, Телевидение жана Кинө» бөлүмүн жаңы аяктагам. Дипломду жактоо үчүн «Акыркы эмгек» аталышындагы кыска метраждуу көркөм фильм тарткам. Тасма жаратууда «Интерньюстан» колдоо көрсөткөн — уюм жаш режиссёрлор арасында долбоор баштап, жеңүүчүлөрдүн бири болгом. Ошол эле учурда «Клооп Медиада» журналист болуп иштеп жүргөм.
Ал эми фотографияга университетте окуп жүргөндө кызыгып баштагам. Ал жердеги агайым шыгым бар экенин айтып, колдоо көрсөткөн. Өз алдымча кыска фото-долбоорлорду жасаганга кызыкчумун. Кээде өзгөчө учурларды сүрөткө тартып алганда кадимкидей сүйүнчүмүн. Бара-бара фотографиядан ырахат ала баштадым. Ошол сезим сүрөткө тартууга чон түрткү берет.

IDEA CA мене 2021-жылы шайлоо учурунда да иштешкем — «Ысык-Көлдөгү метеорит» аталышындагы аңгемелер сериясын жарыялаганбыз. Анын максаты жаштарга тандоо деген нерсенин маанылүүлүгүн түшүндүрүү эле. Ал эми «МедиаЖаса» долбоорун соцтүйүн аркылуу билип, дайыма карап турчумун. Экинчи ирет кабыл алу башталганда тааныштардан сурап, катышууну чечтим.
«Жол» долбоору — фотографиядагы олуттуу, алгачкы кадамым. Буга дейре сүрөттөрдү өзүм үчүн тартып келген болсом, бул ирет башкаларга да көрсөтүүнү, бөлүшүүнү жана сүрөт аркылуу маалымат берүүнү көздөдүм. Фотодолбоору адамдын төрөлгөндөн каза болгонго чейинки жолуп кыргыздын салттары аркылуу чагылдырып берүү максатын көздөйт. Эң негизги айтайын деген ой — жаноонун кыска экенин көтөтүп берүү. Андан соң убакыттын өтүшү менен унатта калып бараткан салттарды сүрттөрдө сактоо жана аймактар аралык бөлүнүүнү аз да болсо азайтууга аракет кылуу.

Көргөзмөдө адам жашоосун чынчылдык менен сүрөттөгөн түрдүү уникалдуу эмгектер коюлган. Алардын бири сөөк коюу аземинде сүрөткө тартуу:
Долбоорду ишке ашырууда көпкө дейре каарман таба албай өтө кыйналдым. Бардык тааныштарыма, досторума, аймактардагы кесиптештериме кайрылдым. Каарман табылып, шарттан улам жылып кеткен учурлар бир нече ирет катталды. Кээде шашылыш жерден каарман табылып, түнү менен жолго чыгып кеткен учурлар болду. Ал эми тажияны тартып баштаганда өтө кызыктай абал болду. Бирок сурөткө тартып баштаганда эмоцияны жыйыштырып, ыкыласты бир жерге топтоп, коюлган тапшырманы аткарууга көбүрөөк ыктадым. Ал эми сүрөткө тартуудагы эң эле жаккан учур, каармандын үй-бүлө мүчөсүндөй эле алар менен бирге түнөп, баарлашып, кубанычын, кээде көйгөйүн тең бөлүшкөн жакты.
«Жол» фотодолбоорундагы эң негизги баалуулук, ар бир сүрөттө кадимки жашоо камтылганы деп эсептейм. Дээрлик бардык сүрөттө чынгы каармандар, чынгы эмоциялар жана чыныгы жашоо чагылдырылган.

Азырынча жеке өзүмдүн фотоаппаратым жок — жакында сатып алайын деп акча чогулуп жүрөм. Документалдуу фотография боюнча бир топ ишке ашырайын деген ойлорум бар. Техника жагынан эркин болуп алсам, үйрөнгүчө көп нерсени жасайт элем.
IDEA CA — жаштардын эркиндиги. Ой жагынан, идея жагынан эркинсиң. Эгерде бир нерсе ишке ашпай, окшошпой, жетишпей жатсаң дагы уюмдун мүчөлөрү ишенип, колдойт. IDEA CA үй-бүлөсү менен таанышканыма сүйүнөм.