СуперМейкатон

Редакция IDEA
Мамычалар
Тапшырмалар
Лидербордто эмне болуп жатат
Бул турнирдик доскада 12 команданын жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Эки жуманын ичинде (24-август – 10-сентябрь) ар бир команда убагы менен берилген 15 тапшырманы аткарып, ортого коюлган проблемалардын чечимдерин издешти. Тапшырманы жакшы аткарганда, 100 упай алып, алдыга жылышты. Жетишпей калган учурда алган 100 упайды жоготуп, кээ бир команда артка кетти.
Командаларды колдогум келет
Сизге жаккан команданы алдыга озуп чыгышына жардам берсениз болот. Ал үчүн Элсом тиркемесинин ичиндеги кайрымдуулук бөлүгүнө кирип, "IDEA Сentral Asia" дегенди басуу керек. Андан соң өздүк эсебине команданын атын жазып, сала турчу акчаңыздын💲суммасын көрсөтүп которуңуз. Түшкөн каражаттар бул команданын идеяларын ишке ашырууга жумшалат. Акча которуу Элсом тиркемесинде гана жүргүзүлөт.
Финал: Жеңүүчүлөр аныкталды!
СуперМейкатондо 12 команда идеяларын сынашты.
15 тапшырманы так аткарып, эң жогорку балл алган 3 команда жеңүүчү оорундарга ээ болушту. Командаларды чын жүрөктөн куттуктайбыз! 👏👏
🥇 Биринчи орун — Көк-Жаңгак командасы 🏆
🥈 Экинчи орун — Кочкор командасы
🥉 Үчүнчү орун — Арстанбап командасы
СуперМейкатон ушуну менен чектелип калбайт. Жакынкы аралыкта командалар өз идеяларын ишке ашырууга киришет. Жасаган иштерин, биз социалдык баракчаларда бөлүшөбүз.
Баардык командаларга ийгилик каалайбыз! Алдыдагы ишиңиздер жеңил болсун.
🏆 СуперМейкатон деген эмне

⚡ Командалар үчүн тапшырмалар
- 1-чи тапшырма (дедлайн: 24-август): Жашаган жериндеги эң маанилүү проблеманы аныктоо.
- 2-чи тапшырма (дедлайн: 24-август): Тандалган проблемага 10 чечим сунуштоо.
- 3-чү тапшырма (дедлайн: 25-август): 10 чечимдин ичинен 3 эң маанилүү чечимди тандап алуу.
- 4-чү тапшырма (дедлайн: 25-август): 3 чечимди талкулап, шайлоо жолу менен 1 чечимди тандоо.
- 5-чи тапшырма (дедлайн: 26-август): Идеянын кимдерге багытталгандыгын аныктоо жана партнерлорду тактоо.
- 6-чы тапшырма (дедлайн: 26-август): Түз жана кыйыр түрдө пайда алуучуларды аныктоо жана мүнөздөө.
- 7-чи тапшырма (дедлайн: 27-август): Партнерлордун тизмесин түзүү. Баардык секторду кошуу: мамлекеттик органдар, бизнес, бейөкмөт уюмдар, диаспоралар ж.б.
- 8-чи тапшырма (дедлайн: 28-август): Планды түзү жана кийинки кадамдарды талкулоо.
- 9-чу тапшырма (дедлайн: 29-август): Пландын жыйынтыктоочу иш аракеттери.
- 10-чу тапшырма (дедлайн: 31-август): Окуянын синпосисин түзүү, сюжеттин форматы кыска вариантта болуусу шарт.
- 11-чи тапшырма (дедлайн: 31-август): Каармандарды иштеп чыгуу, аларды сүрөттө.
- 12-чи тапшырма (дедлайн: 01-сентябрь): Команда түзгөн синопсиске таянып, толук сценарий түзүү керек.
- 13-чү тапшырма (дедлайн: 02-сентябрь): Команда жазган сюжеттин негизинде комикске раскадровка жасоо керек.
- 14-чү тапшырма (дедлайн: 03-сентябрь): Комикстерди тартуунун аягына чыгаруу.
- 15-чи тапшырма (дедлайн: 07-сентябрь): Долбоор тууралуу Супер креативдүү презентация даярдоо.
🐱🏍Командалар менен таанышып алыңыз

🛡️ Кара-Алма
Кара-Алма жаштарынын келечекте ишкерлик менен алектенүү идеялары бар. Негизи айыл жергесинде бизнести уюштуруу ал жердин экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошоруна ишенишет😎🤓. Бирок, «учурдагы абал ишкерликке ыңгайлуубу?» деген суроолор жаралат. Жаштардын айтымында, айылда ишмердүүлүк үчүн мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Ал эми бул кайсы мүмкүнчүлүктөр экенин, өзүлөрү чыгарган комиксте көрсөтүштү.

🛡️ Арстанбап
Арстанбап командасы жаштардын жарандык жактан активдүү болуусун каалайт. Ар бир адам жалпы маселелерге өз салымын кошсо, коом батыраак өнүгөрүнө ишенишет. Бирок азыркы тапта активдүүлүк аз, балким буга түрткү берген адамдар жок же жаштар өздөрү эмне кылуу керек экенин билбей жаткан чыгар. Эмне үчүн жаштар активдүү эмес? Канткенде жаштарды жарандык активдүүлүккө кызыктырса болот? Жаштар комикстер аркылуу өздөрүнүн ойлору менен бөлүштү.

🛡️ Көк-Арт
Көк-Арт командасынын катышуучуларына ата-энелери аларды элдин балдары менен салыштырганы такыр жакпайт😤. Анын ордуна, алдыга койгон максаттарына колдоо көрсөтүшсө, жакшы жетишкендиктер болот деп ишенишет. Ата энелер менен балдардын ортосундагы мамиле канткенде жакшырат?👨👩👧👦👩👧👧 Биргелешип убакытты кандай өткөрүү керек? Пикир келишпестиктерди азайтып, ар кандай темада коркпостон кантип ачык сүйлөшсө болот? Катышуучулар бул суроолорду карап чыгып, атайын комикстерди даярдашты.

🛡️ Бешик-Жон
Бешик-Жон жаштарын кесип тандоо суроосу тынчсыздандырат. Айыл жергесинде ар кайсыл кесиптин өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат аз жана ар ким ар кандай кеңеш берип башты айлантат. 👩🏾💻👨🏼🏭👮🏼♀️👷🏻♂️👨🏻🎨👩🏼🚒👩🏻🚀Жаштар көп учурда башкалардын чечимдеринен өрнөк алышат же ата-энесинин ою менен макул болот. Бирок мындай жолдун туура эмес экенин жакшы билишет. Кесипти кантип тандоо керек? Эмнеден баштаса болот? Мен кайсыл кесипке шыктуумун? Жаштар өз идеяларын бул комиксте чагылдырышты.

🛡️ Кум-Дөбө
Кум-Дөбө командасындагы өспүрүмдөр арасындагы жугуштуу оорулар, инфекциялардын келип чыгышы, ден-соолуктун начарлашы гигиена эрежелери сакталбай жатканын айтышкан. Эмне себептен ушундай болуп калды? Бул абалды кантип өзгөртсө болот? Команда бул ой пикирлер тууралуу комикс даярдашты.

🛡️ Сейдикум
Сейдикум командасы жашаган айылда тойлор көп өткөрүлүп, атаандаштыкка айланган. Ар бир тойго кеткен акчалар💵 ошол жердеги маанилүү маселелердин чечилүүсүнө жумшалбастан, бир-эки күндүк тамак-ашка жана белектерге жумшалат. Негизги маселелер ошол бойдон кала берет. Бул «той чыгымдарын» кантип токтотсо болот? Ошол каражаттарды эмнеге жумшаса болмок? Жаштар өз идеяларын комиксте чагылдырышты.

🛡️ Акман
Акман жаштарын айлана-чөйрөдөгү таштандылар капалантчу. Канчалык тыюу салынса дагы, таштандылардын саны арбыбай жатканына күбө болушууда. Эгер азыр катуу чараларды көрбөсө, келечекте таштандылар бизден калган капалуу белек катары каларын айтышат😔. Канткенде таштандыларды азайтса болот? Эмне кылып таштандыларды ыргытпоого үндөсө болот? Бул көйгөйдүн чечими оңой болбостугун билип, идеяларын бул комиксте көрсөтүштү.

🛡️ Барпы
Барпы жаштарын тынчсыздандырган маселе – жалпы республикалык тестке катышуу ийгилиги. Айыл жергесинде үй оокаты менен алектенип жүрүп, жогорку окуу жайга тапшырууга арналган тестке жакшы даярданууга жетише албай калышууда. Жаштар бул тестте жогору балл алууга жөндөмү бар деп ишенишет. 🙏 Эми бул маселени кантип чечүүгө болот? Кандай тоскоолдуктардан арылса болот?🤔 Команда өз идеяларын комиксте чагылдырды.

🛡️ Көк-Жаңгак
Көк-Жаңгак жаштары бош убактыларын сейилдөө паркында достору же үй-бүлөсү менен көңүл ачып өткөзгүлөрү келишет🌲☘️. Бирок команданы капалантып жүргөн маселе – ошол жердеги парктын начар абалы: таштандыга толгондугу, жол чырактын сыныктары, кызыктуу нерселердин жоктугу. Жада калса даараткананын жоктугу😣. Эми канткенде парктын айлана-чөйрөсүн калыбына келтирсе болот? Паркка жаңы дем берүүнүн жолдорун бул команда комиксте чагылдырган.

🛡️ Нарын
Нарын командасы улуулар көйгөйлөрдү талкууга алып же кандайдыр бир маанилүү чечимдерди кабыл алууда жаштардын катышуусу керек деген ойдо. Чын эле жаштардын ойлору көп учурда эске алынбай калат😔. Эми бул маселени кантип чечсе болорун комиксте көрсөтүштү.

🛡️ Кош-Дөбө
Кош-Дөбө жаштары эс алуу убактыларын үй-бүлө, достору же жакындары менен сейилдөө паркында өткөзгүлөрү келчү🌲🌺. Бирок айылда сейилдөө паркы жок болгондугуна байланыштуу көбүнчө үй-оокаты менен гана алек болушат. Негизи эле айыл жергесинде парк адаттай көрүнүш эмес. Ар кандай сорттогу дарактарды🌵🌳🌴 кантип тапса болот? Парк кандай шартта курулат? Ал жерде кандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратса болот? Бул маселени кантип чечебиз? Команда өз идеяларын комиксте чагылдырды.

🛡️ Кочкор
Кочкор жаштары жергиликтүү бийлик менен болгон байланышты кантип жакшыртса болот деген суроонун үстүндө чогулушкан 🤝. Негизги көйгөйлөр баарына эле белгилүү, бирок аларды чечүү бийлик менен тургундардын өз ара мамилесинен көз каранды. Баары аракет кылышса, маселелер тезирээк чечилишине ишенишет. Калк менен бийликтин ортосундагы диалогду кантип бекемдесе болот? Көйгөйдү байкаган адам жергиликтүү бийликке оңой эле кайрыла алабы? Кайрылуунун жолдору канткенде жакшырат? Бул команда кийинки эки жуманын ичинде өз идеялары менен бөлүшөт.


Дисклеймер:
СуперМейкатонду Демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында USAID Kyrgyz Republic жана MSDSPKG колдоосу менен IDEA Central Asia өткөрдү.