Көк-Жаңгак (вебкомикс)


Көк-Жаңгак жаштары бош убактыларын сейилдөө паркында достору же үй-бүлөсү менен көңүл ачып өткөзгүлөрү келишет🌲☘️. Бирок команданы капалантып жүргөн маселе – ошол жердеги парктын начар абалы: таштандыга толгондугу, жол чырактын сыныктары, кызыктуу нерселердин жоктугу. Жада калса даараткананын жоктугу😣. Эми канткенде парктын айлана-чөйрөсүн калыбына келтирсе болот? Балдар өз идеяларын бул комиксте чагылдырышты.









📍Эгерде бул командага колдоо көрсөткүңүз келсе, Элсом тиркемесинин ичиндеги кайрымдуулук бөлүгүнө кирип, "IDEA Сentral Asia" дегенди басуу керек. Андан соң өздүк эсебине команданын атын "Көк-Жаңгак" деп жазып, сала турчу акчаңыздын 💲суммасын көрсөтүп которуңуз. Акча которуу Элсом тиркемеси менен гана ишке ашырылат. Чогулган каражат бул команданын идеясынын орундалышына жумшалат.
СуперМейкатонду Демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында USAID Kyrgyz Republic жана MSDSPKG колдоосу менен IDEA Central Asia өткөрүп жатат.