Теңчилик үчүн Коалиция: биз орусиялык пропагандага каршыбыз

Редакция IDEA
Редакция IDEA
Теңчилик үчүн Коалиция: биз орусиялык пропагандага каршыбыз
warning
Кайрылуу:
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С. Н.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биз, Кыргызстандын 36 коомдук уюмдарын жана эксперттерин бириктирген Теңчилик үчүн Коалиция, эл аралык кырдаалдын курчушунун фонунда жарандарга маалыматка объективдүү жана тең салмактуу жетүүнү камсыз кылуу үчүн өлкөбүздүн бийлигине кайрылабыз.
Теңчилик үчүн Коалициясы биздин коом Орусиянын маалымат мейкиндигинен бир жактуу гана маалымат алып жатканына, ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары окуя болгон жерде өз кабарчыларынын жоктугуна байланыштуу кыргыз элине маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугуна кабатыр.
Биздин провайдерлердин санарип пакетине кирген орус каналдарынан келген жаңылыктар жергиликтүү аудиториянын муктаждыктарын канааттандырбай жатат.
Интернеттеги жана медиадагы маалымат согушунан, фейк маалыматтардын көптүгүнөн жана ошондой эле Кыргызстандын калкынын бүгүнкү болуп жаткан окуялар туурасында түшүнбөстүгүнөн коомчулукта терс кесепеттерди алып келе турган пикир келишпестиктер жаралууда. 
Ушуга байланыштуу ачык-айкын жана чын маалыматтардын элге жеткиликтүү болуусун камсыздоо үчүн Кыргыз бийлиги туура чечимдерди кабыл алуусу зарыл деп эсептейбиз.
Теңчилик үчүн Коалициясы орусиялык маалыматтык берүүлөрдү мамлекеттик жана расмий тилдеги жергиликтүү маалыматтык телеканалдарга алмаштыруу аркылуу санариптик пакеттердеги Орусия мамлекеттик маалыматтык телеканалдардын көрсөтүүлөрүн жөнгө салууга чакырат.
Андан сырткары, биз КТРКнын журналисттерин учурдагы эл аралык кырдаалдар жөнүндө маалыматты кененирээк берүүгө чакырабыз.
Теңчилик үчүн Коалициясынын координатору Айзат Русланова (aizat.ruslanova@gmail.com).
Теңчилик үчүн Коалиция жөнүндө: Кыргыз Республикасындагы бир катар уюмдардын расмий эмес уюму 2013-жылы, адам укуктарына тийиштүү маселелерде аракеттешүү жана дискриминация менен ксенофобиянын бардык түрүнө каршы күрөшүү, дискриминацияга каршы мыйзамды иштеп чыгуу жана имплементациялоо, Кыргызстанда тең укуктуу, адилеттүү жана толеранттуу коомду түзүү үчүн түзүлгөн.
Коалициянын түзүмүнө азчылыктын, калктын аялуу топторунун укуктарын коргоо, юридикалык жардам берүү, көп түрдүүлүктү колдоо, медиадагы жана  публикалык дискурстагы дискриминацияга жана душмандашуу тилине изилдөө жана мониторинг, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, адвокациялык кампанияларды өткөрүү менен алектенген 36 уюм кирет.