Ноокат жана Ат-Башынын жаш ишкерлери өз аймактарынын туристтик потенциалын өнүктүрүүдө

Малика Мукамбеткалиева
Малика Мукамбеткалиева
2024-жылдын апрель айынын аягында, Дата-Инкубатор долбоорунун алкагында, Кыргызстан аймактарынын экономикалык потенциалын туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аркылуу өнүктүрүүгө багытталган эки буткемп өттү.
Туристтик сектор экономикалык өсүштүн күчтүү кыймылдаткычы болуп саналат, айрыкча алыскы аймактарда. Туризм жаңы жумуш орундарын түзөт, жергиликтүү бизнести өнүктүрөт жана инфраструктураны жакшыртат.
Буткемптер Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлдү. Бул аймактардан келген жаш ишкерлер жана активдүү жаштар үч күн бою өз мекендеринде туризмди өнүктүрүү боюнча бизнес-идеялары менен иштешти.
Биздин катышуучулар менен таанышып, алардын аймактардагы көйгөйлөр жөнүндө ой-пикирлерин жана аларды чечүү боюнча шыктандыруучу идеяларын карап көрөлү!
Бекболот Ат-Башыдан: Менин атым Бекболот, Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынан болом. Менин бизнес-долбоорум «Бийик Шар Лагерь» - бардык шарттары бар, Кайыңды капчыгайында жайгашкан, Борбордук Азиядагы эң бийик 400 метрлик Шар шаркыратмасынын жанындагы жайлоодо жайгашкан юрта лагери.
Биздин аймакта көпчүлүк мал чарбачылыгына көз каранды болуп, салттуу көндүмдөр жана чеберчилик акырындык менен унутулуп баратат. Туризмдин жардамы менен биз мурасыбызды жана тарыхыбызды сактап калаарыбызга ишенем.
Туризмдин өнүгүшү ошондой эле аймактын инфраструктурасын жана экономикасын жакшыртууга жардам берет.
Акбермет Ноокаттан: Менин атым Акбермет, мен Ноокат районунан болом жана физика мугалими болуп иштейм. Туризмде тажрыйбам жок болсо да, үйүмдө көп учурда чет элдик волонтерлорду тосуп алам. Менин бизнес-идеям – туристтерди районубуздагы дары булактар менен тааныштыруу, алардын баалуулугун сактап, суу жоготууларын чечүү.
Буткемпке катышуу менин туризмге болгон кызыгуумду арттырды, эми өз окуучуларым үчүн бизнес-план түзүү боюнча (өзгөчө туризм чөйрөсүндө) сабактарды билим берүү программасына киргиздим.
Айсулуу Ат-Башыдан: Менин атым Маматбаева Айсулуу, мен Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы «Умут» бала бакчасынын башчысы болом. Биз эки жылдан бери чакан юрта лагерди иштетип келебиз, негизинен ички туристтерди кабыл алабыз. Алар кымыздан, сүттөн жана эс алуудан ырахат алуу үчүн үй-бүлөсү менен келишет.
Коноктор биздин жайлоонун сулуулугуна, суунун тазалыгына жана кымыз жасоо процесстерине суктанып, көп учурда өздөрү да аракет кылгысы келет.
Мен улуттук тамактарды даярдоо боюнча мастер-класстарды өткөрөм. Коноктордун кызыгуусун эске алып, биздин маданий мурасыбызды сактоо жана жайылтуу үчүн юрталардын биринде музей ачуу боюнча бизнес-долбоор түздүм.
Асамидин Ноокаттан: Салам! Менин атым Асамидин, 24 жаштамын, туризмди изилдеп, ишкерлик менен алектенем. Ош шаарындагы «Оймо» арт-студиясынын негиздөөчүсү жана OshTrips компаниясында гид болуп иштейм. Менин бизнес-идеям – экологиялык жактан таза товарларды жана колго жасалган буюмдарды онлайн жана оффлайн сатуучу экологиялык дүкөн ачуу.
Бул долбоор биздин өнүмдөрдү илгерилетүү үчүн платформа болуп, кол өнөрчүлөргө өз буюмдарын сатууга жардам берет.
Айтунук Ат-Башыдан: Саламатсыздарбы, менин атым Бейшекова Айтунук, 28 жаштамын. Учурда биз Кель-Суу көлүнүн жанында юрта лагерди иштетип, жакында дагы бир чакан мейманкана ачтык. Биз үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп келебиз. Менин бизнес-идеям – биздин мейманканага кофе машинасын орнотуу, анткени акыркы эки жылда коноктор жаңы кофе менен ырахаттануу мүмкүнчүлүгүн каалаарын көп айтышты. Бул биздин инфраструктураны жакшыртып, кошумча киреше алып келет.
Тынчтыкбек Ноокаттан: Менин атым Тынчтыкбек, Ош билим берүү институтунун информатика кафедрасынын башчысы болом. Туризм боюнча көп тажрыйбам жок болсо да, анын өнүгүшүнө, айрыкча ички туризмге абдан кызыгам. Бош убактымда тарыхый жана маданий жерлерди кыдырып, кээде чет элдик туристтер үчүн гид болуп иштейм.
Интернетте кыргыз жана англис тилдеринде сапаттуу контент жок, туристтер Кыргызстандынын алыскы аймактары тууралуу билишпейт.
Менин бизнес-идеям – Ош облусунун, айрыкча Ноокат районунун туристтик багыттарын илгерилетүү үчүн сапаттуу контент түзүүчү «Тынч Тур» онлайн сервисин түзүү. Биз кыргыз жана англис тилдеринде маалыматтын жетишсиздиги маселесин чечүүгө, ошондой эле туристтик жерлердин сапаттуу сүрөттөрүн берүүгө аракет кылабыз. Офлайн гид кызматтары зарылчылыгына жараша жеткиликтүү болот.
Алтынай Ат-Башыдан: Салам! Мен Алтынай, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну жана англис тили мугалимимин. Туризмде алгачкы кадамдарымды жасап жатам. Менин бизнес-идеям – окуучулар үчүн жайкы лагерь уюштуруу. Бизде кемпинг үчүн ылайыктуу жер тилкеси бар, жана менин идеям бир нече маселелерди чече алат деп ойлойм: 
  • 1Нарын облусунда балдар лагеринин жоктугу. 
  • 2Англис тилин үйрөнүүгө болгон чоң суроо-талап. 
  • 3Кыргыздын салттарын жана маданиятын жайылтуу, балдарга телефон жана интернетсиз убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
Улан Ноокаттан: Менин атым Улан, мен Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынан болом, 30 жаштамын. Учурда Ноокат шаарынын мэриясында жаштар, спорт жана маданият боюнча башкы адис болуп иштейм. Менин бизнес-идеям Кара-Кой коругунда аба шарларында учууну камсыз кылуу болгон.
Ноокатта чакан Каппадокия түзгүм келет.
Максат – жергиликтүү тургундардын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу, туристтик аймакты кеңейтүү жана биздин кооз жерлерге көңүл буруу. Буткемпке катышуу мындан аркы аракеттерге түрткү болду. Эми мен алынган билим жана колдоо менен шыктанып, бул идеяны ишке ашыруу үстүндө активдүү иштеп жатам.
Бул жаш ишкерлер инновациялык идеялар жана түгөнгүс энергиясы менен туризмди өнүктүрүү жана өз аймактарынын экономикалык абалын жакшыртууга мүмкүн экенин көрсөтүп жатышат. Алар чакан демилгелердин да олуттуу таасири болушу мүмкүн экенин, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жана маданий мурасты сактоого салым кошо аларын үлгү кылып көрсөтүп жатышат.
Бул долбоор эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында айтылган көз караштар сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.