Кош-Дөбө (вебкомикс)

Редакция IDEA

Кош-Дөбө жаштары эс алуу убактыларын үй-бүлө, достору же жакындары менен сейилдөө паркында өткөзгүлөрү келет🌲🌺. Бирок айылда сейилдөө паркы жок болгондугуна байланыштуу көбүнчө үй-оокаты менен гана алек болушат. Негизи эле айыл жергесинде парк адаттай көрүнүш эмес. Бирок, көлөкөлүү ар кандай түрдөгү дарактар өскөн парк болсо, тышка чыгып сейилдөөгө мүмкүнчүлүктөр болмок.
Ар кандай сорттогу дарактарды🌵🌳🌴 кантип тапса болот? Парк кандай шартта курулат? Ал жерде кандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратса болот? Команда өз идеяларын бул комиксте чагылдырды.
Ар кандай сорттогу дарактарды🌵🌳🌴 кантип тапса болот? Парк кандай шартта курулат? Ал жерде кандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратса болот? Команда өз идеяларын бул комиксте чагылдырды.









📍Эгерде бул командага колдоо көрсөткүңүз келсе, Элсом тиркемесинин ичиндеги кайрымдуулук бөлүгүнө кирип, "IDEA Сentral Asia" дегенди басуу керек. Андан соң өздүк эсебине команданын атын "Кош-Дөбө" деп жазып, сала турчу акчаңыздын 💲суммасын көрсөтүп которуңуз. Акча которуу Элсом тиркемеси менен гана ишке ашырылат. Чогулган каражат бул команданын идеясынын орундалышына жумшалат.
СуперМейкатонду Демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында USAID Kyrgyz Republic жана MSDSPKG колдоосу менен IDEA Central Asia өткөрүп жатат.