Өчпө Night: Жеңилүүлөр менен жеңиштерге ачык баарлашуу кечесинде Кыргызстан жаштарын бириктирдик

Редакция IDEA

«Биз тынымсыз кыймылдабыз жана кээде токтоп, буга чейин жасаган иштерибиз жана биргелешкен ишибизди кантип өркүндөтө аларыбыз жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт болбой калат…» - Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун аткаруучу мүдүрү Айзат Русланова.
Кыргызстандагы Улуттук жаштар күнүндө биз «ӨчпөNight» өткөрдүк, анда ийгиликсиздиктерибизди, алардан алынган сабактар тууралуу ачык айтып, бири-бирибиздин жетишкендиктерибизге, жеңиштерге кубандык. Биздин платформа өлкө боюнча жаштар менен иштеген уюмдарды, активисттерди жана лидерлерди бириктирди 💛











