Бишкекте өтө турган Alternativa Film Screenings көрсөтүүлөрүндө кыргыз жана эл аралык кинотасмалар коюлат.

Редакция IDEA
Редакция IDEA
Alternativa Film Screenings — 2023-жылкы Alternativa Film Awards сыйлыгынын номинанттарынан жана жеңүүчүлөрүнөн тандалган тасмалардын ачык жана акысыз көрсөтүлүшү. Alternativa Film Screeningsтин экинчи сериясы Алматыдагы көрсөтүүлөрдөн эки айдан кийин, 20-сентябрдан 25-сентябрга чейин Бишкек шаарында өтөт.
Alternativa Film Screenings көрсөтүүлөрү Ч. Айтматова атындагы Кино үйүндө өтөт (Яков Логвиненко көчөсү, 13).
Көрүүчүлөр былтыркы жылы сыйлыкка Азия аймагынан катышкан
  • «Кыз ала качуу» (Кыргызстан, Spotlight сыйлыгынын жеңүүчүсү),
  • «Бооруна cалуу» (Казакстан, Future Voice сыйлыгынын жеңүүчүсү),
  • «Жекшемби» (Өзбекстан),
  • «Баласыз айыл» (Иран),
  • «12 жума» (Филиппин),
  • «Вахан туткуну» (Кыргызстан),
  • «Сotton 100%» (Өзбекстан),
  • «Кийинкиси ким?» (Кыргызстан)
сыяктуу кинотасмаларды жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн катышкан кыска метраждуу тасмалардын программасын көрө алышат. Мындан сырткары Alternativa Film Screeningsтин алкагында былтыр Бишкекте өткөн өспүрүмдөр үчүн Alternativa Teen Lab кинолабораториясынын катышуучуларынын эмгектери, Alternativa Film Project долбоорунун демилгечиси болгон inDrive компаниясынын тарыхы тууралуу Inner Drive документалдуу тасмасы көрсөтүлөт.
Alternativa Film Screenings көрүүчүлөрдүн жандуу катышуусуна мүмкүнчүлүк берген импакт-көрсөтүү форматында уюштурулган. Ар бир көрсөтүүнүн аягында кинотасмада берилген коомдук мааниге ээ темалар адистер менен бирге талкууланат. Ошол эле учурда көрүүчүлөр адистер менен теңата талкууларга катышып, өз ой-пикирлерин жана тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Көрсөтүүлөрдүн максаттуу аудиториясы – журналисттер, блогерлер, активисттер, чиновниктер, бизнесмендер, маданий жана чыгармачыл жамааттардын өкүлдөрү, жаштар жана студенттер, башкача айтканда, коомдук өзгөрүүлөрдүн өкүлдөрү боло ала турган адамдар.
Кинотасмалардын талкууларында журналисттер, активисттер, изилдөөчүлөр жана ар түрдүү тармактардын адистери эксперт жана модератор катары чыгышат. Алардын арасында Кыргызстандын маданиятын жана мурасын жайылтуу боюнча активист Эрик Абдыкалыков, ишкер, Ололо компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү жана бизнес-дирижеру Данияр Аманалиев, мамлекеттик жана саясий ишмер Медер Алиев, журналист Назира Айтбекова, креативдүү ишкер Толкун Дайырбекова (“Карек” балдар киносу фонду), ишкер жана “Жаратман” подкастынын алып баруучусу Урмат Насыкулов, укук коргоочу Айбек Аскарбеков, экоактивист жана медиаменеджер Исмаил Карыпов ж.б.
Лиза Сурганова, Alternativa Film Projectтин башчысы
«Өткөн жылы биз биринчи жолу сыйлыгыбызды тапшырганыбызда Борбордук Азиянын коомчулугунда өз кинотасмаларына абдан кызыгарына күбө болдук. Эми аларды көрүүчүлөрдүн назарына сунууга убакыт келип жетти. Биздин көрсөтүүлөр бишкектик көрүүчүлөрдү ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаңы ысымдар менен тааныштырып гана чектелбестен, алар тарткан кинотасмаларда камтылган жана ал кинотасмаларда чагылдырылган резонанстуу темалардын үстүнөн талкууларды жаратат деп үмүттөнөбүз. Биздин миссиябыз — дүйнөнү кино аркылуу өзгөртүү. Alternativa Film Screenings коомдо активдүү талкууларды жаратып, адамдарды ар кандай социалдык маселелерге жаңыча көз караш менен кароого шыктандырат деп ишенебиз».
Бишкекте өтүүчү Alternativa Film Screenings көрсөтүүлөрдүн өнөктөштөрү Борбордук Азия IDEA.
Alternativa Film Screenings көрсөтүүлөрүнө кирүү акысыз. Кирүү үчүн https://alternativa.film/film-screenings-kg.html#schedule сайтына катталуу керек.
Кинотасмалардын кыскача сүрөттөлүшү, талкуулар жана көрсөтүүлөрдүн жадыбалы долбоордун сайтында жарыяланган.