«Айымдар жашоомдо баардыгы «жакшы», «сонун» деп калп айтышат» - Жигдегүлдүн окуясы

Редакция IDEA

Жигдегул Рысбек кызы «Медиакыздар академиясы» долбоорунун Баткен облусундагы катышуучусу. Кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими. Азыркы учурда декреттик өргүүдө.
Жигдегүл долбоордун акивдүү катышуучуларынын катарын толуктайт. Ал бир жыл ичинде өзү жана айланасындагы аялдар, кыздар үчүн чоң өзгөрүүлөрдү жасай алды. Тагыраак айтканда Баткен шаарында алгачкылардан болуп зордук-зомбулукка кабылган аялдар үчүн кризистик борбор ачууга жетишти. Анда үй-бүлөлүк, коомдук зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга ар тараптуу жардам берип келет. Ондогон аялдарга психолог, юристтен акысыз кеңеш алууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ошондой эле, ишкерлер менен жолугушуп, айрым үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүштү. Дагы башка аялдарды жумушка орношууга көмөк көрсөттү.
Жигдегүл долбоорго катышып, журналистика боюнча билим алып, өзүнүн өжөрлүгүн, аракетчилдигин көрсөтө алды. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жана мамлкеттик кызматтарда иштеген, ишкердик менен алектенген ар тараптуу ийгиликтүү айымдар менен маек куруп, алар жөнүндө кызыктуу материалдарды социалдык тармакка жарыялап келет.
Жигдегүлдүн ийгили өзүнүн айтуусунда төмөндөгүдөй:
«Дайыма жумушка барган сайын окуучуларымды маанайы жок отурганын көп көрчүмүн. Кийин ойлонуп көрсөм баардык нерсе үй-бүлөдөн башталат экен. Үйдөгү зордук-зомбулук, уруш, түшүнбөстүктү көргөн бала өзгөрүп калат экен. Мындан улам мен кризистик борбор ачууну максат кылдым. Балдардын апалары менен маек курганда, жолдошум экөөбүз эки жолго түшүп жатабыз деген жооп укчумун. Көпчүлүгү өз укугун билбей жашоодон көңүлү калган айымдар эле. Ошондо ойлодум бул коомдо аялдарды ким колдойт? Коомдо эмнегедир баардык нерсе аялга жүктөлөт. Тиричилик, балдар, үй иши...»
Менин кыялым кризистик борбор ачуу. Ал жерде мыкты психолог, юрист, медициналык кызматкер иштеп, биргеликте айымдарга кеңеш берип, түшүнүп, колдоп жана иш орун менен камсыздасак деп ниет кылдым. Учурда аялдарга колдоо көрсөтүү үчүн, алардын бактылуу болушуна көмөк көрсөтүү үчүн бардык күчүмдү жумшап жатам.

Мен долбоорго келгенге чейин ал кыял мага жетпеген ай сыяктуу болчу. «Кантип ачамын? Кимден кеңеш суураймын?» деген суроолор жаралчу. Дечүмүн. Долбоор мага чоң таасир берди. Республика боюнча медиакыздардын Бишкектеги сапарында кызыктуу күндөр болду. Андан менен көп мотивация алдым. Кыздардын бири-бирин колдогонун көрүп дем-күч алдым. Өзгөчө, акылдуу, билимдүү, креативдүү кыздар менен тааныштым. Достоштум. Алардан үйрөндүм. Билим алдым. Күчтүү болдум.
Мына ушул сапардан кийин кризистик борбор ачуу кыялыма ишеним пайда болду. Эми чындап кыялымды орундатууга жумушумду баштадым. Баткен шаарында официалдуу болбосо да кризистик борбор ачтым. Мага 10дон ашуун аялдар кайрылды. Арасында жашы жете эле кыздар да бар. Мага байланышкан каармандарымдын баарынын окуясы өтө окүнүчтүү. Айрымдары менен чогуу ыйлаган күндөр болду. Колумдан келишинче ар тараптуу жардам бергенге аракет кылдым. Анткени алар мага толугу менен ишенич артканын байкадым.
Айрымдары ата - энесине айтпаган сырлары менен бөлүшөт.
Кайрылган айымдарын көпчүлүгү психологдун жардамына муктаж.
Айымдар жашоомдо баардыгы «жакшы», «сонун» деп калп айтышат. Бирок алар жөн эле балдар үчүн жашадым, чыдадым деген айымдар. Менин кыялым ар бир аял өзүнүн укугун жакшы түшүнүп, өзүн коргосо экен. Эч бир аял кордолбосун.