Подкасты

Чтобы быть еще ближе к вам, мы теперь есть и в аудиоформате! Слушайте наши подкасты на самые разные темы.

Выпуск №1: Жылдызай Турдубекова

Video Thumbnail
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар туралуу укканда, булар кандай кызматтар? Айырмасы эмнеде?» - деген түшүнүксүз ойлор келип чыгат.
Дал ушуларга жооп катары, сиздер менен биз, «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкастардан маалымат алабыз.
Бул ирет биздин коногубуз, юрист Жылдызай Турдубекова менен маекке көңүлүңүздөрдү бурууну сунуштайбыз.

Выпуск №2: Эльвира Тилек кызы

Video Thumbnail
Бул чыралышта укук коргоочу Тилек кызы Эльвира, жумушка орношууда сиздин кандай укуктарыңыз, милдеттериңиз жана эмгек келишими жөнүндө маалымат берет. Андыктан, биз менен бирге болуп, «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкасты угууга чакырабыз.

Выпуск №3: Искендер Эратов (бөлүк 1)

Video Thumbnail
Коомчулуктагы мыйзам бузуулар жана жаман жүрүм-турумдар кандай таасирин берээри туралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
Ушул чыгарылышта юрист, Эратов Искендер сиздерге «Кылмыштуулук жана мыйзам бузуу» деген темада подкаст аркылуу кеңири мисалдар менен суроолорго жооп берет.

Выпуск №4: Искендер Эратов (бөлүк 2)

Video Thumbnail
Бүгүнкү подкастын маегинде юрист Эратов Искендер жеке менчик, анын түрлөрү, формалары жана мүлк жөнүндө айтып берет.
«Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкасты угууну сунуштайбыз.

Выпуск №5: Исмаил Карыпов (бөлүк 1)

Video Thumbnail
Күн сайын биз социалдык тармактарда ар кандай туура же фейк маалыматтарга дуушар болобуз. Ошол эле учурда алар канчалык деңгээлде чындыкка дал келээрине маани бербейт экенбиз. Кабыл алынган маалыматтарды, сүрөттөрдү текшерүү сырлары менен блогер, SMM адис Исмаил Карыпов кеңири маалымат берет.
Андыктан, «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкастты көрүп, медиасабаттуу болууга чакырабыз.

Выпуск №6: Исмаил Карыпов (бөлүк 2)

Video Thumbnail
А сиз билесизби, биз жөнөкөй күнүмдүк көндүмдөр аркылуу айлана-чөйрөбүздүн булганышына терс таасирибизди калтырабыз. Анткени, көпчүлүк учурда ага маани бербейбиз. Азыркы учурдагы глобалдуу көйгөйлөрдүн бири – экология маселеси эмеспи.
Дал ушул подкастыбызда айлана-чөйрөнүн тазалыгына салым кошуп келе жаткан, жаш активист, экоблогер Исмаил Карыпов канткенде биз жаратылышты сактоого өз салымыбызды кошо ала тургандыгыбыз жөнүндө айтып бермекчи.

Выпуск №7: Эркингул Шаршенбекова (бөлүк 1)

Video Thumbnail
Адам укугу деген эмне? Кайсыл учурда укуктар пайда болот жана кантип чектелет? Милдеттердин жана укуктардын кандай байланышы бар?
Жогоруда белгиленген жана башка кызыктуу керектуу суроолорго Эркингул Шаршенбекова биздин 7 Билип All подкастта жооп берет.

Выпуск №8: Эркингул Шаршенбекова (бөлүк 2)

Video Thumbnail
Психология жана укук тарабынан «үй-бүлө» деген эмне? үй-бүлө куруу учун мыйзам эмнени талап кылат? Жубайлардын ортосундагы мамилени кантип куруш керек? Балдардын үй-бүлөдөгү орду жана укуктары жөнүндө биздин 8 Билип All подскастыбызда Эркингул Шаршенбекова айтып берет.
Үч чекит. Көрүп, билип, такта! долбоорунун Double_бас podcast.