Подкасты
Чтобы быть еще ближе к вам, мы теперь есть и в аудиоформате! Слушайте наши подкасты на самые разные темы.
Серия подкастов «Билип All» о гражданском образовании на кыргызском языке:

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар туралуу укканда, булар кандай кызматтар? Айырмасы эмнеде?» - деген түшүнүксүз ойлор келип чыгат.
Дал ушуларга жооп катары, сиздер менен биз, «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкастардан маалымат алабыз.
Бул ирет биздин коногубуз, юрист Жылдызай Турдубекова менен маекке көңүлүңүздөрдү бурууну сунуштайбыз.

Бул чыралышта укук коргоочу Тилек кызы Эльвира, жумушка орношууда сиздин кандай укуктарыңыз, милдеттериңиз жана эмгек келишими жөнүндө маалымат берет. Андыктан, биз менен бирге болуп, «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкасты угууга чакырабыз.

Коомчулуктагы мыйзам бузуулар жана жаман жүрүм-турумдар кандай таасирин берээри туралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
Ушул чыгарылышта юрист, Эратов Искендер сиздерге «Кылмыштуулук жана мыйзам бузуу» деген темада подкаст аркылуу кеңири мисалдар менен суроолорго жооп берет.

Бүгүнкү подкастын маегинде юрист Эратов Искендер жеке менчик, анын түрлөрү, формалары жана мүлк жөнүндө айтып берет.
«Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкасты угууну сунуштайбыз.

Күн сайын биз социалдык тармактарда ар кандай туура же фейк маалыматтарга дуушар болобуз. Ошол эле учурда алар канчалык деңгээлде чындыкка дал келээрине маани бербейт экенбиз. Кабыл алынган маалыматтарды, сүрөттөрдү текшерүү сырлары менен блогер, SMM адис Исмаил Карыпов кеңири маалымат берет.
Андыктан, «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында даярдалган подкастты көрүп, медиасабаттуу болууга чакырабыз.

А сиз билесизби, биз жөнөкөй күнүмдүк көндүмдөр аркылуу айлана-чөйрөбүздүн булганышына терс таасирибизди калтырабыз. Анткени, көпчүлүк учурда ага маани бербейбиз. Азыркы учурдагы глобалдуу көйгөйлөрдүн бири – экология маселеси эмеспи.
Дал ушул подкастыбызда айлана-чөйрөнүн тазалыгына салым кошуп келе жаткан, жаш активист, экоблогер Исмаил Карыпов канткенде биз жаратылышты сактоого өз салымыбызды кошо ала тургандыгыбыз жөнүндө айтып бермекчи.

Адам укугу деген эмне? Кайсыл учурда укуктар пайда болот жана кантип чектелет? Милдеттердин жана укуктардын кандай байланышы бар?
Жогоруда белгиленген жана башка кызыктуу керектуу суроолорго Эркингул Шаршенбекова биздин 7 Билип All подкастта жооп берет.

Психология жана укук тарабынан «үй-бүлө» деген эмне? үй-бүлө куруу учун мыйзам эмнени талап кылат? Жубайлардын ортосундагы мамилени кантип куруш керек? Балдардын үй-бүлөдөгү орду жана укуктары жөнүндө биздин 8 Билип All подскастыбызда Эркингул Шаршенбекова айтып берет.
Үч чекит. Көрүп, билип, такта! долбоорунун Double_бас podcast.

«Фактчек менин хоббим болчу. Иштен сырткары өзүм кызыгып, фейктерди, жалган маалыматтарды ачыкка чыгарып жүрчүмүн. 2017-жылы «Kyrgyz Fake» деп өзүнчө баракча ачкам. Бирок анда мен «фактчек» деген сөздү билбейт деле болчумун».
Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун бул тармактагы жеке тажрыйбасы, фейктерди ачыкка чыгаруу жана медиасабаттулук жөнүндө маегибизди "Double_бас" (Добулбас) подкастыбыздын алгачкы чыгарылышында угуңуз.

«Керегем, сага айтам, келиним, сен ук» деген сөз бар эмеспи. Биз, кыргыздар сөздү түз айтпайбыз да, айткыбыз келген бир нерсени башка бирөөнүн жашоосун талкуулап жатып билдиребиз».
Журналист, «Эже-сиңдилер» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Алия Суранова менен ушактар тууралуу көңүлдүү маегибизди тыңдаңыз.

«Либералдык экономикада жашап жаткан учурубузда, албетте, дүйнөдөгү эң негизги баалуулуктардын бири – бул критикалык ой жүгүртүү».
Сынчыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүүдө дебаттын ролу кандай? Критикалык ой жүгүрткөн адам кандай сапаттарга ээ болот? Чектелген убакыт ичинде ага үйрөнүүгө болобу? Бул жана башка суроолордун айланасында мыкты алып баруучу Эркин Рыскулбеков менен болгон кызыктуу маегибизди тыңдаңыз.

«Бир нерсени айтаардан мурда, аябай жакшы ойлонуп, анан маалыматты бериш керек. «Тилде сөөк жок» деп коет эмеспи. Информация – бул вирус. Өзгөчө азыр интернеттин жардамы менен маалымат тез жайылып жаткан кезде, маалымат өтө чоң күчкө ээ».
Актер, юморист, алып баруучу Актан Рыскелдиев менен маекти тыңдап, оюңуз менен комментарийде бөлүшүңүз.

«Жетиген» деген лакап ат эмнени билдирет? Адамдын өз кыялына жетүүсү анын чөйрөсүнөн көз карандыбы? «Эл эмне дейт?»
Бул жана башка суроолордун үстүндө рэп аткаруучу Жетиген менен маегибизди тыңдаңыз.

«Бир-эки жолу мага жарнама катары чыгарууга туура эмес маалымат берилип калган экен. Аябай ызы-чуу деле болгон жок, бирок мен аябай жоопкерчиликти сезип калдым. Ошондон кийин кандай маалымат болбосун: кайрымдуулукпу, жарнамабы, кызматпы – баарын текшерүүгө аракет кылам».
Вайнер, актер жана сценарист Эрмек Таалайбековдун соцтармактагы жашоосу, кызыктуу окуялары жөнүндө подкастты тыңдаңыз.

«Акылдуу сөздөрдү кээде адамдар уккусу да келбейт. Ошондуктан инстаграмдан чыгууга туура келет. Жок дегенде ошол жердеги 5 мүнөттү колдонуп, адамдарга жакшы, керектүү нерселерди айтуу – бул абдан маанилүү».
Инфодемия, кайрымдуулук, сабаттуулук жөнүндө Нурзат Токтосунова менен маек

Шайлоонун болушуна шайлоочулардын канча пайызы катышканы жетиштүү? Кандидаттар тарабынан кандай маалыматтык манипуляциялар жүргүзүлүшү мүмкүн? Коомубуз саясатташып кеткен деген сөздөр чындыкка туура келеби? Депутаттык мандаттар кандайча бөлүнөт?
Бул жана башка суроолорду ушул чыгарылышта талкуулайбыз.