.үч.чекит..үч.чекит.

Ата-энелер ишенген жогорку билим жөнүндөгү 6 миф

үч чекит редакциясы
141
 Ата-энелер ишенген жогорку билим жөнүндөгү 6 миф

Ата-эне баласына ар дайым жакшылык гана каалайт. Анын жашоосун жеңилдетүү үчүн өз аракеттерин кылат, акыл-кеңешин айтат. Ал эми бала үчүн ата-эненин сөзүн алуу – аларды сыйлагандыкка жатат. Ошондуктан көп учурда алардын пикири менен макул болот. Айрыкча болочок кесибин тандоодо. Мына ушул жерде көбүнчө ата-энелердин окуу жөнүндөгү калыптанып калган туура эмес түшүнүктөрү баланын келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 

1. БАКАЛАВРИАТ – ТОЛУК ЭМЕС ЖОГОРКУ БИЛИМ

Улуу муундагы адамдардын ою боюнча жогорку окуу жайында сапаттуу билим алуу кеминде беш жылга созулушу керек. Бул албетте бакалавр даражасына карата скептицизм, чындыгында бул толук кандуу жогорку билим. Демек, бакалавр даражасына ээ болгон адам – жогорку билимдүү адам.

Эгер сизге же сиздин үй-бүлөңүзгө төрт жыл жетишсиз сезилсе, анда кийинки баскычта – магистратурада окууну уланта аласыз. Мындан тышкары, Кыргызстанда беш-алты жылдык үзгүлтүксүз окуган адистердин программалары азайып барат. Сиздин шаардын жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) беш жылдык сиз тандаган адистиктер бар экендиги факт эмес.

2. КЕСИПТЕР ОЛУТТУУ ЖАНА ОЛУТТУУ ЭМЕС БОЛУП БӨЛҮНӨТ

Дарыгер, котормочу, юрист, мунай тармагындагы инженер «олуттуу» кесиптер болуп эсептелинет. Башкача айтканда, биздин ата-энелерибиздин оюу боюнча туруктуу жана кыйла жогорку маяна менен байланышкан кесиптер. Адатта, мындай адистиктерди тандап алуу сунушталат. Актер же интерьер дизайнери – бул башка кеп. Айрым ата-энелер, бул адистиктер жеңил ойлуу жана интеллектуалдуу эмес деп эсептешет, ал эми айрымдар уулу же кызы мындай кесипке ээ болушса, жакшы иш табалбай калат деп кооптонушат.

Чындыгында, албетте, оңой кесиптер жок: бардыгы зарыл жана маанилүү. Өз ишин жакшы көргөн жана ар дайым өзүн өстүрүп-өркүндөтүүгө даяр болгон театр институтунун бүтүрүүчүсү деле сөзсүз ийгиликке жетет. Эң негизгиси, ал кесибин сүйүп иштейт. Ал эми ата-энесинин кеңеши менен окуусун аяктаган адвокат ишин анчалык жакшы көрбөгөндүктөн, карьералык бийиктиктерге жете албашы мүмкүн. Биз көп убактыбызды жумушка кетиргендиктен, кесипти дагы сүйүп иштегендей тандашыбыз керек.

Тандаган адистигиңизге кызыгууну гана жаратып койбостон, ага толук берилгендик менен иштегенге даяр болсоңуз, бул кесипте ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүңүз артат.

3. ДИПЛОМСУЗ ЖУМУШ ТАБЫЛБАЙТ

Ар бир кесип үчүн сөзсүз эле диплом алыш шарт эмес. Мектепти аяктаган күбөлүк менен эле сатуучу, администратор же официант болуп иштесе болот. Албетте бул кыялдагыдай жумуш эмес, бирок ЖОЖдан окубастан эле кесиптик өсүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, сиз тексттерди жакшы жазууну же графикалык редактордо иштөөнү үйрөнсөңүз, фриланс биржасында чоң акча жасоого мүмкүнчүлүк аласыз.

Жогорку окуу жайына тапшырбастан туруп, бир-бир жарым жыл ичинде көптөгөн актуалдуу кесиптерди өздөштүрсөңүз болот: веб-иштеп чыгуучу, интернет-маркетолог, маалымат талдоочу жана башка санарип адистиктери, визажист, колорист, маникюр чебери. Бул, албетте, жогорку билим бааланбайт дегенди билдирбейт. Ооба, сиз дипломсуз карьера кура аласыз. Бирок бардык тармактарда боло бербейт, бул дагы татаал жол.

Эң негизгиси, ЖОЖга кирүү жана диплом алуу 30 жаштабы, 40 жаштабы, 50 жашта болобу эч качан кеч эмес. Сиз диплом алууга муктаж экениңизди түшүнгөндө, жогорку окуу жайга жол дайыма ачык.

4. КЕСИП ӨМҮРДӨ БИР ГАНА ЖОЛУ ТАНДАЛАТ

Бактыга жараша, андай эмес. Кесип тандоо олуттуу маселе, бирок ага жөнөкөй мамиле кылуу керек. Сүйүктүү адистигиңизден дагы тажап кетишиңиз мүмкүн. Өзгөчө эң жогорку бийиктиктерге жете алсаңыз, андан кийин өнүгүү болбой, кызыгууңуз токтойт.

Каалаган убакта башка окууга өтүүгө, атүгүл биринчи курстан кийин башка адистикке которулуп кетүүгө эч ким сизге тыюу салбайт. Үй-бүлөлүк же каржылык жагдайлар гана тоскоол болушу мүмкүн. Андан тышкары, келечекте кесипти 10 жылда бир өзгөртүп туруу кадимки көрүнүш болуп калышы мүмкүн. Бул жумуштан тажаган үчүн гана эмес, кээ бир кесиптер эскирип баратканы үчүн дагы. Мисалы, 2030-жылга чейин бухгалтер, провизор, прораб жана логист адистиктери зарыл эмес кесиптерге айланышы мүмкүн. Жаңы көндүмдөрдү үйрөнүү жана квалификацияны ар дайым өркүндөтүп туруу замандын талабы болуп саналат.

5. КАДИМКИ ДИПЛОМГО КАРАГАНДА КЫЗЫЛ ДИПЛОМ АРТЫКЧЫЛЫК КЫЛАТ

Кандайдыр бир мааниде, мисалы магистратурага же аспирантурага аны менен кирүү жеңилирээк, ал сыймыктанууга да себеп. Бирок кызыл диплом жумушка орношууга таасирин тийгизбейт. Жумуш берүүчүгө биринчиден сиздин билимиңиз маанилүү, андан кийин тажрыйбаңызды баалайт. Эң негизгиси – дилгирлик менен окуу жана тажрыйбаны иш жүзүндө үйрөнүү зарыл. Дипломдогу «жакшы» же «канааттандырарлык» белгилер өтө маанилүү эмес, себеби жумуш берүүчү сиздин ар бир бааңызды текшерип отурбайт.

Айрым иш берүүчүлөр мыкты окуучуларды өтө текебер жана оор кырдаалга көнбөгөн деп эсептешет. Чыгармачыл кесиптерде алар шаблондон чыкпай ой жүгүртүшөт деп ойлошот.

6. ДИПЛОМ АЛГАНДАН КИЙИН ОКУП КЕРЕГИ ЖОК

Бул мотивация берүүчү ой ата-энелердин тилинде төмөнкүнү билдирет: «Ушул бир нече жылдык лекцияларга, тесттерге жана экзамендерге чыда, андан кийин окубайсың!». Албетте алар жаңылышат. Жогорку билим сизди автоматтык түрдө эксперт кылбайт, анткени жогорку окуу жайында негизинен теориялык билим берет, окууну аяктап калган кезде ал билимдер актуалдуулугун жоготуп, бир аз эскириши да мүмкүн.

Замандын талабына жооп берген адис болуш үчүн, сиз тынымсыз өнүгүүгө даяр болушуңуз керек. Демек билимди жогорулатуучу курстардан өтүп, кесибиңиз боюнча учурдагы изилдөөлөрдү окуп, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүшүңүз керек. Бул тез өзгөрүп жаткан заманда өзүңүздүн адистикти сактап калуунун жана жыл сайын ЖОЖды бүтүрүп жаткан жаңы адистер менен атаандашуунун бирден-бир жолу. Албетте окууну аяктагандан кийин дароо окуу милдет эмес. Бирок өзүңдү өнүктүрүп туруу – биринчиден, кызыктуу. Экинчиден, кесибиңизге байланыштуу жаңы технологиялардагы өзгөрүүлөрдү билип туруу сизди ишенимдүү кылат.

Көрүңүз. Билиңиз. Ойлонуңуз.

Булагы: Лайфхакер