.үч.чекит..үч.чекит.

Жашыруун аракет теориясын жолуктурдуңузбу?

үч чекит редакциясы
608
Жашыруун аракет теориясын жолуктурдуңузбу?

Канчалык таң калычтуу болгон менен иликтөөчү журналисттер менен жашыруун аракет теориясынын жолун жолдоочулардын ортосунда жалпылык бар. Экөөнүн тең алган маалыматтары жетишсиз болгондуктан, алар суроолоруна жооп издешет. 

 🚀Тездик

Кээ бир жагдайлар аргасыздан жашыруун аракет жөнүндө ойлорго алып келет. COVID-19 менен 2020-жылдын башында ушундай болгон. Журналисттер вирус жөнүндө маалымат качан жана кайда пайда болгонун билүүгө аракет кылып, дүйнө жүзүнө вирус жөнүндө тезирээк кабарлоого болот беле жана бул пандемиянын масштабына кандай таасир этерин билүүгө аракет кылып жатышкан. Ал учурда теориячылар аз гана күндүн ичинде вирустун келип чыгышы, анын жасалма жаралышы жана кутумчулардын ниети жөнүндө жүздөгөн теорияларды жаратып, жайылтканга жетишишти.  

 ✂️Бир маанилүүлүк

Жашыруун аракет теорияларынын баяндоолору тез эле түзүлүп, тез эле «ордун табат» жана иш жүзүндө дээрлик өзгөрбөйт. Ал эми тергөөнүн жүрүшү далилдерге, кошумча деталдарга жана дароо эле табыла койбогон күбөлөргө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Тергөө гипотезасы тергөө аягына чыкмайынча эч кандай жооп бербейт, ачыкталбайт.

🕵🏻‍♂️Далилдер базасы

Фотографиялар – жашыруун аракет теорияларындагы эң көп кездешкен далилдердин бири. Дал ушундай «визуалдык аргументтердин» эсебинен көптөгөн адамдар башка планеталыктардын келишине же деңиз желмогуздарынын бар экендигине ишенишет.

Кийинчерээк кээ бир авторлор ал сүрөттөрдүн тамаша же эксперимент үчүн кандайча тартылгандыгын кеңири сүрөттөп беришип, сүрөттөр бурмалоо экенин ачыкка чыгарса дагы, конспирологдор үчүн бул четке кагуулар алардын корутундусунун дагы бир далили болуп калышы мүмкүн. Бирок тергөө учурунда ар бир билдирүү бир же бир нече далилдер менен коштолот. Бул документ, камера жазуусу, ачык маалыматтар, хронологиялык маалыматтар ж.б.у.с.

Жыйынтыктап айтканда, жашыруун аракет теориясы үчүн далилдердин жоктугунун өзү далил, ал эми тергөө үчүн бул гипотезанын ишке ашпай калышы. Көпчүлүк учурда жашыруун аракет теориялары суроолорго тез жооп бергендиги менен популярдуу. Бирок, кээде такыр жооп табылбай, топтолгон далилдер болуп жатканды түшүнүү үчүн жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Анткен менен, жооптун таптакыр жоктугу мистикалык жооптон көрө артык эмеспи.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.