.үч.чекит..үч.чекит.

Жасалма интеллект барбы же жөн эле хайппы?

Арслан Исаков
186
Жасалма интеллект барбы же жөн эле хайппы?

Акыркы жылдары Жасалма Интеллект (ЖИ) жөнүндө талкуу көбөйгөндүктөн, ал атайын даярдалган жарнамалык пропаганда болсочу деген ойлор туулат. Угуп же окуп көрсөң бул интеллект бардык көйгөйдү чечип, бүткүл муктаждыктарды канааттандырчудай. Талкуулардын мындай тез жыштыкта чыгышы жашообуздун технологиялар менен тыгыз байланышта экенине далил: смартфон, компьютер, телевизорлор. Жада калса батыш өлкөлөрүндө тостер, кофе-машина же чаң соргуч сымал жөнөкөй тиричилик буюмдары интернетке туташып, «смарт» болуп алышкан. Маркетологдор да өз алдынча жасаган нерсесин ЖИ деген кооз сөз менен атап көнүшкөн. 

Бул тиричилик техникаларынын ичинде чын эле Жасалма Интеллект барбы? Балким, модага айланган бул сөз аркылуу буюмду заматта кызыктураак көргөзүп, кымбат сатуу максаты барбы? Айтор, Жасалма Интеллект өзүн-өзү жакшы сата алган термин болуп, корпоративдик модага айланып кетти. 

Growthbusiness.co.uk сайтында «ЖИ колдонобуз» деп мактанган компаниялар көбүнчө жөнөкөй технологияларды пайдаланышканы жазылган. ЖИ колдонгон ишкана жөнөкөй программа чыгарган компанияга салыштырмалуу 15-50 пайызга көбүрөөк каражат чогултат. Бирок эксперттердин айтымында, технологияларда чын эле ЖИ колдонулганын тастыктоо оңой эмес. Ага карабай McKinsey компаниясына тете Жасалма Интеллекттин баасы 2025-жылы 126 млрд. долларга жетет деп айтылат. 

Жасалма Интеллект деген эмне?

Бул суроону жөнөкөй адамга узатсак, дароо Терминаторду же «Жапайы Батыш Дүйнөсүндөгү» андроиддерди элестетиши мүмкүн. Кишинин аң-сезиминде «Акылдуу Нерсе» өз алдынча ойлонуп, келбети жана жүрүм-туруму адамга окшогон портрет катары калыптанып калган. Маданиятта болсо көп учурда Жасалма Интеллект адамзатка зыян келтирүүчү терс каарман сыяктуу көрсөтүлгөн.

Википедия ресурсунда Жасалма Интеллект – интеллектуалдык, компьютердик системаны изилдөө илими жана технологиясы деп жазылган. Андай болсо, компьютердик чөйрөдө эмнени «интеллект» десе болот?

Интеллект – латын тилинен которгондо «акыл-эс, түшүнүгү бар» дегенди билдирет. Башкача айтканда, айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө ылайыкташуу, өз алдынча үйрөнүү, же тажрыйбага таянып, абстрактуу концепттерди колдонуп, айлана-чөйрөнү башкаруу жөндөмдүүлүгү. 

Stratechery порталынын автору Бен Томпсон Жасалма Интеллектти эки түргө бөлөт: Негизги Жасалма Интеллект — компьютер адамзат жасай ала турган бардык нерселерге жөндөмдүү (азырынча мындай нерсе жок) жана Тар Жасалма Интеллект — бул адам кыла ала турган нерселерди жасай алат, бирок мүмкүнчүлүктөрү кыйла чектелүү.

Мисалы, азыркы технологиялар аларга кайсыл маалымат берилсе, ошону гана иштете алат. Башкача айтканда, Жасалма Интеллект кичинекей бала сыяктуу болуп, дүйнөнү жакшы түшүнөм деген кызыгуу менен «Эмне үчүн ушундай?» деп сурабайт. Идеяларды чыгарбайт, жаңы нерселерди сунуштай албайт.

Ошентсе дагы учурдагы компьютерлер көлөмдүү эсептерди көз ирмемде так аткарып, артыкчылыгын көрсөтүүдө. Алардын бири Кытайдын «ГО» оюнун эң жогорку деңгээлде өздөштүрүп, дүйнөлүк чемпионаттан жеңип алган. Саламаттык сактоо жаатында иштеген алгоритмдер рентген сүрөттөрүн анализдеп, рак дартын аныктоону жакшы үйрөнгөн. Бирок, технология өнүккөндөй көрүнсө да, бул система өзгөчө эмес. Компьютер өз алдынча чечим кабыл алып, жеке оюна ээ болуп же адамдан көз карандысыз нерсеге айланып кеткен жок. Болгону адамдар жасаган аспаптарда адамдар жазган алгоритмдер менен иштейт. Мисалы, жогоруда айтылган «ГО» оюнун программа жакшы өздөштүргөнү менен покерди жана башка оюндарды ойной албайт. Унааны башкарган программа үйүңүздөгү жарыкты жандыра албайт.

Ошондуктан, учурда ЖИ жөнүндө иллюзия гана бар. Эгер программа бир нерсени жакшы жасаса, бизге керемет пайда болгондой сезилет. Эң кыйын деген программанын акылы барбы? — Жок. Интеллекттин айрылбас бөлүгү – жаратуу, интуиция, түшүнүк, өз алдынча чечим кыла билүү, өзүнүн бар экендигин түшүнүү. Азыркы технологиялар мындай сапаттарга ээ эмес. Андыктан, учурдагы мүмкүнчүлүктөргө карасак мындай интеллект утопия сыяктуу.

Учурдун жаңы саркеч сөздөрү: жасалма интеллект, машиналык үйрөнүү жана нейротармактар. Алардын айырмасы эмнеде?

⚙️Жөнөкөй алгоритмдер

Биринчи компьютер пайда болгондо: ага «муну минтип жаса» деген сыяктуу жөнөкөй таршырмалар берилчү. Бир нерсени аткаруу үчүн алгоритм деп аталган, ирети менен коюлган жолчолор жазылчу. Азыр колдонулган бардык программалар «бул жерде кызыл кнопка басылса, ушуну жаса» деген принципте иштейт. 

Мындай алгоритмдердин башкы көйгөйү — инструкциядан тыш эмне кылууну билбегендиги. Өзгөрүүлөргө жараша өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Эгерде алгоритмде бир нерсе жазылбай унутулуп калса, анда аны көрбөйт жана жасабайт. Ошондуктан, кийинчерээк алгоритмдерди жазгандар машина өзү ойлонуп иштесе деген максатта татаал алгоритмдерди түзүшкөн. Жыйынтыгында, нейротармактар пайда болгон.

⚙️Нейротармактар 

Аларга байланыштуу көп мифтер бар: компьютердин акылы, өзүн-өзү үйрөнгөн система же ою бар программа. Бирок, бул туура эмес. Негизинен нейротармак – жүздөгөн жана ар башкача формулаларды өзүнө камтыган татаал маалымат тобунун системасы. Бир тараптан маалымат келип, формулалардан өтөт да, арткы тараптан башка маалымат болуп чыгат. Бул жерде ой жок. Жалгыз математикалык логика. Бул жерде эң татаал нерсе – ошол пайдалуу маалыматты бере турчу формулаларды иштеп чыгуу. Ушул формулаларды чыгаруу – машиналык үйрөнүү деп аталат.

Жөнөкөй алгоритмдерде башынан аягына чейин эмне кылуу керек экени ирети менен жазылат. Бул алгоритмди карап, логиканы, ойду карап көрсө болот. Нейротармактарга болсо алдын ала бир тапшырма боюнча бир канча туура аткарылган сценарийлер киргизилет. Система туура жоопторду тандоого аракет кылат. Башында көп ката кетирип, өз алдынча үйрөнүп туура жоопторду бере баштайт. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал көп учурда туура жоопту берген байланыштарды гана колдоно баштайт. Кайсы байланыштар экенин авторлордун өздөрү көрө албайт. 

Негизги айырма:

Алгоритмдер биз эмне десек, ошону аткарат. Нейротармактар болсо биз андан эмне каалаганыбызды табууга аракет кылып өзүн өзгөртөт. 

Машинаны адам сымал ойлонтуу азырынча мүмкүн эмес. Ойдун ар бир бөлүгү өзүнчө бир система. Жасалма Интеллект жаралуусу үчүн ар бир система бири-бири менен түздөн-түз, тыгыз иштөөсү зарыл. Мындай чоң системаны ойлоп табуу азырынча мүмкүн эмес. Андай алгоритмдер жок, андайды иштетүүчү кубаттуу машина да жок. Балким, кванттык компьютерлер чыкканда мүмкүнчүлүк жаралар. 

Айрым окумуштуулардын айтымында, ЖИ бир нерсенин себептерин жана анын жыйынтыктарын (причино-следственная связь) түшүнүүдө гана пайда болот. Система канчалык акылдуу көрүнсө дагы, тааныш эмес сценарийлерди бергенде ал өзүн жоготуп коёт. Бир система мышыктарды жакшы тааныса, аны иттерди таанууга башынан үйрөтүү керек.

Мисал катары, Google онлайн токсикалык жаман сөздөрдү табууга арналган Perspective атындагы системаны ойлоп чыгарган. Кийинчерээк бул машиналык үйрөнүү системасын жөнөкөй каталар менен алдоого мүмкүн экени белгилүү болгон. Facebook болсо, суицидалдык постторду аныктоочу Жасалма Интеллектти иштеп чыктык деп жарыялаган. Бирок жакындан караганда ал жөн эле белгилерди аныктоочу фильтр катары иштейт. Жада калса акылдуу боттор менен биринчи жолу сүйлөшүүнүн 40 пайызы токтотулуп улантылган эмес, аткени бул болгону жасалма сценарий экени байкалган.

Биринчи чыныгы Жасалма Интеллект качан пайда болот деген суроолор көп. Пайда болсо эмне болот деген суроолор дагы жок эмес. Эмнеси болсо дагы, адамзатка пайдалуу система болгону жакшы. Эми аны убакыт көрсөтөт.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.