.үч.чекит..үч.чекит.

YouTube, Google ошондой көп маалыматты каякта, кантип сактайт?

үч чекит редакциясы
1424
YouTube, Google ошондой көп маалыматты каякта, кантип сактайт?

Видео көрүү, жүктөө үчүн YouTube`ду колдонобуз. Сүрөт, маалыматтарыбызды Гугл дискке жүктөйбүз. Бирок, мынча көп көлөмдөгү маалыматтарды алар кантип, каякта сакташат? 

Эгер компьютер же телефон сатып алчу болсок анын эс-тутумун (память) сөзсүз тактайбыз. Болушунча көбүрөөк маалымат бата турган түзмөк алганы аракеттенебиз. Ошондо да фото, видеолорубузду телефондун эс-тутумуна эмес Google дискке же YouTube`га жүктөп коебуз. А бул платформалар ошончо көп кишинин маалыматтарын каякта, кантип сакташат? Жооп издейбиз.

YouTube 2005-жылы ачылган. Арадан бир жыл өтүп аны Google компаниясы 1,66 млрд. долларга сатып алган. Учурда Ютубга дүйнө боюнча мүнөтүнө жалпы 500 сааттык видео жүктөлүп турат. Ал видеолор жүктөлөрү менен Google`дын бир канча дата-борборлорундагы катуу (жесткий) дисктердин иши башталат. 

Дата-борбор дегени — бул кадимкидей эле имарат. Анын ичинде системалуу түзүмдөгү серверлер жайгашкан. Негизи мындай борборлордун жайгашкан жери, жалпы саны, жабдуулары сыр сакталат. Бирок, интернеттен YouTube өзү ачыктаган айрым сүрөттөрдү тапса болот.

Ютубдун бардык процесси: видео жүктөө, издөө, тыйындаштыруу дата-борбордогу сервердин жардамында ишке ашат. Маалыматтар кайра иштелип чыгат, видеолор резервдик көчүрүүдөн өтөт ж.б.  

Серверлер чоң аянтты ээлейт. Үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалат жана салкындатылып турат. Эгерде катуу дисктер жарактан чыкса, анда ал ошол жерде жок кылынат — бул коопсуздук үчүн.

Дата-борборлор континенттин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан. Бул Ютубдун ылдам иштешине шарт түзөт. Себеби, жүктөлгөн видеолор башкы дата-борборго которулбай, жакын аймактагы серверлерге багытталат. Гугл компаниясынын канча дата-борбору бар экени белгисиз. Мындай ири компания өзүнө таандык платформалар, алардын булуттары үчүн көптөгөн борбор курууга дарамети бар экени шексиз.

Булут же диск деген эмне?

Булут (облако) — бардык түрдөгү маалыматтарды (фото, видео, аудио ж.б) онлайн сактап берген сервер. Тагыраагы, маалыматты компьютерде же телефондун эс-тутумунда эмес онлайн мейкиндикте сактоо. Азыр кеңири колдонулган бул термин мурда сленг сөз болгон. Ал интернетти булутка салыштыруудан улам келип чыккан. 

Учурда маалыматтарды сактап берген компаниялар арбын. Мисалы, Гуглдын булуту — Google drive (диск) деп аталат. Майкрософт компаниясыныкы — OneDrive, Яндекстики — Yandex.диск, Apple компаниясыныкы — iCloud, ошондой эле Dropbox жана Mail.Ru`нун булуттары бар. Андан пайдалануу акысыз. Бул үчүн интернетиңиз жана ошол сайттарга катталган аккаунтуңуз болсо жетиштүү. Мисалы, Гуглга аккаунт ачкан (gmail.com) ар бир адамга акысыз 15 Гб булут берилет. Эгер бул жетишсиз десеңиз, анда кошумча орун сатып алсаңыз болот.

15 Гб — бул 3 миң 840 сапаттуу сүрөттү батыра алган эс-тутум.

Көпчүлүк онлайн платформалар булут «поставщиктери» менен кызматташат. Себеби, Ютубдун дата-борборлорундай чоң имараттарды куруп отурушпайт. Серверлерди жаңылоого чыгаша кетиришпейт. Жумуштун баарын булут кызматын сунуштаган компания өзү жасап турат. 

Онлайн дисктин пайдасы — түзмөктүн эс-тутумун толтурбайт. Телефон номерлерди мурдагыдай Sim-картага сактабайсыз. Комьютериңиз иштебей калса деле аккаунтуңузда бүт маалыматтар сакталып тура берет. Мисалы, телефонуңузду алмаштырып, Инстаграмга кирдиңиз. Мурда колдонгон аккаунтту жазсаңыз сүрөт, видео, кат жазышуулар ошол бойдон турган болот. Компьютер, телефондогу булут деле ошондой тартипте иштейт. 

Ал эми жаман жагы — маалыматтарыңыз «ишеничтүү эмес колдо» болушу мүмкүн. Тагыраагы, фото, видеолоруңузду үчүнчү жактагылар (булут ижарага берген компаниялар) көрө алышат.  

2011-жылдын 19-июнунда булут ижарага берчү Dropbox компаниясын бардык маалыматтары ачык калып кеткен. Тагыраак айтканда, төрт саат убакыт аралыгында каалаган киши булуттагы маалыматтарды көрө алган. Мындай окуялар булут ишеничтүү эмес деген шектенүүлөрдү жаратат. Ал эми булут «поставщиктери» маалыматтарды укуктук нормаларды сактоо менен көзөмөлдөйбүз деп келишет. 

Ал арада Microsoft компаниясы дата-борборлорду суу астына курууга камына баштады. Алар деңиз тереңиндеги борбор мурдагыдан сегиз эсе ишеничтүү болот деп ишендирүүдө. Кантсе да интернеттеги ар бир кадамына, чечимдерине адамдар өздөрү жооптуу болуп кала бермекчи.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.