.үч.чекит..үч.чекит.

VPN. Бул эмне жана эмне үчүн керек?

Гүлжан Эшбаева
1245
VPN. Бул эмне жана эмне үчүн керек?

Эгер сиз футбол фанаты болсоңуз, беттештерди интернеттен күзөтсөңүз, анда мындай сөз сизге тааныш: «бул шилтеме сиздин өлкөңүздө иштебейт». Сиздин аймакта көрүүгө тыюу салынган беттештерди, иштебеген сайттарды VPN`дин жардамында ачса болорун билесизби? 

VPN — Virtual Private Network сөздөрүнүн баш тамгасынын окулушу — ви-пи-эн. Англис тилинен которгондо виртуалдуу жеке тармак деген маанини билдирет. Биз социалдык (коомдук) тармак деп көп айтабыз, ал эми VPN болсо виртуалдык жеке тармак. 

Интернет сиз жөнүндө бардык маалыматты сактайт. Кайсы сайтка кирип, кайсы жерге барганыңызды, кандай оюндарды ойногонуңузду. Ал эми VPN интернетке сизди жашыруун туннель менен алып кирет. Интернетке кирген аппаратыңыздын тармактык дарегинин (IP-адрес) ордуна VPN өзүндөгү адрести көрсөтөт. Сиз жөнүндө бардык маалыматты шифрлеп, анонимдүүлүгүңүздү камсыздап берет. Натыйжада, эркин куш болосуз да, интернетти из калтырбай пайдаланасыз. VPN`ди жабык өтүүчү кечедей эле элестетиңиз: келгендер өз-өзүнчө жүрүшөт. Ал эми эшиктин жанында келбеттүү күзөтчүлөр кирген-чыккандарды тыкыр текшеришет.

Алгачкы VPN байланышын 1996-жылы Microsoft компаниясы жумушчулары үйүндө отуруп жумуштагы тармакка туташуусу үчүн иштеп чыккан. Кийинчерээк башка компаниялар да бул технологияны өздөштүрүп, жакшыртылган үлгүлөрүн сунуштай башташты. 

VPN сервери көбүнчө кандай максатта колдонулат?

  • Компаниялар корпоративдик маалыматтарын сактоо үчүн колдонушат. Мисалы, банктын кызматкерлери үйүндөгү компьютерден жумуштагы базага кире алышпайт. Коопсуздукту сактоо үчүн VPN колдонушу керек болот.
  • Интернетти толук анонимдүү колдонуу үчүн. Мисалы, иликтөөчү журналисттер издеген маалыматтарын, аларга жашыруун жазгандардын коопсуздугун сактоо үчүн VPN колдонушат.
  • Ачык турган Wi-Fiдан пайдалануу үчүн. Анткени, ачык турган Wi-Fi га кирип банк карталарын текшеришкенде хакерлер өз ишин башташат.
  • Аймактык блоктоодон качуу үчүн — жашаган өлкөсүн башкача көрсөтүп, өз аймагында блоктолгон сайттарга кирүү үчүн колдонушат. Мисалы, 2018-жылы Орусияда Телеграмга кирүүгө тыюу салынганда VPN колдонгондор кескин көбөйгөн.

VPN толук анонимдүү делет. Бирок, ал эгерде маалыматты катуу көзөмөлдөгөн өлкөлөргө катталган болсо, анда анонимдүүлүктү кепилдей албашы калышы ыктымал. Мисалы, Кытайда VPN`ге тыюу салынган — компаниялар мамлекеттен лицензия алса гана иштөөгө уруксат берилет. Анда, бийлик органдары колдонуучулардын жеке маалыматтарын билип алышы толук мүмкүн. Ошондуктан дээрлик бардык VPN компаниялар тыюу салынбаган өлкөлөрдө эмгектенишет.

VPN`ди акысыз эле колдонсо болот. Ал эми акы төлөнүүчү версияларын көбүнчө ири компаниялар пайдаланышат.  

Ооба, VPN ага кирген адамдардын маалыматтарын кайра иштеп чыгат (анонимдүү каналдарды түзүү максатында). Демек, бул жашыруун туннель деле колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултуучу. Андыктан, тандоо ар бир интернет колдонуучунун өз колунда. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.