

Вирус жана антивирус (Макалада Covid-19 жөнүндө бир дагы сөз кылбайбыз)


2000-жылдын 4-майында «I Love You» деп тараган кат эң кыйраткыч вирус аталып калды. «Сүйүү каты» (LoveLetter) деп аталган бул вирус жалпы 3 млн. компьютерди бузуп, дүйнөлүк экономикага 10 млрд. доллар зыян келтирди.
Вирус (virus) — абдан кичине көлөмдөгү зыяндуу программа. Кадимки программалардан айырмаланып ал компьютердин операциондук системасын жарактан чыгарат. Анын ишин жайлатып же маалыматты өчүрүп кетет. Вирустун бат тараганынын себеби, ал тармак аркылуу денесин башка түзмөккө (устройство) өткөрө алат.
Башында вирус тамашалуу оюн сыяктуу болуп, зыян жеткирген эмес. Мисалы, колдонуучунун монитору капыстан жабылып «төмөнкү тамгаларды терсең ачылат» деген жазуу чыкчу. 1949-жылы математик Жон фон Нейман өзүнөн-өзү көбөйчү программага вирус деп аталыш берген. Ошондон баштап бул термин технология багытында колдонула баштаган. 1970-жылга жетип модем аркылуу тарай турган «The Creeper» вирусу аныкталган.
Учурда компьютерге, телефонго зыянын тийгизген программанын баарын вирус деп атайбыз. Бирок, кооптуулугуна жараша анын деле түрлөрү болот.
📌Вирус — бул вирустук код (толук кандуу файл эмес). Ошондуктан, ал башка түзмөктөргө өз алдынча тарай албайт, файл аркылуу «жугат». Файл башка компьютерге өткөндө кошо көчөт жана файл ачылганда вирустук код менен ачылат.
📌Курт (червь) — толук кандуу файл. Ал өз алдынча жайылууга жөндөмдүү. Системага киргенден кийин тармак аркылуу башка программа, түзмөктөргө тарай баштайт. Жогоруда биз сөз кылган «I Love You» каты дал ушул түрдөгү вирус болгон.
📌Троян. Анын червь жана вирустан айырмасы — башка компьютерге тарабаганы. Ал керектүү, кызыктуу программанын (мисалы: оюндун) кейпин кийип алат. Натыйжада, адамдар аны «өз колу менен» түзмөгүнө жүктөшөт. Троян операциондук системаны жабыркатат, программаларды иштен чыгарып, маалыматтарды өчүрөт. Муну колдонгон шылуундар компьютерди аралыктан башкарышат, жеке маалыматтарды (электрондук дарек, телефон, банк эсеп) алышат. Ошондой эле, компьютерди червь, вирустарды тараткан машинага айландырышат.
Мындай ар түрдүүлүктөн улам көпчүлүк компьютеринде вирус бар экенин билбеши мүмкүн. Демек, ал дайыма эле «техника жай иштеп жатат», «файл ачылбай калды» деген белгилер менен аныкталбайт.
Антивирус деген эмне?
Антивирус (antivirus) — бул вируска каршы күрөшкөн, зыян жеткиришине жол койбоо үчүн иштелип чыккан программа. Вирус компьютерге түрдүү жолдор менен өзү кирсе, ал эми антивирусту жүктөп алып, орнотуу керек болот.
Анын милдети — компьютердеги системанын нейтралдуу иштешин камсыздоо, зыяндуу программаларды аныктоо. Мисалы, сайттарга киргенде же бир нерсени көчүрүп жатканда «бул зыяндуу файл болушу ыктымал», «аталган сайт кооптуу» деп кабарлап турат.
Антивирус кантип иштейт — ал системага кирип келе жаткан маалыматты сканерлеп, файлдарды салыштырып турат.
Анын тарыхы вирустар активдешкен маалга — 1980-жылдарга туура келет. 1987-жылы «G Data» аттуу немец компаниясы «Atari» антивирусун иштеп чыккан. Ошол эле жылы америкалык «McAfee» компаниясы популярдуу «VirusScan» антивирус топтомун чыгарган. Ушул күнгө чейин антивирус рыногуна талап күчтүү. Ал хакердик чабуулдар болгондо, вирустар жапырт тараганда кызыйт.
Баса, Apple`дин компьютер, телефондорунун вируска чыдамдуулугунун себеби, бардык программалар расмий дүкөн — AppStore`дон көчүрүлөт. Операциондук системаны жаңылоону (обновление) улам талап кылат— бул коопсуздукту жакшыртуу. Ошондой эле, ар бир тиркеме өзүнчө изоляцияда иштегендиктен, жаңы жүктөлгөн файл системага зыян жеткире албайт.
Вирустан кантип өз алдынча коргонсо болот?
- Вирус кирчү эң ыңгайлуу жол — бул электрондук дарек. Ошондуктан, почтага келген бейтааныш каттарды ачпаган туура (катты ачканга чейин курсор менен кат жиберүүчү даректи көрсө болот);
- Программа, файлдарды расмий эмес сайттардан көчүрбөө сунушталат;
- Сайттардагы жарнамаларды баспаңыз. Алардын кабарландыруу жиберүү сунуштарын активдештирбеңиз;
- Бир компьютерден экинчиге файл өткөргөн флэшкаларды сактык менен колдонуңуз.
Чындыгында антивирус деле вирус менен толук күрөшө албайт. Анткени, онлайн шылуундук көп пайда алып келген тармак бойдон кала берүүдө. Ошондуктан, вирус менен күрөшүүдө адамдардын сабаттуулугу маанилүү.
Санарип гигиена — эң мыкты антивирус.