

Видео тартуу сырлары


Видео тартуу үчүн профессионалдуу камеранын колдо болушунун кажети жок. Смартфонго деле жакшы тасмаларды тарса болот. Эң башкысы – фантазияны эркин коюу жана сценарийдин болушу.
🎥Объективдин тазалыгын караңыз
Смартфондун камерасы маанилүү компонент болуп саналат. Видео тартып баштардан мурун, объектив таза, анын бетинде тактар жана майда нерселер жок экендигин текшерип алыңыз.
🎥Горизонталдык формат
Көптөгөн колдонуучулар телефонду кандай абалда кармаса, ошол бойдон – видеону тигинен тартышат. Бирок, видео даяр болгондо компьютерден көрүлөрүн же YouTube каналына жүктөлөрүн унутпаңыз. Тигинен тартылган видео капталдарынан кесилип, көрүүгө жагымсыз болуп калат. Ошондуктан сапаттуу жана толук видеону жаратуу үчүн смартфонуңузду горизонталдуу кармаңыз.
🎥Жарык менен эсептешиңиз
Сүрөт тартуудагыдай эле, видео тартаканда да, туура жарык берүү жакшы натыйжа берет. Видеону таза абада эртең менен же күн батаарга 2-3 саат калганда тарткан абдан жакшы. Эгер күндүзү күн ачык, булутсуз болуп турса Androidде видео тартса да жаңылыштык болбойт. Бул жерде эң башкысы – күндүн нуру объективге тийбеши керек, антпесе тасма өтө эле ачык болуп калат.
🎥Ар түрлүү планда тартыңыз
Кадрда кыймыл көп болсо дагы, бир кадрда тартылган видеолор аябай кызыксыз болуп калат. Ошондуктан, кызыктуу видеону тартуу үчүн операторго тартуу чекити менен бурчун гана эмес, пландарын дагы өзгөртүү керек.
Жалпысынан пландардын 6 түрү бар:
🔹Деталь – мисалы, адамдын көзү, бактын жалбырагы, дарыядагы таш ж.б.;
🔹Чоң план – экранга толо кишинин же нерсенин бети;
🔹Биринчи ортолотулган план – адамдын фигурасынын белден жогорку бөлүгү;
🔹Экинчи ортолотулган план – адамдын тизеге чейинки фигурасы;
🔹Жалпы план – адам же нерсе толугу менен кадрда жайгашкан, бирок жогору жана төмөн жагында «аба» кала тургандай;
🔹Алыскы план – объект кадр бийиктигинин 1/7 же андан аз көлөмүн ээлейт.
🎥Зумду колдонбоңуз
Көпчүлүк смартфондор санариптик зум менен жабдылган. Чындыгында, бул функция жакшы видео тартууда кереги жок. Себеби аны менен тартууда пикселдер азыраак катышат, видеонун сапаты начарлайт. Ошондуктан, эгер жакын тартуу керек болуп жатса тартууну паузага коюп, камераны тартылып жаткан нерсеге жакындатып, анан кайра улантыңыз.
🎥Смартфон туруктуу болуусу керек
Титиреп, кыймылдап тартылган видео кимге жаксын? Штативди колдонуңуз. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, адамдан амал качып кутулбайт демекчи, скотч менен колдонуңуз!
🎥Видеону бөлүм кылып тартыңыз
Бир саатка созулган видеону тартпай эле койгонуңуз оң. Биринчиден, аны интернеттин каалаган жерине жүктөө кыйынга турат. Экинчиден, аны көрүү ыңгайсыз. Үчүнчүдөн, монтаж учурунда аны менен иштөө ыңгайлуу эмес.
🎥Кадрда эмнелер бар? Байкаңыз
Керексиз буюмдар, розеткалар, таштандылар же дагы башка нерселер кадрга кириши мүмкүн. Алгач видеону тартып баштай электе ушунун баарын смартфондун экранынан байкап көрүңүз.
🎥Тыныгуулар маанилүү
Эгерде сиз диалог же монолог пландаган болсоңуз, анда тыныгууларды байкаңыз. Жазуу баскычын баскандан кийин, бешке чейин ичиңизден санап, сүйлөп жаткан адамга «баштадык» дегенсип баш ийкеңиз. Ал сүйлөп бүткөндөн кийин камераны өчүрүүгө шашылбаңыз. Унчукпай бешке чейин санап, андан соң жазуу баскычын өчүрүңүз. Бул тыныгуулар монтаж кылганда абдан керек болот.
🎥Тынч жерди тандаңыз
Эл көп жүргөн көчө же музыкасы менен кафе болбошу керек. Сиз микрофону жок смартфонго тартып жаткандыктан үнүңүз өтө эле тынч болуп угулуп, монтаждоо учурунда да кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Анан дагы катуу сүйлөгөндү унутпаңыз!