.үч.чекит..үч.чекит.

Ушуга кантип ишендик? Элди дүрбөткөн 7 фейк

үч чекит редакциясы
581
Ушуга кантип ишендик? Элди дүрбөткөн 7 фейк

Фейк жаңылыктардын толкуну Кыргызстанда маал-маалы менен чыгып турат. Айрым учурларда алар элдин маанайына дагы терс таасирин тийгизет. Мындай маалыматтарды ЖМКлар төгүндөп, коомчулуктун дүрбөлөңдүү маанайын басаңдаткан да учурлар болгон. Эмесе, эл ишенип алган фейктердин тизмесине көңүлүңүздү бурабыз.

2016-жыл. «СПИД жуктурган» банандар 

«Базарда сатылган банандардын ичине СПИД менен ооруган адамдын каны куюулуптур» деген кабар эсиңиздеби? 2016-жылдын аягында мындай маалымат WhatsApp мессенджери аркылуу тарап, элдин эсин чыгарды эле. Ошол учурда тараган маалыматтарга ишене турган болсок, банандын ичине оорулуу адамдын канын шприц менен атайылап куюшкан. Базардан жашылча-жемиш сатып алган айрым тургундар чочулап, бананды албай калышкан. Бирок, адистер СПИД дарты жер-жемишке кошулган кан аркылуу жукпай турганын маалымдашып, элди тынчтандырган эле. Алардын ырасташынча, СПИД илдети кан куйганда, тазаланбанбаган жабдуулар менен татуировка жасаганда, энеден балага жана корголбогон жыныстык катнашта жугат.

2017-жыл. Кино көрөм деп ВИЧ жуктуруп...

«Кинотеатрлардын отургучтарына ВИЧ жуктурулган ийнелерди сайып коюп жатыптыр, оору жуктурган учурлар дагы катталды» деген имиштер социалдык тармак менен мессенджерлер аркылуу 2017-жылы тараган эле.

Чыныда бул кабар элди чочулаткан болчу. Себеби, Бишкектеги «кинотеатрлардын бирине келген көрүүчүгө жугуптур» деген кабар желдей тарап кеткен. Бул окуяга Саламаттык сактоо министрлиги дароо реакция кылып, тарап жаткан кабар фейк экенин, чындыкка коошпой турганын маалымдаган. Республикалык СПИД борбору дагы акыркы жылдары ийне жана башка заттардан оору жуккандар катталбаганын билдирген. Ошентип мессенджерде тарап, элдин мээсин айланткан кабар төгүнгө чыгарылган.

2018-жыл. «Балдарды органга уурдаган» наабайчы

Негизи балдарга байланышкан темалар абдан талылуу жана коомдун көңүлүн дароо бурат. 2018-жылы июль айында WhatsApp’та «жаш балдарды органга сатуу үчүн Кытайга уурдап кетип жатыптыр» деген маалымат тараган. Бул кабар элди дүрбөлөңгө салган. Албетте, кутуларга салынган адамдын дене мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн көргөндө кимдин гана жүрөгү түшпөйт, туурабы? 

Бирок жергиликтүү ЖМКлар мессенджерде тарап жаткан үрөй учурган сүрөттөр менен балдардын уурдалышынын ортосунда эч кандай байланыш жок экенин аныктаган. Адамдын дене-мүчөлөрү бул чыныгы орган эмес (көңүл буруңуз!) торт экени белгилүү болгон.

Тайвандык наабайчы Киттиват Унарром буддисттердин «Дайыма эле көрүп турган нерсеге ишене бербегиле, анткени, көргөндүн баары эле туура боло бербейт» деген накыл кебин элге жеткирүүнүн өзгөчө жолун тандаганын журналисттерге билдирген. Баракелде, наабайчы!

2018-жыл. Баягы эле чупакабра

Эсиңизде болсо, 2018-жылдын жаз айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан «чупакабра» деген белгисиз жандыкты машина сүзүп кетип, анын сөөгү аябай талкууга алынган. Белгисиз жандыкты сүзүп алган жаран буга чейин мындай жаныбарды көрбөгөнүн жана бул жандык Кытай тараптан келген деген имиш эл арасында тарап жатканын билдирген. 

Бирок Кыргызстандын кинологдор биримдиги элдин эсин чыгарган жандык эч кандай чупакабра эмес, декоративдик породадагы иттин түрү экенин ырасташкан.

Кыргызстанда чупакабра темасы улам-улам көтөрүлүп турат. 2014-жылы Нарындын Кочкор районунда дагы ушундай кабар элди ызы-чуу кылган. Бирок белгисиз жандык жолбун ит экенин адистер аныктап, коомду тынчтанууга чакырган. Ал эми 2013-жылы Бишкектин четиндеги Раздольное, Комсомольское айылдарында чупакабра табылганы ЖМКларда жазылган. Анда май айынын башында белгисиз жаныбар тургундардын короосуна кирип, мал-жанына кол салган. Белгисиз жандык койду толук жебей, аны бир тиштеп, тырмактары менен сайып гана тим болгону айтылган. Мал доктурлар бул жерде эч кандай мистика жок экенин белгилеп, бул эл арасында айтылган гана коркунучтуу окуя экенин билдирген.

2019-жыл. Кытайлык желим жумуртка

2019-жылы февраль айында социалдык тармактарда Оштун базарларында Кытайдын жасалма жумурткалары сатылып жатат деген видео тарап кеткен. Видеонун автору «жасалма» жумуртканы сыртынан караганда чыныгы жумурткадан ажыратуу кыйын экенин белгилеген. Аны бышыргандан кийин ортосундагы сарысы желим топко окшош экенин айтып, элди базардан жумуртка сатып албоого чакырган.

Аталган фактыны Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы териштирип, Оштогу базарларды текшерген. Текшерүү учурунда сатуучулар жумурткалар Ысык-Көл облусунан алып келингенин айтышкан. Окуянын мындай өнүгүшү эми көлдүктөрдү тынчсыздандырган. Элди ого бетер коркутуп албаш үчүн облустагы тоок фабрикасынын жетекчиси жумуртканын сарысы кандай болгон учурда желимдей болуп каларын көрсөтүп берген. Көрсө, жумуртканы туура сактабай катуу тоңдуруп туруп сууга бышырганда ортосундагы сарысы желим топко окшошуп катуу болуп калат экен. 

2019-жыл. Ичине таблетка каткан сырдуу мандариндер

Мандариндин ичинен чыккан таблеткалар тууралуу видеону көрдүңүз беле? Ал 2019-жылы жаңы жылга жакын Кыргызстанда соцтармактар менен мессенджерлерде тарады эле. Эркек киши тышында эч кандай кемтиги жок мандаринди аарчып, ичинен таблеткаларды алып чыккан. Бул видео аябай кызуу талкуу жараткан, бирок ал видео буга чейин Россияда дагы тараганы аныкталып, анын Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок экенин ЖМКлар жазышкан. Кийинчерээк мандариндин ичине кантип таблеткаларды катып койсо болорун көрсөткөн видео дагы чыккан.

2020-жыл. Америкадагы «Биз эл менен»

Жакында эле Facebook тармагында, Нью-Йорктогу белгилүү дүкөндөрдүн биринин терезесине «Биз эл менен» деген жазуусу бар сүрөт тарады. «Мындай жазуу АКШдагы мародерчулуктан кийин пайда болду» деп жазылган. Бул сүрөттү көргөн интернет колдонуучулардын пикири экиге бөлүндү. Кээ бири ишенсе, айрымдары шек санады. Бирок бул сүрөт фейк экенин жергиликтүү басылмалардын бири ырастап, интернет колдонуучулардын талашына чекит койду. Көрсө, «Биз эл менен» деген жазуу Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларында тартылыптыр. Ал жазуунун Нью-Йорктогу дүкөн менен эч кандай байланышы жок экен.

Албетте, бул тизме муну менен эле бүтүп калбайт. Алдыда дагы кандай жаңылыктар көңүлүбүздү аларын ким билсин... Кандай болгон учурда да, көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.