

Унчукпоо спиралы же ММК кантип оозубузду тыят


Бардык эле маалыматтар адамдар үчүн пайдалуубу? Балким, маалымдоо каражаттары «чындыкты жана фактыларды көшөгө артында» калтырып, биз үчүн маалыматтын маалымдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн башкарышаттыр? Эмне үчүн адамдар көгүлтүр экрандардан айтылгандардын бардыгын чын катары кабыл алышат?
«Унчукпоо спиралы» (англ. The spiral of silence) – адам көпчүлүктөн башкача ой жүгүрткөндүктөн башкалардан обочолонуп калуудан коркуп, өзүнүн оюн өзгөртө турган көрүнүш. Коркуу бул жерде спиралдын айланышынын баштапкы чекити катары кызмат кылат, спираль жаңы бурулган сайын көпчүлүктүн пикиринин таасирине кабылат да, диаметри көбөйөт.
Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары элдин аң-сезиминде өздөрүнүн рейтингин жогорулатуу үчүн «унчукпоо спиралын» айлантканды жакшы көрүшөт. Президент менен жолугушууда «ачуу чындыкты» айткан же саясатчыга каршы пикирин билдирген адамды сейрек кездештирүүгө болот. Адатта, журналисттер деле «унчукпоо спиралынын» таасири астында болушат, анткени саясий жыйындарга жана конференцияларга «ишенимдүү» адистер келип, жумуш берүүчүлөрүнө ишенимдүү «кызмат» кылышат.
Бул көрүнүштүн маңызы эмнеде?
Коомдук пикирди изилдөөчү германиялык Э.Ноэль-Нойман социалдык психологдордун (Р.Мертон, К.Ховланд, П.Лазарсфельд) эмгектерине таянып, өзүнүн «Коомдук пикир. «Унчукпоо спиралынын» ачылышы» эмгегинде массалык коммуникация каражаттары көпчүлүктүн ордуна азчылыкка сөз берип, коомдук пикирди бурмалай алат деп жазган. Анын гипотезасына ылайык, өзүн азчылыкта сезген адам унчукпайт жана өз оюн билдирбейт, ошону менен көпчүлүккө кошулгандай болуп кала берет.
Дээрлик ар бир адам ушул манипулятивдик технологиянын таасири астында болот жана эч нерседен күмөн санабай аны жайылтууга жардам берет. СССРдеги коммунисттик үгүттөөнү эстейличи. Мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынан, партиялык уюмдардан кылдаттык менен редакцияланган маалыматтар имитацияланган дискуссиялар боюнча өткөрүлгөн, бирок өз пикирлерин эркин айтуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан бардык партиялык чечимдер бир добуштан кабыл алынган.
В.Шейнов «Адамды байкатпай башкаруу» деген эмгегинде топ мүчөсүнүн жалпы пикирге көз карандылыгынын психологиялык феномени – конформизм деп жазат.
Философиялык энциклопедиялардын бири ушул түшүнүккө төмөнкүдөй аныктама берет: «конформизм (латын тилинен confonnis – окшоштук) – жеке адамдын нерселердин болгон тартибин, ага карата өзүнүн позициясын иштеп чыгуудан баш тартуусу, басымдуу ой жүгүртүү түрүнө жана жүрүм-турумуга, жалпы социалдык же топтук стандарттарга жана стереотиптерге байлануусу». Ошентип, адам жөн гана өзүнүн пикирин, максаттарын жана кызыкчылыктарын эске албай калат.
Философ Блез Паскалдын «коомдук пикир адамдарды башкарат» деген пикири бул идеяны ырастайт. Пикириңизди биринчилерден болуп айтуу үчүн чоң кайраттуулук талап кылынат, туурабы?
Басма сөздөн тышкары «унчукпоо спиралы» социалдык тармакта дагы күч алды. Соцтармактарды анализдөө көрсөткөндөй, көптөгөн адамдар бейтааныш адамдардын маанисиз талаш-тартыштарына, куугунтуктоолоруна жана агрессияларына жол бербөө үчүн жеке пикирлерин айтуудан коркушат. Бул коомду жүзү жок массага, ал эми «баягы эле сүйлөй бергендердин» пикирин көпчүлүктүн пикирине айлантат.
Фактылар менен манипуляциялап, ар кандай сүйлөө амалдарын колдонуп саясий стратегдер жана PR адистери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бизге белгилүү бир ишенимдерди таңуулашат. Эгерде биз ал технологияларды таанып биле алсак, анда биз аларга туруштук бере алабыз жана эркин тандоого, таза аң-сезимге ээ болобуз.
Булагы: Labipt.com