.үч.чекит..үч.чекит.

Үч чекитчи

үч чекит редакциясы
1174
Үч чекитчи

Чекитчилер – бул сиз, биз жана сынчыл ой жүгүртүп, медиасабаттуу болгусу келген адамдар. Башкача айтканда, .үч.чекиттин. санаалаштары.

Назарыңызда баарына жетишкен Үпөл. Ал 26 жашта. Ош шаарында төрөлгөн, азыр да өзүнүн кичинекей үй-бүлөсү менен ошол жерде турат. Кытайда социалдык кызматкер окуусун ийгиликтүү бүтүрүп келген, ошондуктан кытай тилинде түш жоруй алат.

Ал мектепте окуп жүргөндө эле уюмдарда волонтер болуп иштеп, кийин студент кезинде ар кандай программалар аркылуу чет өлкөлөргө барып келген. Шыпылдаган, шайыр мүнөз Үпөл, жаш экенине карабай, көптү көргөн тажрыйбалуу адис. Ошондуктан ал жарактуу, пайдалуу кеңештерди бере алат. Эгер кандайдыр бир маселе пайда болсо, дароо аны иликтеп, аны чечүүнүн айласын табат.

Үпөлдүн дагы бир жакшы жери – ал бардык нерселерге ишене бербейт. Маалыматтын чын же калп экенин дайыма текшерип турат. Ошондуктан анын «текшерип көрүш керек» деп айтканын көп угуп калабыз.

Үпөл тууралуу 3 факт:

  • Кыргыз, орус, англис, кытай тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • Инстаграмда кулинария боюнча блог жазат.
  • Үпөл сайма сайганды билет. Аны эжесинен үйрөнгөн.

Экинчи чекитчибиз – сынчыл ой жүгүрткүч Үсөн. 19 жашта. Азыр Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде журналистика бөлүмүндө билим алып жатат. Үсөндү «китеп курту» деп койсо болот, анткени бала чагынан эле, тамга тааный электе китеп барактап отурганды жакшы көрчү. Азыр убактысынын тардыгына байланыштуу аудиокитептерди, подкасттарды угат. Көпчүлүк башка студенттерге окшоп, окуудан кийин кафеде иштеп өзүнө жетишээрлик акча табат.

Ата-энеси Кеминде турушат, өзү болсо окуусуна карап, шаарда достору менен жатаканада жашайт. Достору өздөрү билбей же түшүнбөй жаткан нерселерин Үсөндөн сурап билип алышат, ошондуктан аны өз ара «тирүү справочник» деп тамашалап айтып калышат. А Үсөн өзү көргөн билгендерин логикалык электен өткөрүп, анализдегенди жакшы билет. Жардамчысы албетте интернет, ошондуктан «Ok, Google байке!» деп айткан адаты бар.

Үсөн жөнүндө 3 факт:

  • Кичинесинде анын чачы тармал болуп үрпөйүп тургандыктан, анан дагы акылдуу болгондуктан аны «чоң баш» деп эркелетип калышчу.
  • Илимий фантастиканы окуганды жактырат.
  • Кафеде иштеп жүрүп, акча топтоп, өзүнө биринчи жолу шайтан араба сатып алган.

Үчүнчү кенжетай чекитчибиз 15 жашта. Аты Үмүт. Анын ата-энеси бир топ жылдан бери Россияда эмгектенишет. Үмүт иниси менен чоң ата, чоң апасынын үйүндө Кочкордо жашашат. Бул чекитчибиз мектептеги иш чараларга активдүү катышат, лидерлик сапаты дагы бар. Бийлегенди, волейбол ойногонду жакшы көрөт. Ошон үчүн буттары тартайып узун болсо керек.

Мектепти аяктаганда медициналык академияга тапшырып, хирург болууну самайт. Ошондуктан азыртан баштап химия, биология сабактарга көп көңүл бурат. Ал абдан ынтызар, көп нерсени билүүгө аракеттенет. Суроо бергенден тартынбайт, суроосуна толук жооп алмайынча «Эмнеге андай? Эмне үчүн мындай?» деп тынч албайт. Үмүт суроо бергенде, жооп бербей кое албайсыз.

Үмүт жөнүндө 3 факт:

  • Классташтары жана туугандары Үмүттү «мурч» деп атап коюшат, себеби анын кыялы мурчтай ачуу.
  • Апасынын айтымында, Үмүт бала чагында жылдыздарды өтө көп карагандыгы үчүн анын бетинде сепкилдери көп.
  • Чоң атасы экөө дайым шахмат ойношот.
Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.