.үч.чекит..үч.чекит.

Троллду ким көрдү?

үч чекит редакциясы
1548
Троллду ким көрдү?

Биз социалдык тармактардагы адамдар менен ар түрдүү байланышта болобуз: кимдир бирөө тааныштары менен гана байланышта болууга аракеттенет, ал эми кимдир бирөө онлайн режиминде бейтааныш адамдар менен баарлашууга, а түгүл талаш-тартышууга да даяр. Кандай гана болбосун, алардын манипуляцияларынын курмандыгы болуп калбоо үчүн кайсы интернет колдонуучулар менен этият болуш керек экендигин билүү маанилүү. Бүгүн тролль жөнүндө кеп салабыз.

Ал ким?

«Тролль» деген сөз англисче "trolling" сөзүнөн келип чыккан. Trolling – балыкчы балыктардын көңүлүн көбүрөөк бурдуруш үчүн кайырмактын илмегиндеги жемди тирүүдөй кылып кыймылдатып, балык уулаган ыкма. Ошол эле сыяктуу, интернет-троллинг да биринчи кезекте провокация жана кызуу талкууну жаратуу болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда тролль өзүнүн ким экендигин жашырбайт. Айрым учурларда блоггерлер, саясатчылар, сүрөтчүлөр ж.б атактуу инсандар да троллинг менен алектениши мүмкүн.

Эмнеси менен коркунучтуу?

Окурмандарды талкууга тартуу үчүн, троллдор чуулгандуу чыр-чатак салып, таң калычтуу калптарды жазып, бирөөнү шылдыңдап, сезимтал темаларга тийишип, «ыплас» амалдарды колдонушат. Ошентип, троллдор адамдарды бири-бирине каршы коюп, улуттар/конфессиялар аралык чыр-чатакты жаратышы мүмкүн. Тролль үчүн эң башкысы – көп сандаган колдонуучулар катышкан чыр-чатактын болушу.

Алар эмне үчүн мындай кылышат?

Троллингдин себептери ар кандай болушу мүмкүн: жарыялаган маалыматтарын чоң аудиторияга жеткирүү, өзүн таанытуу же жөн гана бекерчиликтен көңүл ачууга чейинки себептер боло алат.

Троллду кантип таанууга болот?

Тролль – бул жеке же анонимдик аккаунтка ээ болгон реалдуу адам. Адатта, троллдор популярдуу блоггерлердин постторунда окурмандарды кызыктырган комментарий калтырышат, же кээде өздөрү да пост жазып, колдонуучуларды талкууга тартат. Мисалы, жаныбарларды коргоо тобунда жаныбарларды атууга уруксат берүү жөнүндөгү петицияга кол коюуну сунушташы мүмкүн. Троллду жөн гана сиздин пикириңизге макул болбогон адам менен чаташтырбоо абдан маанилүү. Ал эч кандай маанилүү аргументтерди жазып чыкпайт, болгону сизди талкууга активдүү катышууга гана шыктандырат. Троллдордун өздөрүнүн тактикасы бар: талкуулоонун айрым катышуучуларынын ачуусуна тийип, ал өзүн кармана албай, эмоциялуу комментарий берип баштаганда, тролль аны тынчтанууга чакырып, атаандаштын мээси ордунда эместигин башкаларга көрсөтө баштайт.

Кантип жооп берүү керек?

Троллго көңүл бурбоо – бул эң туура жол. Провокацияны өз убагында таанып, аны жоопсуз калтыруу – троллдун аракетин жокко чыгарып, аны куралсыз калтыруунун мыкты ыкмасы. Кайра ага жооп катарындагы троллинг же аргументтүү талкуу жүргүзүү аракеттери жана ушул сыяктуу башка ыкмалар анын оюндагысын ишке ашырууга жакшы себеп болорун билип жүрүңүз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.