.үч.чекит..үч.чекит.

Кибертерроризм деген эмне?

Элмурат Аширалиев
382
Кибертерроризм деген эмне?

Бул терминди укканда караңгы бөлмөдө компьютердин алдында кандайдыр кылмыш жасайын деп отурган беткапчан бирөө элестейт. Ал терроризмдин башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат жана канчалык деңгээлде кооптуу?

Терроризм — биринчи кезекте коркутуп-үркүтүүнүн, зордук-зомбулук кылуунун бир түрү. Бирок коркутуп-үркүтүү же зордук-зомбулук өзүнөн өзү эле боло бербейт эмеспи. Анда кандайдыр бир максат камтылышы жана ал максат көбүнесе саясий мүнөздө болушу ыктымал. Ошондуктан жалпы өзгөчөлүктөрүнө таянып терроризмге төмөнкүдөй аныктама берсек болот: терроризм — зордук-зомбулукту колдонуу менен эл арасында коркуу сезимин жаратып, кандайдыр бир саясий максатты ишке ашыруу.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдын көңүлүн буруп, көбүрөөк адамды коркутуп өз ой-максатын ишке ашыруу үчүн террористтер ири масштабда иш алып барышат. Алардын көздөгөнү — зордук-зомбулук колдонуу аркылуу адам өмүрүнө коркунуч жаратуу. Мисалы, эл көп чогулган жерлерде адам уурдоо, барымтага алуу, массалык түрдө атуу, жардыруу сыяктуу террористтик иш-аракеттерди айтсак болот. Муну менен алар саясий күчтөргө эле өз талабын билдирбестен, коркутуп-үркүтүүгө кабылган элдин дагы саясий күчтөргө басым жасашын, натыйжада өз максатынын батыраак ишке ашышын көздөйт.

Кыстара кечтү жагдай, террористтик иш-аракетти саясий уюмдар (оңчул болобу, солчул болобу айырмасы жок), улутчул же диний топтор, ал түгүл аскер кызматкерлери, чалгын кызматы жана укук коргоо органдары сыяктуу мамлекеттик мекемелер дагы жасашы ыктымал.

Терроризмдин түрлөрү жана кибертерроризм

Террористтик иш-аракеттерди койгон максаты, колдонгон ыкмасы, карманган ишенимине карата же дагы башка өзгөчөлүктөрүнүн негизинде ар кандай топторго бөлүүгө болот. Мисалы, колдонгон ыкмасы боюнча экотерроризм, кибертерроризм деген түшүнүктөр бар. Экотерроризм бул кандайдыр бир (саясий, социалдык, экономикалык) максатты көздөп айлана-чөйрөнү кыйратып жок кылуу менен коркутуп-үркүтүүнү түшүнөбүз. Ал эми кибертерроризм жөнүндө бул материалда кененирээк маалымат берүүгө аракет кылабыз.

Кибертерроризмдин башкы элементтеринин бири — компьютер, андагы маалыматтар жана жаңы технология. Аталышынан эле көрүнүп тургандай кибертерроризм курама сөз. Терроризм жөнүндө аз да болсо жогоруда токтолуп өттүк. Ал эми «кибер» деген сөзгө келсек, анын тамыры грекчеге барып такалат. Азыркы күндө ал англис тилинде колдонулуп аткан “cybernetic” (кибернетик) сөзүнүн “cyber” (сайбер, же бизче кибер) деп кыскартылган формасы. Грекчедеги түпкү мааниси «башкарууга жөндөмдүү» деген маанини туюнткан менен азыркы күндө биз колдонуп аткан кибер сөзү компьютер системасына жана тармагына байланыштуу бардык түшүнүктөрдү камтыйт.

Ошондо кибертерроризмди кандайдыр бир максатты көздөп компьютердик тармакка жана анда сакталган маалыматтарга кол салуу (бузуп кирүү, толугу менен колго алуу жана иштин жүрүшүн башкаруу) же кол салуу менен коркутуу деп түшүнсөк болот. Мамлекеттик коопсуздукка, жеке адамдарга жана коомго коркунуч келтирген кибермейкиндиктеги мыйзамсыз аракеттер деп билебиз. Анын натыйжасы чындыгында олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Жөнөкөй эле бир мисал, кандай гана маалымат болбосун дүйнөлүк желени ачып издейбиз, коммуналдык кызматтарга интернет аркылуу акы төлөйбүз, жакындарыбызга дагы интернет аркылуу акча которуп калдык… Бул эми бери эле дегенде интернеттин күн сайын жашообузда терең орун алып калганын билдирет. Ал эми дүйнө жүзүндө интернет аркылуу жүргүзүлүп аткан чоң масштабдагы, эл аралык деңгээлдеги иштерди айтпай эле коёлу. Булардын баары ар дайым кибертерроризмдин же болбосо кибер чабуулдун бутасына туш болуу коркунучунда турат. Жөнөкөй компьютерлерден тарта, банктардын, мамлекеттик мекемелердин жана коопсуздук кызматтарынын компьютердик системаларынын баары ар кандай кол салууга кабылуусу ыктымал.

Кошумчалап кетчү жагдай, кибертеррористтерди хакерлер менен адаштырбаш керек. Анткени хакерлердин баары эле жаман ойдо болбошу мүмкүн. Ал эми кибертеррористтер, аты айтып тургандай, компьютердик системага кол салып, зыян тийгизүүнү көздөйт. Ошондуктан кибертерроризм коркунучу ар дайым сакталып турат.

Ал түгүл өнүккөн өлкөлөр келечекте кибер согуштардын болушун четке какпайт. Тескерисинче, кибертерроризмге жана кибер чабуулга олуттуу мамиле кылып, ага каршы туруштук берүү үчүн тиешелүү кызматтарды даярдоого киришкен. Алардын оюнча, бир күн келип кибер дүйнө дагы согуш талаасына айланышы толук ыктымал жана ал чөйрөдө мурдагыдай «бетме-бет» кармашуу талап кылынбасы белгилүү.

Интернет азыр таптакыр башкача, 5-10 жыл мурдагыдай эмес. Интернет кызматтар көбөйдү, дүйнөлүк желеде көбүрөөк акча, көбүрөөк маалыматтар чогула баштады. Ошол эле учурда киберкылмышкерлер дагы өнүгүп жатат – алар кесипкөй, алда канча акылдуу жана ач көз болуп баратышат. 

Материалдын башындагы беткапчан компьютер тиктеп отурган адам качанга чейин жашообузга коркунуч туудурган иштерди жасашы мүмкүн? Качан гана интернет жана жаңы технологиялар жашообуздан толугу менен чыгып кеткенде... Ага чейин кибертерроризм коркунучу адамзат жашоосунда сакталып кала берерин эстен чыгарбайлы.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.