.үч.чекит..үч.чекит.

Терроризм жана экстремизм үчүн жазаланган үй-бүлөлөр жөнүндө кантип жазуу жана кантип айтуу керек

үч чекит редакциясы
1061
Терроризм жана экстремизм үчүн жазаланган үй-бүлөлөр жөнүндө кантип жазуу жана кантип айтуу керек

Маалымат каражаттар жана өкмөт терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон үй-бүлөлөрдүн радикалдашуусунун коркунуч факторлору болушу мүмкүн экендиги жөнүндө медиаэксперт Зарина Ахматова айтып берди. Адамдардын беделине шек келтирбестен, алар жөнүндө журналисттер кантип жазуу жана айтуусу керектиги тууралуу маегибиздеги негизги ойлор менен бөлүшөбүз.

Бул адамдар жөнүндө жазууда бардык башка адамдар жөнүндө жазгандай эле этикалык нормаларды сактоо менен жазуу керек. Айрым сөздөргө баа берген учурда бул медиа же журналисттин этикалык нормаларына байланыштуу суроолор пайда болот.

Журналист радикалдардын тарбиясына жана алар чоңойгон үй-бүлөлөргө моралдык баа берүүгө укугу жок.

Фактылардын журналистикасы сыяктуу эле ой-пикирлердин да журналистикасы бар.

Бардык ММКлар көз карандысыз, алар өзүлөрүнүн коллективинде жана редакциясында кабыл алынган чечими боюнча гана маалыматты таратышат деп айтууга болбойт. Тигил же бул маалымат ушул ММКлардын расмий позициясында көрсөтүлөт. Бул материалдардын бардыгы учурдагы мыйзам чыгаруу өкүлчүлүгүнүн текшерүүсүндө болору түшүнүктүү.

Биз улуттук коопсуздук үчүн сөз эркиндигин курмандыкка чалабыз. Жакшыбы же жаманбы – бул түбөлүк дилемма. Бирок ал жөнүндө ойлонуу жана сүйлөшүү дагы деле керек.

Журналист өзүнүн материалдарынын кесепеттери жөнүдө кеңири ойлонушу керек. Аягы жаман болсочу? Кайсы учурда жаман болот – унчукпай койгондобу же айткандабы? Ал эми айтуу зарыл болсо, кантиш керек?

Журналист бул адамдарга карата «тексиз», «тарбия көрбөгөн», «жер менен жексен кылуу» деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп макала жазганда, бул сөздөрдүн бардыгы күчтүү эмоционалдык касиетке ээ болот. Мындай сөздөргө карата кылдат мамиле кылуу керек, анткени ал үй-бүлөлөрдү минтип күнөөлөгөндө «ооба, чындыгында балдарыбыз туура эмес кылышты, биз аларды тарбиялай алган жокпуз» деп макул боло калышпайт. Зулумчулук жана теракт – бул жаман экендигин көрсөтүүнүн дагы башка жолдорун тапса болот. Ал адамдарды башка тараптан көрсөтүү керек. Чыныгы адамдарды, адамгерчиликти көрсөтсө, аудиторияга таасир этүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кылмышкерлерди гана эмес, ошондой эле алар менен кандайдыр бир байланышта болгон адамдарды күнөөлөп жатып, алардын радикалдашуусуна себепкер болуп калышыңыз мүмкүн.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.