

Интернетте баланы көзөмөлдөсө болобу? Телефон, компьютердин функциялары тууралуу


Адистердин айтымында, эки жашка чейинки балдардын интернетке такыр кирбегени жакшы. Ал эми 2-10 жаштагылар күнүнө бир саат онлайн болсо, өспүрүмдөр интернетте күнүнө эки сааттан ашык отурбашы керек.
Бирок, ата-энелер мындай эрежелерди кармана албашы толук мүмкүн. Анткени, технология өнүгүп, алар болсо балдарын интернеттеги зыяндуу маалыматтардан коргоо аракетинде. Албетте, бул маселени телефон чыгарган компаниялар деле эске алышкан. Тагыраагы, компьютер, смартфондордогу атайын функциялар аркылуу баланы интернетте көзөмөлдөсө болот.
Мисалы, мындай функциялар баланын кайсы сайтка киргенин, соц.тармакта канча убакыт отурганын, каерде жүргөнүн көрсөтүп турат. Ошондой эле, кайсы бир сайттарды ачылбай турган кылса да болот. Иштеп чыгуучулардын айтымында, аталган функциянын максаты — интернет шылдыңынан (кибербуллинг) жана онлайн шылуундуктан сактоо.
Көзөмөл функциясы адатта телефон, компьютердин менюсуна орнотулган болот. Ал гаджеттин модели, компаниясына жараша ар башкача аталат.
Мисалы, аны Android телефондорунда (Samsung, Xiaomi):
⚙️Жөндөөлөр (Настройки);
⚙️«Ата-эненин көзөмөлү» (Родительский контроль) деп жазылган.
Ал эми iOS телефондорунан (iPhone):
⚙️Жөндөөлөр (Настройки)
⚙️«Экран убактысы» (Экранное время) же «Чектөөлөр» (Ограничения) деп издеп көрүңүз.
Мындан сырткары, акы төлөнүүчү программаларды да жүктөп алса болот. Аларда мүмкүнчүлүктөр көп: телефон чалууларды, СМС каттарды көрө алат. Ал эми «Google family link» программасын бардык түрдөгү компьютер жана телефондорго акысыз орнотуу мүмкүн. Анын жардамында:
🔸баланын интернетти колдонуу убактысын чектеп,
🔸түнү аралыктан туруп баланын телефонун жаап,
🔸интернеттен жүктөлүп жаткан файлды өчүрүп,
🔸кайсы бир сайттарды бөгөттөп,
🔸же баланын кайсы жерде жүргөнүн көрө аласыз.
«Көзөмөлдөө эмес медиасабаттуулук маанилүү»
Бирок адистердин пикиринде, мыңдай функцияларды колдонуу — бул аңдуу. Мындай аракеттер баланын жакындары менен мамилесине доо кетирет дешет. Ошондуктан, көзөмөл функциясын колдонуп баштаган ата-эне балага убакыт бөлүү жоопкерчилигин да унутпаганы туура. Мисалы, баланын достору менен тамактануу жана ойноо кечесин өткөрүү, кызыгууларын активдештирип, ийримдерге берүү.
Ал эми психологдор эң негизгиси бала менен интернетте да достошуу зарыл дешет. Анын сүйүктүү онлайн оюнун чогуу ойноп, кийинчерээк оюнга чеги менен убакыт коротууга бирге аракеттенгендей болуу керек. Андан кийин гана көзөмөл функциясын жандырганын айтып, «жеке чек араңды бузбайбыз. Бул функция болгону интернет оюнун маал-маалы менен ойноону эстетүү үчүн гана» — деп диалог кылуу абзел.
Баланын интернеттеги кыймыл-аракетин көзөмөлдөөдөн да жакшы чара — бул интернетти колдонуу сабатын жакшыртуу. Мисалы, интернетте шылуундар, зыян жеткирүүчүлөр бар экенин түшүндүрүп, шектүү маалыматтарды анализдөөнү үйрөткөн жакшыраак:
👉 жарнамалардын таасирин жана онлайн сатып алууда сак болууну;
👉 расмий эмес сайттардан музыка, оюн, программаларды жүктөбөөнү;
👉 бейтааныш адамдар менен достошпоону, кат жазышпоону;
👉 жеке маалыматтарды — үйдүн, мектептин дарегин, телефон номер, электрондук почтаны жазбоону;
👉 керек учурда арыздануу (пожаловаться) буйругун колдонгонду ж.б
Көзөмөл функциялары ата-энелерге эки маселени чечүүгө жардам берет. Биринчи — кичинекей балдардын интернетти колдонушун байкоо, экинчиси — өспүрүм курактагылардын интернетке көз карандылыгынын алдын алуу үчүн. Башкача айтканда, көзөмөл функциясы жардамчы гана. Демек, баланын медиасабаттуулугуна атайын программалар эмес, ата-энелер жооптуу.