

Тандоо жана фрейминг (Ал эмне?)


Көп учурда акыл калчап, чечим чыгарганга убактыбыз жок. Мындай учурларда коюлган суроо же сунуш кандайча берилгендиги олуттуу мааниге ээ. Төмөндө биз фрейминг деген эмне жана ал чечимдерди кабыл алуу үчүн кандайча колдонуларын айтып беребиз.
*Фрейминг – маалыматтын берилүү формасы адамдын кабыл алуусуна таасир эткен когнитивдик бурмалоо. Бир эле ой формулировкага жараша терс жана оң маанайда көрсөтүлүшү мүмкүн.
Сиз жүрөгүңүздүн дартынан жапа чегип жатканыңызды жана дарыгер оор операция жасоону сунуштаганын элестетип көрүңүз. Албетте, ийгиликтүү жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүнө кызыкдарсыз. Дарыгер: «Ушундай эле операция жасалган 100 бейтаптын ичинен 90у беш жылдан кийин кадимкидей жашап кетишкен», – дейт. Эмне кылуу керек? Эгерде фактылар ушундай иретте келтирилсе, анда дарыгердин айткандары көңүлдү көтөргөндөй сезилет. Кыязы, сиз операцияга макул болосуз.
Эми дарыгер ошол эле жоопту башкача формада айтты дейли: «Ушундай эле операция жасалган 100 бейтаптын ичинен 10 адам беш жылдын ичинде көз жумган». Көпчүлүк учурда, мындай билдирүү жагымсыз угулат, үрөйдү учурат. Албетте мындай билдирүүдөн кийин операциядан баш тартуулар болот. Автоматтык система «Көп адамдар өтүп кетиптир, бул менин башыма да келиши мүмкүн!» деп ойлонтот. Чындыгында, «100дүн 90у жашап жатышат» жана «100дүн 10у көз жумду» деген сөздөрдүн мааниси бирдей болгондугуна карабастан, бул сөздөргө карата адамдардын мамилеси абдан эле айырмаланат.

Жада калса, эксперттер дагы фреймингдин таасирине кабылышат.
Фрейминг көп тармактарда мааниге ээ. 1970-жылдары кредиттик карталар популярдуу болуп турган кезде, айрым чекене сатуучулар товарларга накталай жана карта аркылуу төлөмдөр үчүн ар кандай бааларды коюну киргизип башташкан. Анткени, кредиттик карталарды чыгарган компаниялар адатта ар бир сатып алуу үчүн алардан 1% алышат. Мунун алдын алуу үчүн эрежелер иштелип чыккан. Бирок мыйзам долбоорун Конгресстин кароосуна коюудан мурун, анын демилгечилери тексттин формулировкасына өзгөчө көңүл бурушкан. Жыйынтыгында төмөнкүдөй текст түзүлгөн:
Эгерде компания кардарларга накталай жана карта менен төлөө үчүн ар кандай бааларды белгилесе, анда накталай эмес төлөнгөнү стандарттуу баа болуп саналат. Жана накталай акча менен сатып алуунун арзандыгы атайын арзандатуу менен негизделет. Ал эми карта колдонуучу кардарларга кошумча сумманы кошпоо керек. Кредиттик карталарды чыгарган компаниялар соода-сатыкта психологдор кийинчерээк фрейминг деп аташкан мыкты интуитивдик мамилени жөндөшкөн.
Көп учурда тандоо көйгөйдүн формулировкасына жараша ишке ашат.
Бул саясатта дагы маанилүү. Учурда энергияны үнөмдөө маселеси курч турат. Маалыматтык кампаниялардын варианттарын карап көрөлү:
а) Энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен жылына 350 доллар үнөмдөй аласыз;
б) Электр энергиясын үнөмдөбөсөңүз, анда жылына 350 доллар жоготосуз.
Жоготууларды көрсөтүү менен түзүлгөн «б» варианты «а» вариантына караганда кыйла натыйжалуу болуп саналат. Эгерде өкмөт энергияны үнөмдөөгө түрткү бергиси келсе, «б» варианты эң сонун болмок.
Адамдар ойлонбостон, пассивдүү чечимдерди кабыл алууга жакын болгондуктан, мындай кайрылуу жакшы иштейт. Рефреймингге кайрылуу жана башкача жооп алуу үчүн алар аналитикалык системаны колдонушпайт. Эмнеге? Себеби алар карама-каршылык болуп калса эмне кылышты билишпейт. Формулировканы туура түзө билүү – эң күчтүү түрткү, андыктан аны кылдаттык менен колдонуу керек.