

Таанышып алыңыз: шылуун инфо-бизнесмен


«Жумасына 1000 доллар тапкыңыз келеби?», «Аз убакыт ичинде кирешелүү бизнес ач!», «Бүгүн 5000 сом инвестиция кылып, алты айда 1000000 алыңыз!». Ушул сыяктуу макалалар ар дайым окурмандын көңүлүн өзүнө бурат. Айрымдары бул маалыматка маани бербеши мүмкүн, бирок ага чын эле ишенгендер да кездешет. Кыска убакыт ичинде гүлдөгөн бизнес курууну «үйрөткөн» бул адамдар ким болду экен?
Шылуун инфо-бизнесмен — интернетте же жашоодо бизнес, ийгилик, киреше менен байланышкан маалыматты сатып, акча тапкан адам. Ал өзүн «бизнес-тренер» же «коуч» деп атайт да, бизнес баштоого, аны өнүктүрүүгө, аз убакта көп киреше табууга багытталган даяр курстарды сатат. Ошол эле учурда бул курстар тууралуу маалыматты ар бир адам ачык булактардан таап, окуп, билип алса болот. Көпчүлүк учурда мындай «окутуулардын» баасы бир топ акчаны талап кылат жана бир гана курс менен чектелбейт. Ага карабай, ишенчээк адамдар карызга батып, үмүттөндүргөн курстарга барып жүргөн учурлар кездешет.
Мындай шылуундардын торуна түшпөө үчүн аларды даана аныктап билгенибиз оң. Аларды аныктоодо эмнелерге көңүл буруу керек:
- Чыныгы тажрыйбанын жоктугу. Тренер өзүн ийгиликтүү ишкер же бизнесмен катары көрсөткүсү келет. Ал өзүнүн долбоорлору тууралуу көп айтат. Бирок, көп учурда бул маалымат чындыкка дал келбей калат да, текшере келгенде анын бизнеси күмөн жаратарлык же дээрлик жок экени аныкталат. Андыктан, анын наамында уюмдар же компаниялар бар же жок экенин сиз өз алдыңызча аныктасаңыз болот. Ал үчүн Юстиция министрлигинин сайтына же OsOO.kg порталына кирип, тренердин аты-жөнүн терип, издеп көрүңүз.
- Болуп көрбөгөндөй ийгилик убадалайт. Тренердин айтымында, ар бир адам аз убакта болуп көрбөгөндөй жеңишке жетип, кыялындагы жашоону орундата алат. Аудиториядан бир гана нерсе талап кылынат: акча төлөп, анын курстарына катышуу жана алган билимди иш жүзүндө колдонуу.
- Бардык суроолорго жооп таба алат. Албетте ал «телегейи тегиз» жашоого жетишкен жана бир эле учурда ийгилик, бизнес, сүйүү, үй-бүлөө, киреше, ден-соолук темаларын беш колундай «өздөштүргөн». Себеби, бир гана тема тууралуу кеңештерин ал бир гана жолу сата алат да!
- Ар дайым позитивдүү ой-жүгүртүүгө үндөйт. Ал ийигиликке жетише албаган, карызга баткан адамдардан алыс болуп, дайыма позитивдүү, оптимист, өзүнө ишенген, капчыктуу адамдар менен гана баарлашууга кеңеш берет. Мындай жол менен ал сиздин критикалык ой-жүгүртүүңүзгө терс таасир тийгизип, мүмкүн болушунча өз пикирин таңуулоого аракеттенет.
- Жалгыз жүрбөйт. Тренингде бир нече адам «өз ийгиликтери» менен бөлүшөт. Алар мурда кыйын кезекти башынан өткөргөнүн белгилеп, аны кандай жол менен жеңгени тууралуу айтып берет. Муну менен алар катышуучуларды үмүттөндүрүп, аларга мүмкүн болушунча көбүрөөк таасир бергенге аракеттенишет. Бирок ал адамар акчага жалданган болушу мүмкүн, ошондуктан алардын айткандары да чындыкка дал келбестигин эсиңизден чыгарбаңыз.
- Жетишкен жашоону даңазалайт. Өзүн көбүн эсе миллионер катары тааныштырып, саат, унаа, саркеч кийим ж.б. кымбат баалуу буюмдарын, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдө саякаттаганы тууралуу сүрөттөрүн өз сайттарына, брошюра, баннер жана социалдык тармактардагы баракчаларына чыгарып турат. Бирок, сүрөт чындыкка канчалык деңгээлде дал келет?
- Ораторлук чеберчилик. Шылуун инфо-бизнесмендин чыныгы жетишкендиги — сөз байлыгы жана өз пикирин так, туура жеткире алгандыгы. Алар дикция жана интонацияны жогорку деңгээлде өздөштүрүп, мимика менен жесттерди өтө активдүү колдонушат. Эң негизгиси, лидерлик сапаты менен угарманды өзүнө тартып алат жана көп учурда катышуучулардын сүймөнчүгү болуп калат.
- Атактуу адамдарды колдоно билүү. Тренер сөзсүз түрдө атактуу адам: шоу-бизнес өкүлү, саясатчы же чыныгы бизнесмен менен тааныштыгы бар экенин айтып өтөт же ал менен бирге түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшөт. Ошол эле учурда тигил белгилүү адам өз ысымын бирөө пайдаланып жатканын билбеши мүмкүн. Ал эми тренингдин катышуучулары атактуу адам менен болгон сүрөт чынында кандай жагдайда тартылганын элес албайт.
- Мурдагы окуучулардын ийгилиги. Инфо-бизнесмен буга чейинки өткөргөн тренингдериндеги катышуучуларынын ийгилигин айтып өтөт. Албетте, анын мурдагы курстарынан соң, катышуучулар өз алдынча бизнес курду, сүйүктүүсүн тапты же башка кыялын орундатты. Мурдагы катышуучулардын тренинг тууралуу пикирин сиз интернеттен окуп алсаңыз болот. Айтмакчы, терс пикирге көбүрөөк көңүл буруңуз, себеби оң пикирлер ойдон чыгарылышы мүмкүн.
- Эмоция жана күмөн санаткан сандар. Инфо-бизнесмендер көбүнчө манипуляция ыкмаларын колдонуп, катышуучуларды өз торуна түшүрүүнү көздөйт. Ал үчүн кооз сөздөр, эмоциялар жана цифралар пайдаланылат. Андыктан, окутуучунун ийгилигине өзү же анын тегерегиндегилер эмес, McKinsey, Deloitte сыяктуу абройлуу, кызыкдар эмес аудиторлук компаниялар баа бергени оң.
Мына ушундай, достор. Биз шылуун инфо-бизнесмендердин окутуулары сөзсүз түрдө чоң секирикке алып келбейт дегенден алыспыз. Бирок, алар берген маалыматты сиз ачык булактардан өзүңүз деле таап, билип алсаңыз болот. Эң башкысы, биз сунуштаган ыкмалар аркылуу чыныгы мыкты тренер менен шылуун «тренерди» даана айырмалай билиңиз.