

Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне жана аны кантип өнүктүрсө болот


Сынчыл ой жүгүртүү – бул маалыматты талдоого, андан жыйынтык чыгарууга жана талдоонун негизинде чечим кабыл алууга, ошондой эле өз пикириңди калыптандырууга жана өз позицияңды коргоого мүмкүнчүлүк берген 21-кылымдын маанилүү көндүмдөрүнүн бири.
Сынчыл ой жүгүртүү эмне үчүн керек
Жумушта. Бүгүнкү күндө кайсы гана тармакта болбосун адистер күнүмдүк иш-аракеттерди мыкты аткарып гана тим болбостон, стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдорун жана ыкмаларын таба билиши керек. Талкууну компетенттүү жүргүзүп, өз көз карашын далилдей билген адамдар жогору бааланат. Сынчыл ой жүгүртүү иш тапшырмаларын ар кандай өңүттөн баалоого жардам берет жана так эместик же жетишсиз маалымат менен байланышкан каталардан сактайт.
Күнүмдүк жашоодо. Адам күн сайын өз алдынча чечим чыгара билиши керек, ал үчүн кээде толук эмес же туура эмес маалыматка таянган учурлар да болот. Бул чечимдер окууга же жумушка гана эмес, ден-соолукка, жашоого, жеке мамилелерге да байланыштуу болушу мүмкүн. Сынчыл ой жүгүртүү иш-аракеттердин мыкты ыкмасын жана вариантын тандап алууга, олуттуу каталардан алыс болууга же аларды тез арада оңдоонун жолун табууга мүмкүндүк берет.
Сынчыл ой жүгүртүүнү кантип өнүктүрсө болот
🏺 Билим казынаңызды толуктаңыз
Курчап турган дүйнө жөнүндө жетиштүү көлөмдөгү билимиңиз болбосо сынчыл ой жүгүртүү мүмкүн эмес. Билимиңиз канчалык терең болсо, салыштыруу да жана талдоо да оңой. Көйгөйгө сын көз менен баа берүүдөн мурун, аны ар тараптан кароо зарыл, башка окуялардын контекстинде кырдаалды көрүүгө, анын өнүгүшүн өз убагында байкоого жардам берет.
Билим казынаңызды дайыма ар тараптан толуктап туруңуз:
- көркөм жана илимий-популярдуу адабияттарды окуу;
- билим берүү порталдарында жарыяланган даректүү тасмаларды жана лекцияларды көрүү;
- адамдарды жана алардын жүрүм-турумун байкоо – бул алардын иш-аракетинин себебин түшүнүүгө жана ар кандай кырдаалдарда өз ара аракеттенүү стратегиясын иштеп чыгууга жардам берет;
- адамдар менен баарлашуу, алардын ой-пикирин жана тажрыйбасын суроо – бул сизге кандай гана маселе болбосун позицияңызды өркүндөтүүгө же тактоого мүмкүндүк берет.
❓ Суроо бергенди үйрөнүңүз
Кызыгуу жана билимге суусоо сынчыл ой жүгүртүүнүн негизи болуп саналат жана ушул суусоону кандыруу үчүн суроолорду туура түзө билүү керек. Ар кандай темада суроолорду берүүгө машыгыңыз. Мисалы, өзүңүзгө жаккан кино, китеп, сүрөт, кубулуштар же окуялар жөнүндө элүү суроо түзөм деп план коюңуз. Кандайдыр бир суроону изилдеп жатканда, бардык аспектилерге кызыгып, көйгөйдү ар тараптуу карап, суроолорду берүү менен деталдарын тактаңыз.
📚 Тексттерди окуп, талдап чыгыңыз
Сынчыл ой жүгүртүү китептерден жана интернеттен алынган маалыматтарды ар дайым талдоонун аркасында өнүгөт. Ар бир окуган текстти белгилүү бир үлгү боюнча талдаңыз:
- Бул текст кандай максатта жазылган, автор кайсы аудиторияга кайрылып жатат, кандай ойду айткысы келет;
- Текстте кандай маселе сүрөттөлгөн, аны чечүүнүн бирден-бир жолу барбы же ар кандай варианттары барбы;
- Маселе боюнча автор кандай көз карашта;
- Автор өз көз-карашын коргоодо кандай жүйөөлөрдү келтирет, алар көйгөйгө түздөн-түз тиешеси барбы же кыйыр түрдөбү;
- Автор өзүнүн ой жүгүртүүсүн кандайча курат: ар бир берилген фактыны далилдейби же аны жөнөкөй нерсе катары «Баардыгы билишет...» деп кабыл алууну сунуш кылабы. Адатта дал ушундай жалпылоолордо окурманды башкарууга жана көйгөйгө карата бурмаланган мамилени калыптандырууга багытталган ишенимсиз маалыматтар камтылат;
- Текстте кайсынысы фактылар, ал эми кайсынысы алардын чечмелениши экендигин аныктоо максатында учурдагы окуялар жөнүндө интернетте макалаларды окуп, бирин экинчисинен бөлүп кароого машыгыңыз;
- Текстте кандайдыр бир жашыруун маани же подтекст барбы, эгер болсо, ал тексттин жалпы маанисин кандайча өзгөртөт.
💻 Альтернативдүү маалымат булактарына кайрылыңыз
Сынчыл ой жүгүртүү берилген көйгөй жөнүндө ар кандай, кээде карама-каршы көз караштар менен таанышууну сунуштайт. Маселени изилдеп жатып, ар кандай булактарга кайрылып, алынган маалыматтарды салыштырып, ырааттуулукка, толуктукка, ишенимдүүлүккө баа бериңиз жана карама-каршылыктарды аныктаңыз. Ишенимдүү маалымат – бул тастыкталган расмий булактардан алынган жана конкреттүү фактылар менен далилденген маалымат. Интернеттеги макалаларда ишенимдүү маалыматтын булагына шилтеме болушу керек.
🧩 Варианттарды ойлоп табыңыз
Сынчыл ой жүгүртүү дегенибиз – бул белгилүү бир факторлорго жараша кырдаалды өнүктүрүүнүн ар кандай варианттарын көрүү жана бул варианттардан эң оптималдуу, ыңгайлуу жана натыйжалуусун бөлүп алуу.
- Ар кандай турмуштук кырдаалда иш-аракеттериңиздин боло турган жыйынтыгын алдын-ала айтууну үйрөнүңүз. Чечим кабыл алып жатканда, жыйынтыктын боло турган бардык варианттарын кагазга жазып, ар бирине баа бериңиз, ийгиликсиздиктин же мүмкүн болуучу терс жактарды азайтуунун жолдору жөнүндө ойлонуңуз.
- Кыйын кырдаалдарды ойлоп таап, ал көйгөйлөрдү чечүү жолдорунун тизмесин түзүңүз.
- Китептердеги же фильмдердеги окуянын өнүгүшүнө таасир эткен каармандардын аракеттерин талдаңыз. Каармандын жашоосун же жакшы же жаман жагына өзгөртө турган альтернативдүү варианттарды ойлоп табыңыз.
🧷 Жаңылыштыктарды талдаңыз
Эч нерсе кылбаган адам жаңылбайт дешет. Ката кетирүү өзүн-өзү кемсинтүүгө себеп эмес, ал андан кийин акылдуураак, жакшыраак жана натыйжалуу жасоого үйрөткөн жол. Ар бир катаны талдоого конструктивдүү мамиле жасаңыз: аны табыңыз, ага алып келген себептерге баа бериңиз, канткенде аны болтурбай коюу болорун ойлонуңуз.
Булагы: Фоксфорд