.үч.чекит..үч.чекит.

Стереотип деген эмне жана ал мага кантип таасир этет?

Элмурат Аширалиев
891
Стереотип деген эмне жана ал мага кантип таасир этет?

Стереотиптер ар кандай болот. Алар адамдардын улутуна, саясий көз карашына, жынысына, экономикалык абалына, ишенимине жана башка сыпаттарына карата айтылып келет. Айрым стереотиптер чындыкка жакын, кээ бири чындыктан өтө алыс болушу мүмкүн. Ошондой эле стереотиптер убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө учурашы дагы ыктымал.

Мисалы, “нарындыктар этти көп жейт” деген сөздү көп эле уксаңыз керек. Бул ой чындыкка жакын туюлгандай болгон менен негизинен стереотип болуп эсептелет. Өтө жөнөкөйлөтүп жалпылап жатабыз. Коомдо мындай көз караш калыптанып калганы чын. Бирок нарындыктар мындай турсун, Кыргызстан дүйнөдө этти эң көп жеген өлкөлөрдүн катарына кирбейт. АКШ жана Австралия өлкөлөрүндө бир адам жылына 100-150 кг чейин эт жесе, Кытай жана Орусия мамлекеттеринде бул көрсөткүч 50-100 кг түзөт. Ал эми Кыргызстанда бир адам жылына болгону 10-50 кг чейин эт керектей тургандыгы аныкталган (2013-жылга карата маалымат).

Эң кеңири тараган стереотиптерге мисалдар:

  • Сүннөт кийинген адамдын баары ыймандуу: Мисалы, эркектер сакал коюп, узун кийинип, кыз-келиндер хижаб кийип жүрсө автоматтык түрдө ыймандуу жана адеп-ахлактуу деп кабыл алышат. Ал эми диний атрибуттары жок болгон адамдарды ыймансыз деген терс стереотип кеңири жайылган.
  • Орус тилинде сүйлөө маданияттуулуктун белгиси: Кыргыз коомунда орус тилин билбесе сабатсыз жана маданияты дагы төмөн деңгээлде деген жаңылыш түшүнүк бар.
  • Кытайдын товарлары сапатсыз: Товардын сапатын аныктай турган тарап — бул кытай өндүрүүчүлөрү эмес, буйрутма берүүчүлөр. Дүйнөдөгү Apple, Adidas сыяктуу ири компаниялардын товарларын колдонсоңуз, этикеткасын карап көрүңүз, “Кытайда жасалган (Made in China)” деп жазылганын көрөсүз.
  • Майыптыгы бар адам дайыма жардамга муктаж: Бул стереотип майыптыгы бар адамдардын көңүлүн чөгөртөт. Алардын көз карандысыздыгына шек туудурат жана эч качан толук кандуу жашай албайт деген ишенимди жаратат. Дал ушул туура эмес ой-жүгүртүүдөн улам майыптыгы барларды жумушка алышпайт.
  • “Бурул, Уулкан” деген ысымдар: Ата-энеси уулдуу болууну абдан каалаганда кыздарга коюлган аттар. Ысымды койгондо эле уулдуу болуп кетүү медициналык жактан далилденген эмес.
  • Аял чыдашы керек: Үй-бүлөдө күйөөсүнүн же башка туугандарынын терс мамилесине кабылганда келинге “эмне болсо да унчукпа, чыдап жаша” деген көз караш коомдо кеңири тараган.
  • Батышта адамдар билимдүү: Батышта билимдүү адамдар көп болушу мүмкүн, бирок баары билимдүү эмес. “Кой аксагы менен миң” деген cөз ар бир эле коомго тийиштүү. Батышта дагы билимсиздер, кылмышкерлер, байлар, кедейлер бар. Алар биздей эле адамдар, биздей эле билимдүү. Анын үстүнө Батыш өз ичине бири-биринен айырмаланган көптөгөн мамлекеттерди, маданияттарды камтыйт.
  • Милиция менен доктурга күнүң түшпөсүн: Бул көз карашты милиция менен доктурдун терс мамилесине туш болгон бирөө айткандыр. Бирок укук коргоо органдарынын жана дарыгерлердин баарын жаман, адамдарды кыйнайт деп айта албайбыз. (Сиз дагы кандай стереотиптерди билесиз?)

Стереотиптин пайда болуусу жана таасири

Стереотиптерди кимдир бирөө атайын отуруп алып ойлоп таппайт. Дегеле биз, адамдар, категориялар (калыптар) менен ой жүгүртөбүз. Ансыз айлана-чөйрөбүз, жашообуз түшүнүксүз, маанисиз нерсеге айланат.

Адамдар айланасындагы татаал көрүнүштөрдү жөнөкөйлөтүп түшүнүү үчүн ошол калыптарды колдонот. Бирок кээде адамдардын кандайдыр бир категориялары зыяндуу жана кооптуу болушу ыктымал. Зыяндуу категориялар же болбосо терс стереотиптер коомдук жашоодо ынтымакка доо кетирип, бөлүнүп жарылуучулукка алып барышы ыктымал. Мисалы, масс медиада “мусулмандарды террорист кылып көрсөтүү аракети” коомдо мусулмандарга карата терс стереотиптердин калыптанышына түрткү болгонун айта алабыз.

Жогоруда да айтылгандай (Батышта адамдар билимдүү), ар бир коомчулуктун күчтүү жана алсыз тараптары, ийгиликтери жана көйгөйлөрү болушу мүмкүн. Ал топко кирген бир адамга карап, ошол топтогу адамдардын баарын бирдей көрүү — бул стереотипке жол ачат. Ошондуктан жалпылоонун ордуна, ар бир адамга өз-өзүнчө карап баа берүүгө, мүнөздөөгө аракет кылуу орундуу. Айталы, Батышта бир билимдүү адамды көрүп алып, батыштагылардын баары билимдүү экен деп албай, же болбосо тескерисинче, бир кылмышкерди көрүп, баары ошол кылмышкердей экен деп эсептебөө керек.

Стереотиптерди кандай гана формада болбосун, жалпысынан алганда, колдонбоого аракет кылыш керек. Өзгөчө коомдогу азчылыктарга (диний, улуттук, жб.) жана аялуу катмарга кирген адамдарга (жетим-жесирлер, майыптыгы бар адамдар, жб.) карата стереотиптерди колдонуу өтө зыяндуу. Себеби, стереотиптердин негизинде басымга кабылган мындай адамдар ийгилик жарата албай, тескерисинче ого бетер чөгүп, колдонулган стереотиптердин коомдо бекемделишине алып келет.

Стереотиптерден кантип арылса болот?

Бул суроонун жообу психологдорду, социологдорду жана башка адистерди азыркы күнгө чейин кызыктырып келе жатат. Албетте, так бир жооп берүү мүмкүн эмес. Бирок жалпылап төмөнкүлөрдү айтсак болот:

  • Эгер чын эле стереотиптерден арылгыңыз келсе, анда чын дилден аракет кылуу керек. Биринчи орунда, көз карашыңыз же иш-аракеттериңиз кандайдыр бир стереотипке негизделип атабы — ойлонуп көрүңүз. Мисалы, стереотипке негизделген (өзгөчө басынткан) азил-тамашаларга күлбөй, эң жөнөкөйүнөн баштап көрсөңүз болот.
  • Сиз жакшы билбеген адамдар жөнүндө альтернативдүү булактардан маалымат алыңыз жана алар менен аралашып, сүйлөшүп көрүңүз. Стереотиптер көбүнесе сиз билбеген темаларда калыптанат. Алар менен канчалык көп сүйлөшсөңүз, стереотип ошончолук азаят. Анан албетте коомдогу стереотиптер менен күрөшкөн адамдарды жана уюмдарды колдоңуз.

Жыйынтыктап айтканда, бизден өзгөчөлөнгөн адамдар жөнүндө маалымат алууга кызыгалы жана ар түрдүү көз караштарга ачык бололу. Стереотиптерди азыр ар кадам сайын учуратууга болот. Алар бардык эле коомдо бар. Бирок пайдасынан зыяны көбүрөөк болгондуктан стереотиптерден арылууга аракет кылалы.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.