.үч.чекит..үч.чекит.

Статистиканын когнитивдик тузактары

үч чекит редакциясы
262
Статистиканын когнитивдик тузактары

Медицинабы, саясатпы, камсыздандыруубу, бизнеспи – кайсы гана тармакты тандабайлы, алардын ар бири статистика менен тыгыз байланышта. Албетте, бул биздин жашообузга өзүнүн таасирин тийгизет. Биз башка маалыматтарга караганда сандарга көбүрөөк ишенебиз. Ошентсе да, так көрүнгөн бул математикалык тармакта дагы манипуляция орун алган.

Тандоо

Статистикалык изилдөөлөрдүн натыйжалары менен таанышып жатканда биринчи кезекте тандоого (кокустан тандалган топ) көңүл буруу керек. Сурамжылоону бардыгы менен жүргүзүү мүмкүн болбогондуктан, социологдор кокустуктан тандалган адамдардын пикирине таянат, алар жалпы реалдуу картинаны чагылдырат. Бул жалпыланган жыйынтыкты берүүчү тандалма. Бирок көп учурда башкача да болушу мүмкүн.

1948-жылы бардык сурамжылоолор президенттикке талапкер Томас Дьюинин алдыдагы шайлоодо жеңишке жетерин алдын ала айткан. Бирок, өлкөнүн башкы орундугу Гарри Трумэнге өткөн. Эмне үчүн мындай болуп калды? Социологдор абдан чоң тандалманы сурамжылашкан, бирок алар менен телефон аркылуу маектешкен. Ошол мезгилдерде америкалыктардын чектелген пайызы, негизинен, ири шаарлардын тургундары гана телефонго ээ болушкан. Натыйжада, калктын ири катмары изилдөөдөн четте калган. Анда муну кокустук катары баалашкан, ошентсе да көбүнчө тандалма манипуляция үчүн колдонулушу мүмкүн.

Орточо маанилер

Көпчүлүк адамдар «орточо» дегенди «арифметикалык орто эсеп» катары түшүнүшөт. Мисалы, бир үй-бүлөнүн 3 баласы, ал эми экинчисинин 1 баласы болсо, анда «орточо эсеп» менен аларда 2 ден бала болот. Статистикада ушуга окшош аталыштагы башка чоңдуктар бар. Муну манипуляторлор көп колдонушат.

Экстремалдуу тактык

Жогоруда белгилеп кеткендей биз сандарга көбүрөөк ишенебиз. Айрыкча так сандарга. Көпчүлүк учурларда үтүрдөн кийинки бир нече сандары болсо көбүрөөк ишеним туудурат.

Мисалы, сурамжылоодо кайсы бир партияны элдин 41,25% колдойт деп билдирсе, анда 40% деп жазылганга караганда көбүрөөк ишенебиз. Бул ыкма көбүнчө маалыматка илимдүүлүктү кошуу үчүн колдонулат.

Айырмалардын маанилүүлүгү

Жумушсуздуктун деңгээли 9% дан 8,8% га чейин төмөндөдү. Бул эмнени түшүндүрөт? Экономикалык төмөндөөнүн аякташыбы? Андай эмес. Чоңдуктардагы анча-мынча айырмачылыктар кокустан болгон өзгөрүүлөрдү чагылдырат жана эч кандай туруктуу тенденцияны көрсөтпөйт. Эгер шаарлардын биринде адамдын боюнун орточо бийиктиги 1,75 м, ал эми экинчисинде 1,73 м болсо, бул биринчи шаардагы жашоочулардын бою узун дегенди билдиреби? Албетте, жок. Олуттуу тыянак чыгаруу үчүн статистикалык өлчөөлөр кыйла айырманы көрсөтүшү керек.

Туура эмес экстраполяция

Чындыгында, бул статистикада окшоштук боюнча бурмаланган ой жүгүртүүнүн мисалы. Экстраполяция деп тыянактарды бир тандалмадан экинчисине (башка мүнөздөмөлөрдөгү) өткөрүүнү айтышат. Мисалы, эркектердин артыкчылыктарын аныктоо менен, ал артыкчылыкты жалпы элдин артыкчылыгы деп баа берүү. Өткөн учурдун тенденцияларына негизделген божомолдор да ушул типтеги когнитивдик каталардын катарына кирет. Алсак, спринтер мурунку машыгууларда аралыкты өтүүдө улам барган сайын аз убакыт көрсөтсө, анда эртеби-кечпи жүз метр аралыкты 1 секундада чуркай алат деген туура эмес жыйынтык чыгарса болот.

Ооба, статистика так математикалык илим. Бирок ал ар кандай жолдор менен чечмелене турган ыктымалдуу чоңдуктарга таянгандыктан, манипуляцияга абдан ылайыктуу. Адамдар сандарга көбүрөөк ишенгендиктен, бул анын таасирин андан ары күчөтөт. Статистикалык когнитивдик бурмалоого жол бербөө үчүн, бул илимдин терминологиясын жана ыкмаларын так түшүнүү керек.

Булагы: 4brain.ru

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.