

Соцтармактар бизди кандайча башкарат


Өткөн жылдын сентябрь айында Netflix тартуулаган «Социалдык дилемма» даректүү тасмасы социалдык тармактар бизге биз ойлогондон дагы терең таасир этерин көрсөттү. Google, Facebook, YouTube жана башка технологиялык гиганттардын мурунку кызматкерлери жана эксперттер тасмада соцтармактардын алгоритмдеринин өзгөчөлүктөрү, алардын биздин ой жүгүртүүбүзгө, жүрүм-турумубузга, жалпы жашообузга тийгизген таасири жөнүндө жана барган сайын платформалар кандайча бизди көбүрөөк убакыт коротууга мажбурлай тургандыгын айтып беришет.
Эксперттер фильмдеги маектеринде белгилүү технологиялык гиганттарда иштеген инженерлердин көпчүлүгү өз максаттарына жетүүдө адам психологиясын манипуляциялоо үчүн университеттин курстарынан өтүшкөндүгүн моюнга алышкан.
«Алар сизди азгырышат, манипуляциялашат. Алар сизден көп нерсени күтүшөт», – дейт Google компаниясынын дизайн этикасы боюнча мурдагы адиси жана гумандуу технологиялар борборунун уюмдаштыруучуларынын бири Тристан Харрис.
Соцтармактардагы жаңылыктар түрмөгү жашоого болгон көз карашыбызды тастыктоого шарт түзөт, реалдуулуктан оолактатып, «маалымат көбүгүндө» убакыт өткөрүүгө түрткү берет. Youtube алгоритминин канчалык так иштээрине көңүл буруңузчу: ал буга чейин биз көргөн видеолорубузга дал келген материалдарды жана сунуштарды дайыма жаңыртып турат.
«Бул акылы анчалык терең эмес жана оңой ынануучу адамдарга байланыштуу деп оңой чечим чыгарып койсо болот, бирок ошентсе да, алгоритм күн сайын акылдуураак болуп баратат. Бүгүн ал бирөөнү Жер жалпак экенине ынандырат, ал эми эртең ал сени дагы бир нерсеге ишендирет», – деп Youtube алгоритмин жаратуучу инженер Гийом Шасло эскертет.
Эмне кылуу керек?
«Социалдык диллема» тасмадагы эксперттердин кеңештери:
- Экран алдында өткөргөн убактыңызды анализдеңиз. Ал үчүн телефон менен канча убакыт өткөргөнүңүздү жана кайсы тиркемелерди көп колдонгонуңузду көрсөтүп туруучу атайын тиркемени телефонуңузга орнотуңуз. Өзүңүзгө социалдык тармактарга анчалык деле көп кирбегендей сезилиши мүмкүн. Бирок 2016-жылы бир нече америкалык уюмдардын биргелешкен изилдөөсү көрсөткөндөй, адамдардан экрандын алдында өткөргөн убактысынын узактыгы жөнүндө сураганда, реалдуу убакыттын жарымынан көбүн өткөрөрүн ырасташкан.
- Эскертмелерди өчүрүү. Дагы бир изилдөө колдонуучу орточо эсеп менен күнүнө 63 билдирүү алаарын көрсөткөн. Демек, сиз уктабай сергек жүргөн 16 саат ичинде 15 мүнөт сайын билдирүү аласыз. Алар сизди алаксытат, аларды текшерип турууну каалайсыз, ошентип эртеден кечке телефонго тартыласыз.
- Чектөөлөрдү орнотуңуз. Конкреттүү тиркемелерге, айрыкча социалдык тармактарды колдонууга болгон күндүзгү чектөөлөрдү киргизиңиз. Мындан тышкары, өзүңүзгө убакыт боюнча (мисалы, кечки саат 9дан кийин телефонду колдонбоо) же аймак боюнча (уктоочу бөлмөгө телефонду алып барбоо) чектөөлөрдү койсоңуз болот.
- Көрүп жаткан контентти көзөмөлгө алыңыз. Убакыт бөлүп, аккаунттарды, катталган баракчаларды карап чыгыңыз. Алардын сизге кереги барбы? «Социалдык дилеммадагы» жазуучу Джарон Ланье Youtube сунуш кылган видеолорду жактырып басууну токтотууга чакырат. Эмнени көрө тургандыгыбызды өзүбүз тандап алышыбыз керек.
- Фактыларды текшериңиз. Кандай гана маалымат болбосун, ага ишенип, анан досторуңузга жөнөтөрдөн мурун, аны бир нече жолу текшериңиз. Ишенимдүүбү же жокпу, ал маалыматтын булагын тактаңыз. Албетте, ар дайым критикалык ой жүгүртүүңүздү өнүктүрүңүз.
Булагы: Три точки. Знай, что смотришь!