

Социалдык долбоорлоо же кантип идеяны ишке ашыруу керек


aha.kg онлайн билим берүү платформасынын башчысы, жаштар саясаты, жамаатты өнүктүрүү жана коомдук башкаруу боюнча эксперт Айгүл Догдурованын ачык мастер-классынан негизгилер:
👉Социалдык долбоор
коомдун көйгөйүн чечүүгө багытталган. Бул жерде эң жакшы нерсе – каалаган
идеяны ишке ашыруу мүмкүн. Бирок ал убакыт жана ресуртар тарабынан чектелген.
Идеяны долбоорлоодо жаркын келечектин көрүнүшү, ошол көрүнүштү тең бөлүшкөн команда
жана коом тараптан колдоо болот.
👉Социалдык долбооду түзүүдө эң башкы жаңылыштык – идеяны качырып жиберүү. Ар бир идея пайда болгон сайын аны кармап калуу керек. Болбосо маалымат агымында алар жоголуп кетет.
👉Идеянын өзөгү көйгөйдө жатат. А көйгөйдү кантип таануу керек? Бул эң маанилүү нерсе. «Эмне үчүн?» деген суроону өзүңүзгө бир нече жолу кайталап сураңыз. Ошондо көйгөйдүн тамырын табасыз.
👉Көйгөй анык бир адамдарга тиешелүү болушу керек жана анык бир аймакты камтып, «Ким?», «Эмне?», «Кайда?» деген үч суроого жооп бере алуусу зарыл. Андан кийин, түзүлгөн көйгөйдү максатка айландырыңыз.
👉Эми тапшырмаларды коюңуз. Максатка жетүүнүн ар кандай методдору бар. Аларды тапшырма катары жазып алса болот. Оңой жана эффективдүү болушу үчүн 3 тапшырма менен чектелиңиз. Кийинки этапта ал тапшырмаларды аткаруунун кадамдарын түзөсүз. Ал чоң кадамдарды дагы бир нече майда кадамдарга бөлүп алсаңыз иштегенге оңой болот.
👉Иш чаранын өтүлүүчү жерин, убактысын жана жоопкер адамды белгилеп алуу маанилүү.
👉Долбоордун жүрүүсүнө мониторинг түзүңүз. Календарлык план кылып алсаңыз ыңгайлуу болот, анткени ага карап процессти контролдоо жакшы. Команданын ар бир мүчөсүндө бул календардын болгону туура.
👉Коомчулук менен байланышуу. Бул түшүнүк долбоордун эң башталышында сиз бирөө менен макулдашып жатканда эле ишке кирет. Өнөктөштөрдү иштин жүрүшүнө кошконуңуз туура. Себеби ал жоопкерчиликти сезип, долбоордун ишке ашырылып жатканына көзү жетет.
👉Аудиториянын тилин эске алыңыз. Бул жерде кыргыз же орус тили гана жөнүндө кеп болгон жок, жаштардын же улуулардын тили да болушу мүмкүн.
👉Бюджет менен иштегенде баягы сиз бөлүштүргөн кадамдар жардам болот. Ар бир кадам кандайдыр бир чыгым, каражат талап кылат. Ушул жерден балким кайсы бир кадамдар ашык жана анчалык маанилүү эмес болуп дагы чыга келиши мүмкүн. Бюджетти абдан минималдуу койбоңуз, процесс учурунда эмнелер болуп кетерин алдын ала билбейсиз. Эгер абдан чоң бааны коюп койсоңуз, шектүү көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан орточо рынок бааларын коюңуз.
👉Каражат издөөдө жалаң гана грант берүүчү уюмдар менен чектелбеңиз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрацияларына, билим берүү мекемлерине, коммерциялык эмес уюмдарга жана бизнес секторуна кайрылыңыз. Бизнесмендерге кайрылууда конкреттүү санды жана максатты көрсөтүңүз. Же болбосо жеке кайрымдуулук кылуучу адамдар да болушу мүмкүн.
👉Долбоордун жашоо циклинде бардыгы план менен жүрбөйт. Сөзсүз түрдө кандайдыр бир күтүлбөгөн нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан дайыма планга ишене бербеңиз. Ийкемдүү болуңуз.
Толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.