.үч.чекит..үч.чекит.

Эмне үчүн смартфондо Bluetoothду өчүрүп коюу маанилүү

үч чекит редакциясы
1132
Эмне үчүн смартфондо Bluetoothду өчүрүп коюу маанилүү

Он жыл мурун Bluetooth дээрлик бардык смартфондордо бар болгон кезде, колдонуучулар аны бири-бири менен файл алмашуу үчүн колдонуп келишкен. Бүгүн болсо интернет жана анын булуттагы сактагычы бар болгондуктан, Bluetooth гарнитура, кадам эсептегич жана башка тышкы түзүлүштөрдү туташтыруу үчүн гана колдонулуп калды. Бирок азыр деле Bluetooth аркылуу файлдар менен алмашуу функциясы түзүлүштүн өзүнө туташуу сыяктуу эле жеткиликтүү бойдон калууда. Андыктан, Bluetooth башкалар үчүн сиздин түзүлүшүңүзгө кирүү терезеси болушу мүмкүн экендигин унутпашыңыз керек.

Мисалы, 2017-жылы Armis санариптик коопсуздук боюнча эксперттери BlueBorne деп аталган хакердик чабуулду аныкташкан. Bluetooth чабуулдар иштетилип турган түзүлүштөн жана башка түзүлүштү табуу статусунан башталат. 

Хакер үчүн эң башкысы – Bluetooth адаптеринин MAC-дарегин алуу. Анткени ал түзүлүш менен байланышууга дээрлик толук мүмкүнчүлүк берет. Түзүлүштү кооптуу туташууга өткөрүү үчүн хакерлер смартфонго атайын буйруктарды жөнөтүшөт. MAC-дарегин алган чабуулчулар чалууларды тыңшап, жеке файлдарды, галереяны көрө алышат, вирус же шпиондук программаларын орното алышат. Blueborne чабуулдарына карабастан, Bluetooth туташуусу дагы деле коопсуз деп эсептелинет, анткени анын версиялары, ошондой эле смартфондордун өзү дагы дайыма жаңыланып турат. Смартфонуңуздун коопсуздугун текшерип туруу боюнча тармактан атайын тиркемелер аркылуу көптөгөн кеңештерди тапса болот. Ал эми биздин кеңеш – бул тиркемелерди колдонбоңуз, анткени алардын арасында көптөгөн вирустар жана шпиондук программалар бар.

Ошентсе да жеке маалыматтарды хакердик чабуулдардан кантип коргоо керектигин билүү керек. Айрыкча, смартфонуңуз эски муундагы болсо, төмөндөгү бир нече кеңешти эске ала жүрүңүз:

  • Колдонбогон учурда Bluetooth ду өчүрүңүз;
  • Түзүлүшүңүздөгү программалык жабдылышты дайыма жаңыртып туруңуз;
  • Башкалардын колуна тийбеши керек болгон купуя маалыматты телефонуңузда сактабаңыз.

Bluetooth'дун оң жагы да бар. Анын диапазону чоң эмес: өндүрүүчүлөр 50 метрге чейин убада беришкен менен, иш жүзүндө физикалык тоскоолдуктарсыз (дубалдар, эмеректер ж.б.) сигнал он метрге чейин жетет. Ошондуктан сиздин смартфонуңузга чабуул эл көп чогулган жерлерде: соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда, хакер сизге жакын болушу мүмкүн болгон жерде ишке ашышы мүмкүн. Адатта, мындай чабуулдар белгилүү бир адамга карата анын купуя маалыматын алуу максатында жасалат.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.