.үч.чекит..үч.чекит.

Скептик деген ким?

Элмурат Аширалиев
1818
Скептик деген ким?

Эң жакын адамдарыңыздын бири сизге WhatsApp аркылуу «Айдын бетинде жашоо белгилери табылды» деген кыскача видео жөнөттү дейли. Мындай учурда сиз эмне кыласыз? Маалыматка заматта ишенип, андан ары дос-тааныштарыңызга жөнөтүп саласызбы? Же ал видеону башкаларга жөнөтөрдөн мурда өз алдыңызча кандай далилдер келтирилип жатканына көңүл буруп ойлоносузбу? Балким видеодо айтылгандар тууралуу өз алдыңызча илимий журналдардан жана башка ишенимдүү булактардан маалымат издейт чыгарсыз?

Акыркы эки суроого «ооба» деп жооп берген болсоңуз, анда «Скептиктердин клубуна» кош келиңиз! Азыр сизде «Ошондо скептиктер кимдер? А скептицизм деген эмне?» деген суроолор пайда болуп жаткандыр. 

Биз скептицизмдин жок эле дегенде эки мааниде колдонулуп келатканын билебиз. Бири философиялык көз караш катары белгилүү (бул материалда философияга кирип башыңызды оорутпайбыз, бирок кыскача тарыхый маалымат бере кетебиз). Экинчиси болсо күнүмдүк турмушта колдонулган варианты. Алдыда биз дал ушул күнүмдүк жашоодо колдонулган скептицизм жөнүндө сөз кылабыз.

Скептик — бул маалыматтын чын-төгүнүнөн күмөн санаган адам. Мисалы, мессенджерден бирөө кандайдыр бир маалымат жөнөтсө же соцтармактан бир постту көрсө, ага дароо ишенип албай, бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыкка туура келе турганын анализдеп ой жүгүртөт. Скептик деген сөздүн да түпкү мааниси дагы ошол «издөө, изилдөө» деген маанини туюнткан "skepticos" деген байыркы грек сөзүнөн келип чыккан.

Бул жерде эң негизги сөз — күмөн саноо. Скептиктер факт менен ойдон чыгарылган нерсени айырмалоого өтө ынтызар болушат. Аларга бир маалымат айтсаңыз, күмөн санап, карама-каршы ой айтып, кайрадан сизден далил сурашы ыктымал (ошондуктан, адатта скептик адамдардын кыялы өтө катаал, кежир сезилет). Мындай учурда далилиңизди, аргументтерди да кошуп айтыңыз. Эгерде аргумент жана далил күчтүү болсо, скептик сиз айткан маалыматты кабыл алат. Эгерде скептик маектешиңиз маалыматты кабыл албай койсо, аны «циник» деп күнөөлөөдөн мурда далилиңиздин канчалык күчтүү экени жөнүндө дагы бир ойлонуп көрүңүз.

Циник менен скептиктин айырмасы

Циник үчүн башкалардын айтып же ойлоп жатканы – жок нерсе. Анткени алар анын көз карашына туура келбейт. Ошондуктан бир ойду далилдери менен айтып жатсаңыз дагы, циниктер аны кабыл албайт жана башкалардын көз карашына сабырсыздык менен мамиле кылышат. Андай адамдарды айлана-чөйрөбүздөн, өзгөчө саясий чөйрөдө, көп кезиктиребиз.

Ал эми скептиктер маалыматты кабыл алуудан мурда кандайдыр бир рационалдуу түшүндүрмөнү уккусу келет. Азыркы күндө бул экөөнү (скептик менен циникти) бири-биринен айырмалоо өтө кыйын. Себеби сырттан караганда алар экөө тең кандайдыр бир ой-пикирди четке каккандай көрүнгөнү менен, скептикке ынанымдуу далилди көрсөтсөң, ал көз карашты кабыл алат. Ал эми циникке канча аракет кылсаң да — жок.

Жашоодо баарыбыз скептик болушубуз керек

«Чупакабра» окуясын эске салалы. Убагында коомчулукка кандай дүрбөлөң салды эле! Кийин ал «сырдуу жаныбар» биз билген кадимки эле ит экени белгилүү болгон. Ал эми маалыматты алгач тараткандар анын чын-төгүнүн териштирбей туруп, чуу жаратыш үчүн же кликбейт үчүн, же дагы башка максаттарды көздөп жайылткан болушу ыктымал. Мындай учурларда маалымат тараткан журналисттерден (негизи баарынан) скептик болуусу күтүлөт. Бирок «чупакабра жок, болушу да мүмкүн эмес» деп маалыматты дароо четке кагып, циник да болбошубуз кажет. Балким чын эле бардыр. Ошол үчүн маалыматты эмоциялуу кабыл албай, окуянын чын-төгүнүн билүүгө аракет кылуу, кыскасы, коомдук жашоодо чеги менен скептик болуубуз зарыл.

Өзгөчө айланада болуп аткан окуяларды таразалап, туура чечим кабыл алууда бул өтө маанилүү. Ашыкча күмөн санай берген дагы болбойт да, туурабы? Болбосо айланадагы бардык нерсени жокко чыгарууга туура келип калат.

Термин качан пайда болгон?

Скептицизм өзү философиялык термин. Анын тамыры биздин заманга чейинки 5-кылымдын башталышында байыркы грек философиясына барып такалат. Скептиктер философтордун, теологдордун догматикалык көз караштарына каршы аргументтерди келтирүү менен белгилүү. Каршы аргументтерди келтирүү менен алар догматикалык көз караштагы философтордун күчтүүрөөк жана бекемирээк далилдерди ойлоп табуусуна өбөлгө түзгөн. Негизи эле философиянын тарыхына көз чаптыра турган болсок, бул илим ар бир баскычында скептицизм менен эриш-аркак өнүккөнүн байкоого болот.

«Калп көп, чындык бирөө» дегендей, ата-бабаларыбыз «скептик» деген сөздү колдонбосо дагы, акылды иштетүүгө басым жасап, ой калчоого өзгөчө маани беришкен. Жалган илим, сокур ишеним, мифтер буга чейин дагы болуп келген, мындан ары дагы улана берет. Бирок алган маалыматтын чын-төгүнүнөн шек саноо жана чындык издөө ар дайым эле оңой эмес. 

Эч нерсеге негизделбеген ойго, далилсиз маалыматка ишенесизби же илимге таянган, акыл-эске туура келген маалыматкабы? Ар дайым тандоо бар жана ал сиздин колуңузда.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.