.үч.чекит..үч.чекит.

Секта жана культ. Экөөнүн айырмасы эмнеде?

Элмурат Аширалиев
1346
Секта жана культ. Экөөнүн айырмасы эмнеде?

«Секта» латын тилинен (sequor) «ээрчүү» деп которулат. Бул сөз башында эч кандай терс маанини билдирген эмес. Классикалык латын тилинде (лат. secta – «партия, мектеп, фракция») ой жүгүртүүнү, жашоо образын, тагыраак айтканда, саясий партияны же философиялык мектепти белгилөө үчүн колдонулган. Бирок бул термин христиан дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдү чечмелөө үчүн колдонулгандыктан анын тарыхына кыскача токтоло кетели.

Католик чиркөөсүнөн бөлүнүп чыккан диний агым же кыймыл «секта» деп мүнөздөлгөн. Бирок бөлүнүп чыгуу менен ал коом жалпы христиан* ишениминен баш тарткан эмес. Болгону расмий чиркөөнүн окуусуна туура келбеген көз карашты карманып, анын натыйжасында өзүнчө коомдун түптөлүшүнө негиз салган.

*Бүгүнкү күндө секталар христиан эле эмес, башка диндерде жана динге тиешеси жок жааттарда деле кездешет.

Кийинчерээк секта деген сөз илимде кеңири колдонулуп, баштапкы мааниси бир аз өзгөрө баштаган. Башкача айтканда, мурда ишеним жагынан эле каралган болсо, кийин сектанын түзүлүшүнө көңүл бура башташкан.

Мисалы, чиркөөгө салыштырмалуу сектада адамдардын саны азыраак, бири-бирине жакыныраак, тең укуктуураак, жб. деп сүрөттөлгөн. Ал эми чиркөө баарын өзүнө камтыган, иеархиялык жана ыйык түзүлүшкө ээ болгон.

Сектанын бир өзгөчөлүгү — өзүнөн мурдагы диний уюм менен болгон тыгыз байланышы жана ошол эле убакта бөлүнүп жарылуучулук табияты. Айталы, секта өзүн таза, бузулбаган, байыркы коом же болбосо өзүнөн мурдагы диний коомдун оңдолгон версиясы деп эсептейт.

Бул термин түпкүлүгүндө диний (христиан) топторду чечмелеп түшүндүрүү үчүн колдонулган болсо да азыркы күндөгү мааниси алда канча кенен. Сектаны белгилүү бир эрежелерди карманып, чоңураак уюмдан (диний, саясий жб) бөлүнүп чыккан (радикалдашкан же радикалдашпаган) чакан топ деп түшүнсөк болот.

Секта эгерде коомдо өз тарапкерлерин таап, узак мөөнөткө кармана алса, анда бара-бара чиркөө сыяктуу чоң институтка айланышы мүмкүн. Башкача айтканда, азыр биз секта деп атап жүргөн белгилүү бир топ убакыттын өтүшү менен коомдо терең тамыр жайган диний уюм болуп калышы ыктымал. Ошон үчүн кайсы топ секта, кайсынысы секта эмес экени салыштырмалуу гана түшүнүктөр болуп эсептелет.

Кыргыз массалык маалымат каражаттарында (ММК) «секта» деген сөз көбүнесе терс маанини камтыган, кандайдыр бир коркунучту сүрөттөгөн материалдарда колдонулат. Албетте, бул зыяндуу секталар жок дегенге жатпайт. Бирок мындай сүрөттөө жергиликтүү ММКга эле мүнөздүү эмес. Борбор Азия чөлкөмүндө, дегеле дүйнө жүзүндө секта терс мааниде колдонулган түшүнүккө айланып калды. Башкача айтканда, секта «культ» деген сөз менен бирдей колдонулуп, бул сөздөрдүн ортосундагы айырмага көп деле маани берилбей калгандай. Алардын ортосунда кандай айырма бар?

Сырттан караганда культ (лат. сultus – урматтоо, сыйынуу) менен секта бирдей эле туюлушу ыктымал. Себеби, экөө тең белгилүү бир чоң (диний, саясий) окууга таянгангандай сезилет. Бирок сектадан айырмаланып культка төмөнкүлөр мүнөздүү:

  • харизмалуу авторитардык башчынын болушу;
  • мүчө болуп киргендердин оюн башкаруу (адатта мүчөлөр лидерге толугу менен баш иет);
  • аталган башчы культка кирген адамдарды өз кызыкчылыгына пайдаланышы.

Культ жаңы диндин баштапкы формасы катары каралат. Ошондой эле, сектадан айырмаланып, культка адамдарды ар кандай жол менен алып кириши мүмкүн. Мисалы, культтун чыныгы окуусун жана түпкү максатын ачык айтпай жаап жашырып, же жок нерселерди убада кылып, алдоо жолу менен өздөрүнө тартууга аракет кылышат. Бирок ошол эле учурда адамдар культтарга көбүнесе мажбурлап эмес, ыктыярдуу түрдө киришет. Ал эми киргенден кийин артка жол дээрлик жабылат. Себеби, жогоруда белгиленгендей, мүчө болуп кирген соң кыймыл-аракетиңе эмес, өз оюңа да ээ боло албай калуу коркунучу бар. Ошол үчүн культтарда күч менен кармап, таңуулап чыгарбай же өмүрүңө коркунуч туудурган аракеттерге барышы ыктымал.

Өткөн кылымда жашап өткөн америкалык Жим Жоунстун «Элдердин храмы» (Peoples Temple) жамааты эң эле белгилүү культтардын бири болуп эсептелет. Аталган жамаат башында диний окууларга негизделип, адамдарга жакшы эле жардам берип, жол көрсөтүп келген болсо, кийинчерээк баштапкы миссиясы түп тамырынан өзгөрүп кеткен. Акырында Жоунстун планынын натыйжасында жалпысынан 900дөй тарапташы (анын ичинде өзү дагы) массалык түрдө каза табышкан.

Апааттан аман калгандар кийин айтып беришкендей, «Элдердин храмында» уруп-сабоо, кулдай иштетүү, камоо, адамдардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө үчүн баңгизат колдонуу, ал түгүл массалык өлүмгө даярдоо сыяктуу иш-аракеттер кадыресе эле көрүнүшкө айланып калган. Тактап айтканда, адамдарды өз эркине каршы аракет жасоого мажбурлашкан. Эгер алар аткарбаса, анда эл алдында уяткаруу, жазалоо сыяктуу жосунсуз мамилелерге туш болгон.

Кошумчалай кетчү жагдай, Кыргызстанда культ деген түшүнүк диний жөрөлгөлөр менен ырым-жырымдарды туюнткан сөз катары колдонулуп келет. Ошондуктан культ деген сөздү колдонуп атканда, диний жөрөлгөлөрдү билдирген культ жөнүндө сөз болуп атабы же бир топту билдирген культ жөнүндөбү — тактап коюубуз кажет.

Сырттан караганда секта жалпы, ал эми культ тар түшүнүк. Тагыраак айтканда, секта өз ичине культтарды (жөрөлгө эмес, топ деген мааниде) дагы камтыйт десек болот. Бул эки сөз тең бизге чет тилден киргендиктен аны түпкү маанисин туура түшүнүүбүз жана ага жараша колдонуубуз орундуу болот.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.