.үч.чекит..үч.чекит.

Радикализм деген эмне?

Элмурат Аширалиев
121
Радикализм деген эмне?

Радикализм латынча «radix» деген сөздөн келген, кыргызча «тамыр» дегенди билдирет. Мисалы, бирөө мектепти бүтүргөндөн кийин өзү эңсеп кыялданып жүргөн программисттикке тапшырды дейли. Бир жыл өтүп-өтпөй эле ал окуусун таштап, программисттикке байланышпаган таптакыр башка тармакка өтүп кетти. Мындай учурда аны радикалдуу кадамга барды деп айтып коёбуз. Өзү бул терминдин бирдиктүү аныктамасы бар экенин айтуу кыйын. Бирок жалпы белгилерине таянып, төмөнкүдөй кыскача аныктама бере алабыз.

Кимдир бирөө жашоосундагы же айлана-чөйрөсүндөгү көрүнүштү туура эмес деп эсептеп, аны түп тамырынан өзгөрткүсү келсе, ал радикал деп эсептелет.

Мындай караганда, бул сөз оң эле маанини билдирет. Жашоону жакшы жакка өзгөртүүнүн эмнеси жаман, туурабы? Жолдорду салуу багытында бардыгыбыз радикалдуу болсок, кыз-келиндерге билим берүү багытында бардыгыбыз радикалдуу болсок, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө бардыгыбыз радикалдуу болсок — албетте, мунун баары кыялдар, бирок сонун болбойт беле?!

Бирок, тилекке каршы, радикализм дайыма эле жакшы жакка өзгөрүүнү жана оң маанини билдире бербейт. Кандайча? Кээде адамдар радикалдуу көз караштан улам кандайдыр бир көрүнүштү түп тамырынан «өзгөртөм» деп айланасындагыларга зыянын тийгизип, ал түгүл күч колдонуп, зордук-зомбулук кылуусу ыктымал. Ойдон чыгарылган бир мисал келтирип көрөлү. «Кыргызстанда атеисттер добуш бере албайт» деген радикалдуу эреже кабыл алынды дейли. Албетте, биринчиден, бул адамдын абийир жана ишеним эркиндигинин бузулуусуна жатат. Экинчиден, мындай радикалдуу көз караштар коомдун бир бөлүгүнө артыкчылык берип, экинчи бөлүгүн кысымга алуу дегенди билдирет жана коомдун ынтымагына доо келтирет. Натыйжада күнөөсүз адамдар жөн эле курмандыкка айланып калышы мүмкүн. Ошондуктан жашоону жакшыртууга багытталган радикализм менен адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган радикализмди ар дайым айырмалап туруубуз кажет. Зыянсыз радикализмди ар дайым колдоп, зыяндуу радикализмге болсо жол бербөөгө күч жумшообуз зарыл.

Радикализмдин түрлөрү

«Радикал», «радикалдуу топ», «радикалдашуу» деген сөздөрдү жаңылыктардан көп кезиктирсеңер керек. Мындай учурларда бул сөздөр кандайдыр бир агрессия камтыган, зордук-зомбулукка кабылгандардын, азап чеккендердин сүрөттөрү менен коштолот. Жаңылыктардан дал ошол коомдогу бир көрүнүштү өз алдынча «оңдош» үчүн айлана-чөйрөсүндөгүлөргө зыян тийгизген радикалдар жөнүндө айтышат. Алар кандай адамдар? Эмне үчүн зордук-зомбулукка барышат?

Бул суроого так кесе бир жооп берүү кыйын. Ошондуктан ал азыркы күнгө чейин изилдөөчүлөрдү кызыктырган темалардын бири десек болот. Тагыраак айтканда, изилдөөчүлөрдү жөн эле «радикалдар» эмес, «диний радикалдар» көбүрөөк кызыктырып келет.

«Динге негизделген радикализм» чындыгында талаш-тартыш жараткан тема. Айрымдары дин радикалдашууга алып барат деп эсептейт. Радикалдашуунун булагы катары көрөт. Бул көрүнүштү түшүндүрүү үчүн «диний радикализм» деген түшүнүктү колдонушат. Ал эми башкалары радикалдашууга дин эмес, башка факторлор таасир этет деп эсептешет. Экинчи топтогулардын айтканында жөн бар. Себеби, дин адамдарды радикалдашууга түздөн-түз түртпөйт, тескерисинче, адамдарга жашоонун маани-маңызын тапканга көмөктөшөт эмеспи. Ал эми радикалдуу кадамдарга барууга таптакыр башка жагдайлар түртүшү ыктымал. Мисалы, коомдо укуктук, материалдык же маданий жактан басмырлоо болгондо; жашоонун маанисин жоготуп алганда же болбосо акчага муктаждык жаралганда; катуу кайгыруу же өч алуу максатында адамдар зыяндуу радикализмге барышы мүмкүн. Айталы, бир адам кандайдыр бир радикалдуу кадамга барса, анын кайсы динге таандык экенин, улутун териштирип жатып, ошол улуттун же диндин өкүлдөрүнүн баарын ушундай деп атап коюу менен барабар болуп калат. А чынында, радикалдуу кадамдын өзөгүн жогоруда аталган таптакыр башка факторлор түзүшү мүмкүн.

Ал эми «саясий радикализмди» түшүнүү үчүн жакынкы өтмүшүбүздү эске салып көрөлү. 1991-жылга чейин СССРде, анын курамындагы Кыргызстанда дагы, коммунизм үстөмдүк кылып келген. Бул саясий жактан алганда солчул радикалдык көз караш болгон. Ал эми анын карама-каршысы, оңчул радикалдык көз караш, фашизм болуп турган. Азыр Кыргызстанда «саясий радикалдар» барбы? Бар болушу мүмкүн, же балким азырынча саясий жактан радикалдуу көз караштар бышып жетиле электир. Бирок жакынкы өтмүшүбүздө — 2010-жылы парламенттик өлкөгө айланып, саясий жактан радикалдуу өзгөрүүнү баштан өткөргөнүбүздү айтсак болот. Эми бул формасы жагынан алып караганда, а иш жүзүндө кандай болуп атканы — ал өзүнчө тема.

«Коррупция менен күрөштө радикалдуу кадамдарга барышыбыз керек! Бизге радикалдуу өзгөрүүлөр керек!» деген өңдүү ураан-чакырыктарды айткан саясатчыларды көп эле уккандырсыңар. Алардын максаты — коомдогу көйгөйдү түп тамырынан жок кылып, жашоону жакшы жакка өзгөртүү. Алар оң мааниде радикалдуу болгусу келгендер. Азыркы күндө радикализмди жалпы кабыл алынган көз караштарга төп келбеген, адаттан тыш, агымга каршы келген кандайдыр бир көрүнүш, иш-аракет деп дагы түшүнүп калдык. Бирок анын башка тарабы бар экенин эсибизден чыгарбаганыбыз туура. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.