

Пропаганда эмне үчүн керек?


«Улуу Октябрь революциясы», «Ленин атабыз» деген сыяктуу чакырыктарды чоңдордон угуп же китептерден окусаңыз керек. Жада калса, ойноп жатканда деле «бир, эки үч — Ленин берген күч» деп айтчу эмес белек. Мындай чакырыктар Советтер Союзу маалындагы пропаганданын мисалдары, мөмөсү. Негизи эле пропаганда деген эмне, ал кантип ишке ашат?
Пропаганда латын тилинен (propaganda) которгондо «жайылтуу», «таратуу» дегенди түшүндүрөт. Жалпысынан, пропаганда — идея, көз карашты же бир тараптуу (субъективдүү) пикирди коомдо калыптандыруу максатында жайылтуу.
Кыргызстанда улуттук биримдикти, тынчтыкты чыңдоо максатында ишке ашкан пропаганданы эстеп көрөлү. 1994-жылдан тарта өлкөнүн бардык аймагында «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аттуу чакырык жайылтылган. Ушул ураан түшүрүлгөн сүрөттөр бала бакчадан тарта мектептерге жана мекеме-ишканаларга чапталган. Бул позитивдүү пропагандага мисал дейли.
Бирок, пропаганда негативдүү маанайда да болот. Мындай ыкма саясатта, өзгөчө авторитардык, тоталитардык режимдеги өлкөлөрдө калктын колдоосун табуу үчүн колдонулат. Ошондой эле, илимий жана диний идеяларды таратууга да ыңгайлуу. Мурда идеялар сүрөт жана гезит менен таратылса, учурда ал ТВ, радио, кино жана интернет аркылуу жайылтылат. Көбүнчө пропагандалык маалымат анализдегенге ыңгайсыз болуп жасалат.
👀Кантип?
Жайылтылып жаткан идея жөнүндө информация аз өлчөмдө берилет. Бүткүл маалыматты ТВ, гезиттен гана алган адамды элестетели. Эгерде таратылып жаткан көз караш бир тараптуу, анан аз өлчөмдө берилсе, анда бул информацияны башка өңүттөн көрүү мүмкүн эмес. Мындай учурда, киши аталган идеянын чын жана мыкты экенине батыраак ынанат.
Мисалы, Союз маалында китепти чыгаруу, фильм тартуу машакат болгон. Жазуучу жана кино жаратуучу өзүнүн чыгара турган эмгегин тиешелүү комиссиянын текшерүүсүнөн өткөргөн. Коомго жеткирилбеши керек делген, мамлекеттин идеологиясына каршы пикир же жаңы идея болсо, алар өзгөртүлгөндөн кийин гана жарыкка чыкчу.
Мындай жол менен Советтер Союзунун идеологиясы пропагандаланып, ийгиликке жетип турган. Адамдардын ар тараптуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Демек, цензура — пропаганданы ийгиликке жеткирген ыкмалардын бири.
Дагы бир мисал. Соцтармактан «Мамлекеттик маалымат каражаттарын калтырып, калганын жабуу керек. Болбосо биздин балдарыбыз Батыштагыдай болуп калышы ыктымал» деген маалыматты окудуңуз. Пропаганда жогорудагы сүйлөмдөгүдөй эки нерсенин бирөөсүн тандоону сунуштайт. А биз албетте, зыяны азыраагын тандоого аракеттенебиз. Анткени, пропаганда эмоциябызды, өзгөчө коркуу сезимибизди ойготот. Коркуу логикалык жактан ойлонууга тоскоол болот жана адам оңой алданат.
Пропаганда бир гана жолу алдаса жетиштүү. Калганын өзүбүз жасайбыз: ынанган идеяга аргументтерди, окшош пикирлерди издейбиз. Киши өз чечимине шек келтиргиси келбейт жана аң-сезими фактыларды кабыл албайт. Эң башкысы, идея/көз карашты жайылтуучулар «биз көппүз, тарапташтарыбыз арбын» деп кыйытышат. Коркуп турган адам көпчүлүк менен чогуу болуп, «коопсуз жайда» болууну туура көрөт.
Ооба, пропаганда үчүн маалымат каражаттары чоң мааниге ээ. Ошол себептүү, бир гана булактан информация алган адамда түрдүү көз караштарга алдануу ыктымалы жогору. Андыктан, маалыматты ар кайсы булактардан окуу туура. Дегеле, пропагандалык информацияны аныктоо мүмкүнбү деген суроо жаралат.
Мүмкүн!
Маалыматты окуган соң «бул кимге пайда алып келет?» деп суроо берүү туура. Ал көбүрөөк сизге пайдалуубу же башка бир адамгабы? Андан соң анализдеп көрүңүз:
🤔Бул ырасталган маалыматпы?
🤔Чындыкка жакынбы?
🤔Ар тараптуу чагылдырылганбы?
🤔Аргумент, далилдер барбы?
Пропаганда — жаңыча көз карашты ойлоп таап, жайылтуу гана эмес, мурдагы идеяны өзгөртүүгө түрткү болуу. Анын жаңыча бааланышына жетишүү. Ооба, көз караштарды жайылткан процесс дайыма эле терс таасирди көздөбөйт. Мисалы, сергек жашоо образын пропагандалоону пайдасыз дей албайбыз. Башкысы, пропагандага тизе бүгүп бербеш үчүн аң-сезимди сергек кармоо жетиштүү.