.үч.чекит..үч.чекит.

Пандемия радикалдашууга жана зомбулуктуу экстремизмге кандайча таасир этти?

үч чекит редакциясы
1063
Пандемия радикалдашууга жана зомбулуктуу экстремизмге кандайча таасир этти?

Пандемия радикалдашууга жана зомбулуктуу экстремизмге кандайча таасир этти? Андан ары эмне болот? Бул тууралуу көз карандысыз консультант, коопсуздук жана дин боюнча эксперт Икбалжан Мирсаитов менен түз эфирде маектештик. Сүйлөшүүдөгү негизги маанилүү нерселер:

1. Пандемия жана деструктивдүү агымдар тууралуу

  • Медиа мейкиндигинде пандемия бардык башка темаларды экинчи планга калтырса да, терроризм жана зомбулук экстремизм коркунучу жок деп айтуу мүмкүн эмес, анткени бул процесс уланып жатат.
  • Тыюу салынган уюмдар коронавирусту өздөрүнүн пропагандасы үчүн колдонушат. Мисалы, тыюу салынган ДАИШ уюму коронавирусту «Аллахтын моджахеди» деп жарыялап, бул вирусту «мусулман дүйнөсүнө кысым көрсөтүү үчүн жаза» деп жарыялаган.
  • Тыюу салынган уюмдарга, жаңы радикалдык идеялардын жаралышына пандемия түрткү берди. Биотерроризм жана биоэкстремизм маселеси азыр өтө актуалдуу болгондуктан, биз жана биздин мамлекетибиз мындай көрүнүштөргө даяр болушубуз керек. 

2. Радикалдык көрүнүштөргө каршы туруу жөнүндө

  • Бирдиктүү коммуникациялык стратегия болушу керек. Болбосо, атайын кызматтар вирус жөнүндө сөз кылбай, паникага жол бербөөгө аракет кылышканы менен, ошол эле тапта ЖМКлар жана социалдык тармактар таптакыр башка маалыматтарды таркатышып, жыйынтыгында бардык жерде дүрбөлөң болот.
  • Диний ырым-жырымдар менен байланыштуу фейктерди дин лидерлери четке кагышы керек. Бул белгилүү маалыматтарды фейк деп ачык жарыялаш үчүн белгилүү жана кадыр-барктуу адамдар болушу керек. Ал үчүн өкмөт, жалпы маалымат каражаттары, эксперттер жана диний лидерлер биргелешип иштеши абзел.
  • Динге байланыштуу фейктерге ишенүүнү токтотуу үчүн, биз сынчыл ой жүгүртүүбүздү жана медиа сабаттуулук деңгээлибизди дайыма көтөрүп турушубуз зарыл.

3. Пандемия учурундагы жалпы маалымат каражаттарынын иши тууралуу

Адамдын диндик, улуттук же башка таандыктыгын пандемияны чагылдырууда көрсөтүүгө болбойт. Мисалы, Кыргызстанда биринчи жолу инфекциянын таралышы жөнүндө ЖМКларда чагылдырылганда, Сауд Аравиясынан келген адамдарга жана ажылыкка басым жасалгандыгы этикага жатпайт. Бул биздин «ысык» жана «чуулгандуу рейтингдерди» жакшы көргөн журналисттерибиздин кеңири таралган катасы.

Сүйлөшүүнү толук орус тилинде бул шилтеме акркылуу көрө аласыз. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.