.үч.чекит..үч.чекит.

Нобель? Шнобель!

Саида Нуралиева
1383
Нобель? Шнобель!

Адамдын шилекейи нерселердин кир беттерин кантип тазалайт? Денеңиздин кайсы бөлүгүн тырмаган жагымдуу? Пицца ооруну айыктырабы? Бул суроолордун жообун билүү үчүн, окумуштуулардын тобу ынтызарлык менен изилдөө жүргүзүшүп, татыктуу көңүл бурууга арзышты.

Илимий жетишкендиктери үчүн эң жогорку сыйлыктардын бири – Нобель сыйлыгы жөнүндө баарыбыз билебиз, бирок ага карама-каршы Шнобель сыйлыгынын бар экендигин көп эле адамдар биле беришпейт. Ал сыйлык «алгач сизди күлдүрүп, андан кийин ойлонууга мажбур кылгандыгы үчүн» ыйгарылат. 1991-жылдан бери бул тамашалуу сыйлык адамдардын көңүлүн илимге, медицинага жана технологияга буруп жана ага болгон кызыгуусун арттыруу үчүн адаттан тыш жана кызыктуу иликтөөлөр үчүн берилип келет.

«Шнобелевканы» октябрь айынын башында Гарвард университетинде, башкача айтканда, Нобель сыйлыгынын чыныгы лауреаттары аталып жаткан мезгил менен катар ыйгарат.

Негизги сыйлык катарында лауреаттарга кофе стаканы сымал статуэтка, тамеки, тиш щеткасы, сагыз, диплом жана 10 триллион Зимбабве доллары акчалай сыйлык түрүндө кошулуп берилет (банкнот чыгарылган учурда анын базар баасы болжол менен 40 АКШ центин түзгөн).

Сыйлык тапшыруу аземи Америка телекөрсөтүүсү жана радиосу аркылуу бир нече тилде көрсөтүлөт. Аны сыйлыктын расмий сайтында да түз эфирден көрүүгө болот. Салтанат адаттагыдай эле «Эгер сиз бул сыйлыкты жеңип албасаңыз – айрыкча жеңип алсаңыз – кийинки жылы сизге ийгилик каалайбыз!» деген сөздөр менен жыйынтыкталат.

.үч.чекит. тобу сизди өткөн жылдагы бул сыйлыктардын кызыктуу жеңүүчүлөрү менен тааныштырат.

Медицина. Италия менен Нидерланддын бир топ окумуштуулары адам Италияда даярдалган пиццаны ошол жерде жегенде, ага айрым бир оорулар менен күрөшүүгө жардам болот деген ой менен сыйлыкка ээ болушту. Ошентсе да, «чын эле ошондойбу» – деген суроого окумуштуулар так жооп бере алышкан жок.

Химия. Жапон изилдөөчүлөрү кадимки беш жаштагы балада шилекейдин жалпы иштелип чыгуу көлөмүн эсептеп, күнүнө жарым литр шилекей чыгарын аныкташкан. Илимий эмгектин авторлорунун бири Сигэру Ватанабэ салтанатка 35 жыл мурун изилдөө объектиси болгон чоңоюп калган балдары менен келген.

Сигэру Ватанабэ

Инженерия. Ирандык адис Иман Фарахбахш наристелердин жалаяктарын алмаштыруучу аппарат ойлоп тапканы үчүн сыйлыкка ээ болду.

Дүйнөлүк сыйлык. Төрт мамлекеттен келген эл аралык изилдөөчүлөр тобу адамдын денесинин кайсы бөлүктөрүн тырмаган эң жагымдуу экендигин аныкташкан. Биринчи орунда кызыл ашык, андан кийин далы жана билек турары белгилүү болду.

Психология. Немис Фриц Шрак калем сапты оозго салганда жылмаюу пайда болуп, адамды бактылуу кылат деп тапкан, андан кийин андай эмес экендигин аныктаган.

Экономика. Түркия, Нидерланды жана Германиядан келген окумуштуулар ар кайсы өлкөнүн акча банкнотторунун ичинен румыниялык лей коркунучтуу бактерияларды башкаларга караганда жакшы алып жүрө ала тургандыгын аныкташты.

Андреас Фосс жана анын уулу Тимоти

«Шнобелевка» чындыгында эле тамашалуу сыйлык жана басымдуулук кылуучу бийликтин катышуусуна жол бербейт. Жада калса академиктин, атүгүл кайсы бир деңгээлдеги саясатчынын сөздөрүн да сын көз караш менен карайт. Аталган сыйлыктын бере турган эң негизги баалуулуктарынын бири – бул көз караш, жеке пикир, сынчыл ой.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.