.үч.чекит..үч.чекит.

Мем – баарлашуунун жаңы формасы

Малика Баязова
1417
Мем – баарлашуунун жаңы формасы

Социалдык тармактарда жана анын чегинен тышкары дагы, мемдердин жардамы менен байланышуу көнүмүш адатка айланып калган. Бирок, мемдердин тарыхы смартфондор жана интернет пайда боло электе эле башталганын билчү белеңиз?

Биринчиден, мемдин теги гректерде жатат: Аристотелдин тилинде, мем «окшоштук» дегенди билдирет. Экинчиден, мемологдордун айтымында, мем тарыхы англиялык биолог Ричард Доукинзге тиешелүү. Бул терминди ал 1976-жылы «Эгоист ген» китебинде колдонгон. Анын ою боюнча, маданият генетика мыйзамдары менен өнүгөт. Ал эми маданий маалымат өздөрүн ген катары алып жүрүүчү башкы бөлүктөрдөн – мемдерден турат, башкача айтканда, алар өздөрүн-өздөрү көчүрө алышат. Демек, мемдер – бул мээден мээге берилүүчү, ошол эле учурда эволюциялануучу идеялар. 

Эгер тереңирээк карасак, мемдер поэзияга окшош: социалдык курч маселени камтыган, ошол эле учурда күлкүлүү чыгарма. Бирок, алар анекдот же ырга караганда абдан эле кыска. Кичинекей сүрөт же фраза биздин көңүлүбүздү алган чоң мааниге ээ. Алардын мазмуну кыска болгондугу менен таасири эффективдүү.

Интернет-мемдер – бул онлайн фольклору, алар адамдардын бири-бири менен бөлүшкөн анекдотторун эске салат. Өзгөчөлүгү, курчтугу жана өз мазмунун чагылдыруу ыкмаларына жараша популярдуу болуп, дароо вирус сыяктуу тармакка жайылып кетишет. Ийгиликке жеткен мем кандай гана болбосун сөзсүз эмоцияга алынат. Мемдер негизинен жаштар чөйрөсүндө пайда болот, ошондуктан көп учурда жаштардын бүгүнкү күндөгү жашоосун жана кызыкчылыктарын чагылдырат. 

Мемдер ушунчалык популярдуулукка ээ болуп, биздин жашообузга сүңгүп киргендиктен, бүтүндөй «Меметика» илими пайда болду, бирок азырынча расмий статуска жана таанылууга ээ боло элек. Ал илим мемдердин пайда болушунун жана жайылуусунун себептерин жана механизмдерин, эмне үчүн адамдар айрым мемдерге өзгөчө тартыла тургандыгын изилдейт.

Мемдердин таасиринин жалпы мыйзамы жок сыяктуу. Бардык нерсе тилдик, маданий, кырдаалдык контекстке байланыштуу.

Рунетте биринчи интернет-мемдердин пайда болуу тарыхы 1998-жылы fuck.ru сайтын түзүү менен башталган. Бул сайттын мазмунун анын колдонуучулары түзгөн. Сайттын жаратуучулары постторду атайылап сабатсыз тилде жазып, ал тилди «падонкафф» тили деп аташкан. Бир аздан кийин ошол эле тил «олбан» тили деп аталып, мемдин өзгөчө түрүнө айланып калган.

Ал эми Кыргызстандык мемдердин активдүү жаралуусу саясатка байланыштуу. 2018-жылы август айында президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы анын эс алуусунан сүрөттөрдү жарыялаган. Кыргызстандык дизайнер ал сүрөттөрдөн мем жасап, бирок бул кылгандыгы үчүн Башкы прокуратурага чакырылган...

Саясат демекчи... Фейсбукта көпчүлүктүн көңүлүн алган «Меместан» баракчасы дал ушул темага байланыштуу мемдерди чыгарат. Аларда бийликке же бүтүндөй эле өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга карата көз караш, нараазычылыктар камтылган. Жалпысынан, мемдер – бул эң көйгөйлүү окуяларга реакция. Алардын жардамы менен эң эле олуттуу көйгөйлөрдү да тамашалар менен көрүүгө болот.

Саясаттан тышкары кырнетте кадимки жарнама баннери дагы мемдердин жаралуусуна тема болуп калышы мүмкүн:

Баары өзгөрөт. Бирок «Светоч» дүкөнүнүн баннеринен башкасы.

Же кадимки эле акча:

Көз доктурга барып келгенде. Кимиси: Алыкулбу же художникпи? 

Же болбосо койдун майы:

Кыргызстандан Кытайга коронавируска каршы гуманитардык жардам

Коронавирус темасы да мемдердин объектисине айланды, айрыкча, карантин маалында кыргызстандыктардын керектүү буюмдарды жапырт сатып алуусу:

Болуптур. Муну түшүндүк.

Эми суроо: эмне үчүн мем менен сүйлөшөбүз? Сүрөт-пүрөтү жок эле баарлашсак болбойбу?

Жооп эң оңой: биз акылдуу жалкообуз!  

Энергиябызды, анын ичинде сүйлөө энергиябызды да минималдаштырууга аракет кылабыз. Ал эми мемдер буга эң туура келет: узартып айтып отургуча, кыскартып сүрөт жана аз сөздөр менен оюбузду жеткирүү оңой эмеспи. Биздин акылдуу жалкоо болушубузга интернет, компьютер жана смартфондор «күнөөлүү». Себеби, мындан 20 жыл мурун «мем» деген түшүнүктү дээрлик эч ким билбейт эле. Ата-энебиз, чоң ата-чоң энелерибиз анекдот менен тамашалашчу. Баарлашуу маданияты такыр башкача болгон. Биздин азыр мемдерди колдонгонубуз жаш муунду улуу муундан бөлүп көрсөтө турчу индикатор болуп саналат.

Ким билет, дагы 20 жылдан кийин келечектеги муундун баарлашуусу кандай болот болду экен...

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.