.үч.чекит..үч.чекит.

Медиасабаттуулук сөздүгү

үч чекит редакциясы
298
Медиасабаттуулук сөздүгү

Бул макалада ар бир медиасабаттуу адам сөзсүз билиши керек болгон 10 маанилүү сөзгө токтолмокчубуз. Булар жөн гана сөздөр эмес, алар маанилүү куралдар. Аларды билип алсаңыз, сиз ар дайым медиасабаттуулуктун толкунунда болуп, жаңылыктарды туура кабыл аласыз.

  • Бир тараптуулук. Журналист жана макаланын автору бир тарапты атайылап колдошу мүмкүн, ал тургай, экинчи тараптын позициясын чагылдырбастан туруп, бир гана тараптын позициясын көтөрүп чыгат. Жаңылыктардагы жана журналисттин материалдарындагы фактыларды чагылдырууда бир тараптуулук болбошу керек, анткени бул окурманды бир тараптын позициясы экинчи тарапка караганда маанилүү деген ойго түртөт. Кырдаалга туура эмес баа берип албоо үчүн ар бир окуядан бир жактуулуктун бар-жок экендигин издеңиз.
  • Контекст. «Контексттен алынды» деген сөз айкашы, тилекке каршы, журналисттерге карата айтылган көп кездешүүчү нааразычылык. Жалпы контексттен фразаны же тексттин белгилүү бир бөлүгүн кесип алуу менен, маалыматты каалагандай башкарууга болот. Жалпы контексттен бөлүп алынган фразалар же окуялар менен маалыматты түшүнүү жана ага туура баа берүү кыйын. Ошондуктан материал «контексттен кесип алынбай», толук жана жыйынтыгы чыгарылгандай болушу маанилүү.
  • Кликбейт. Бул – жагымдуу, бирок адаштыруучу аталыштар. Алар адамды шилтемени басууга же сайтка кирүүгө түрткү кылуу максатында, ошол материалдын көрүүчүлөр санын көбөйтүү же акча табуу үчүн жазылат. Көбүнчө мындай рубрикаларда илеп белгиси болот жана «Сиз ишенбейсиз!», «Эч ким муну күткөн эмес!» жана башка ушул сыяктуу сөздөр камтылат.
  • Дезинформация. Дезинформация – бул адамдарды атайылап адаштыруу үчүн эмес, бурмаланган информация. 
  • Туура эмес информация. Бул дагы адаштырат, бирок автор муну байкабай, кокустан, жаңылыштык менен, байкабастыктан жасайт.  
  • Пикир. Жаңылыктарды окуп жатканда, ал окуялар же фактылар башка бирөөнүн жеке пикири эмес экендигин түшүнүү маанилүү. Башка бирөөнүн кырдаалды кабыл алуусу маалыматты бурмалап жибериши мүмкүн, ал эми фактылар болсо, ал жөнүндө өз пикириңизди калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. 
  • Сатира. Бул толугу менен же жарым-жартылай ойлоп табылган, бирок чыныгы журналисттик материал катары берилген тамашалуу пародиялык материал. Сатира олуттуу темада күлкүлүү маанай тартуулайт жана көңүл ачуучу мүнөздө болот. Бирок кээ бир адамдар жасалма жаңылыктарды чын деп ойлоп, сатираны олуттуу кабыл алышы мүмкүн. 
  • Информациянын булагы. Маалыматты биринчилерден болуп айткан жана жарыялаган журналист жана ЖМК анын булагы болуп саналат. Ага шилтеме кылып калган ЖМКлар маалыматты жайылта башташат. Аны берүү учурунда каталар кетиши же фактылар бурмаланышы мүмкүн. Ошондуктан, биринчи кезекте маалымат булагын текшерүү керек.  
  • Ишенимдүүлүк. Маалыматтын ишенимдүүлүгү жөнүндө ойлонгондо – маалымат булагы ким, ага ишенсе болобу, маалымат канчалык актуалдуу жана чын, фактылар барбы же жеке пикирлерби деген сыяктуу суроолорго жооп издеп баштайсыз. Ал суроолорго жооп алуу менен бул маалыматка ишенүүгө болор-болбосун аныктай аласыз. 
  • Верификация. Бул жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди бириктирген жана маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын аныктоочу процесс. Маалыматты текшерүү процессинде цифралар менен фактылар салыштырылат, фактылар пикирлерден бөлүнөт, маалымат булагынын жана маалыматтын ишенимдүүлүгү аныкталат.  

.

Жазылыңыздар