.үч.чекит..үч.чекит.

Медиасабаттуулук жана медиабилим деген эмне?

Асель Сооронбаева
16883
Медиасабаттуулук жана медиабилим деген эмне?

2018-жылы Мексикада балдардын уурдалгандыгы тууралуу билдирүү Watsapp аркылуу тараган эле. Бул маалымат кийин фейк болуп чыккан, бирок, ага ишенген жергиликтүү тургундар шектүү деп саналган эки адамды өрттөп жиберишкен. Ушул сыяктуу фейк маалыматтар улут, дин аралык кастыкка жана башка терс көрүнүштөргө алып келген учурлар көп кездешет. Анын себепкери же курмандыгы болуп калбоо үчүн сөзсүз түрдө медиасабаттуу жана медиабилимдүү болуу керек. 

Бул түшүнүктөргө кеңири токтолордон мурда «медиа» деген эмне экенин билип алсак.  

Бүгүнкү күндө медиа — бир гана жалпыга маалымдоо каражаттары эмес (гезит, радио, ТВ), маалыматты камтыган бардык нерсе медиа болуп саналат. Ал сүрөт, текст, музыка же видео түрүндө болот. Ар бир доордун медиасы ар башка. Мисалы, мурда китеп негизги медиа болуп саналган. Ал эми заманбап турмушубузда түрдүү каналдар аркылуу ар бир адам күнүгө океандай көлөмдүү маалыматка туш болот. Маалымат аң-сезимге түздөн-түз таасир этет. Саясий кырдаал, экономикалык туруктуулук жана адамдардын ортосундагы мамилелер да андан көз каранды. Ошондуктан, ар бир адам медиасабаттуулугун өрчүтүүсү маанилүү. 

Медиасабаттуулук – маалыматты анализдеп, ага сын көз караш менен баа бере турган жөндөм. 

Бул жөндөмдү өрчүтүү үчүн эмне кылуу керек?

  • Каалаган маалыматка сын мамиледе болуңуз. Аны борбордук каналдагы диктор же YouTube каналдагы блогер айтып жатабы – айырмасы жок. Бардык маалыматты сын электен өткөрүңүз.
  • Маалыматты ар кандай булактардан текшериңиз. Ар түрдүү маалымат каражаттары жана ресурстардын маалыматтарын салыштыруу менен кырдаалдын толук сүрөтүн түзүңүз.
  • Маалыматты жаратып жана таркаткан учурда аны тасктыктай турчу далилдер бар экенине ынаныңыз.

Албетте медиасабаттуулук түшүнүгү медиабилим түшүнүгү менен жанаша жүрөт. 
Медиабилим – жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен инсандык өнүгүү процесси. Башкача айтканда, медиа аркылуу чыгармачылык, коммуникациялык жөндөмдөрдү өнүктүрүү, критикалык ой жүгүртүүнү, интерпретациялоону, медиа тексттерди талдоону жана баалоону, ошондой эле медиа-технологияларды колдонуу менен өзүн-өзү көрсөтүүнүн ар кандай формаларын үйрөнүү.

Медиабилим берүү – массалык коммуникацияны изилдөөгө үгүттөгөн педагогиканын багыты. Анын негизги маселелери: окуучуларды заманбап маалыматтык шарттарда жашоого даярдоо, ар кандай маалыматтарды кабыл алуу жана аны түшүнүүгө үйрөтүү, анын психикага тийгизген таасиринин натыйжаларын түшүнүү, техникалык каражаттардын жардамы менен коммуникациянын оозеки эмес байланыш методдорун өздөштүрүү.

Адистердин айтымында медиабилим алуу мектеп тактасынан башталышы керек жана кадимки сабактардай эле окуучуларга өтүлүшү керек. Өнүккөн өлкөлөрдө медиасабаттуулук жана медиакомпетенттүүлүк боюнча окуу курстары бала бакчада, мектепте жана жогорку окуу жайларында киргизилген

Ал эми Кыргызстандачы? 

Биздин өлкөдө азырынча медиабилим берүү иш-чараларын бир нече мамлекеттик эмес уюмдар гана жүргүзүп келет. Маселен, биздин .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! долбоорубуз медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Биз окурмандарыбыздын манипуляция менен пропагандага каршы иммунитетинин пайда болушуна көмөктөшөбүз.  

Эмне үчүн «үч чекит»? Бул дагы жөн жерден эмес. 

Биринчиден, үч чекит белгисиз жаңы нерсени күтүүдө колдонулат. Экинчиден, ал ойлонууну же ойдун бүтпөй калгандыгын билдирет. Андан тышкары, биз бул белгини күнүмдүк жашоодо көп жерден көрөбүз:

  • сүрөттү Facebookка жүктөп жатканда;
  • тармакта сериалдарды көргөндө;
  • мессенджердеги маектешүүдөн билдирүүлөрдү күтүп жатканда;
  • гаджеттериңиздеги жаңыртуулар жөнүндө кабарлоо келгенде;
  • браузерлерден жөндөөлөрдү издегенде; 
  • «андан ары» кошумча баракты окуганда;
  • фотослайдерди жылдырганда ж.б. 

Ушул белгинин жардамы менен биз күн сайын кандай маалыматты керектээрибизди түшүнүү үчүн медиасабаттуулукту жогорулатуу жөнүндө сөз кылып турабыз. Ошондуктан, биз менен чогуу көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.