.үч.чекит..үч.чекит.

Масондор жана иллюминаттар кимдер?

Элмурат Аширалиев
2116
Масондор жана иллюминаттар кимдер?

Дүйнөнү жашыруун түрдө башкарган топтор жөнүндө ар кандай кутум теорияларын угуп жүрсөңүз керек. Кээ бири аларды масондор менен, кээ бири иллюминаттар менен байланыштырып келишет. Булар эмне болгон топтор жана алар чын эле дүйнөнү бизге байкатпай башкарып жатышабы? Спойлер: билбейбиз. 
Кандай болсо да, алар жөнүндө кутум теориялардан тышкаркы маалыматтар менен бөлүшүүнү чечтик.

Эмесе, масондордон баштасак. Масон (mason) англисчеден которгондо «таш тизүүчү», «таш уста» дегенди туюнтат. Масондор көбүнесе Британ аралдарында (Бириккен падышалыкта) кеңири тараган топ болсо дагы, ал азыркы күндө дүйнө жүзүндөгү эң ири сырдуу топтордун бири болуп эсептелет. Алардын дүйнө жүзү боюнча жалпы саны, XXI кылымдын башында, 2-6 миллиондой болгону айтылат.

Масондордун тамыры орто кылымдардагы (V-XV) таш усталардын бирикмесине барып такалат. Алар өздөрүнүн соода иштери жөнүндө баарлашып турган атайын ложаларда (үйлөрдө) чогулушчу экен. Кийинчерээк чиркөө сыяктуу чоң имараттарды куруу иштери азая баштаганда өз коомчулугун колдоо максатында адамдарды атайын мүчөлүккө кабыл алуу салтын башташкан.

Мына ошол ложалардын айрымдары кийинчерээк XVII-XVIII кылымдардагы масондордун түптөлүшүнө чыйыр салган. Ошентип Англияда 1717-жылы биринчи жолу масондордун ложаларынын бирикмеси түптөлгөнү белгилүү.

Байыртадан бери сакталып келе жаткан салтына ылайык, масон болууну каалагандар жашы жеткен эркек киши болушу керек. Ошондой эле бир улуу күчтүн бар экенине жана рухтун өлбөс, түбөлүк экенине ишениши зарыл. Бул талапка ылайык, атеисттер масон боло албайт. Бирок Жогорку күчкө ишенүүнү милдеттендирген менен масондордун иш аракеттерин диний деп атоого болбойт жана белгилүү бир жалпы ишенимге ээ эмес. Алар диний же саясий максаттарды көздөшпөйт. Жада калса, масондук чогулуштарда саясат тууралуу талкулоого болбойт.

Масондор үчүн бул уюм ар кандай мааниге ээ болушу ыктымал. Айрымдар ложаларга мүчө болуу менен көбүнесе байланыш курууну, жаңы досторду арттырууну көздөшсө, кээ бири үй-бүлөсү жана коом үчүн кандайдыр бир жардам берип, салым кошкусу келет. Ошондой эле ложалар кайрымдуулук кылууга үндөйт жана адамдарга өзүн-өзү таанып билүүгө чакырат. 

Ал эми улуу күчтүн бар экенин ар бир масон өзүнүн ишенимине, көз карашына ылайык аңдап кабыл алат. 

Мүчөлөрү жалаң эркек кишилер болгондуктан кезинде алар коомчулуктун сынына кабылышкан. Масондордун жүрүм-турумун жөнгө салган «Баш мыйзам» аттуу байыркы документтери «аялдар, кулдар жана адепсиз адамдар» мүчө болуп кире албайт деген эрежени камтыган. Бул эреже ошол масондор түптөлө баштаган доордо басымдуулук кылган түшүнүктөрдөн кабар берери бышык. Ошентип ал эреже көп убакытка чейин өзгөртүлбөй, кандай болсо ошондой бойдон, айрыкча Британ аралдарында, кабыл алынып сакталып келген.

Азыркы күндө дүйнөдө эркектердин, аялдардын өз-өзүнчө ложалары, ошондой эле аял-эркектерди бирдей кабыл алган ложалар, улан-кыздарды мүчөлүккө кабыл алган ложалар дагы иш алып барат. Ошол эле маалда бул ложалардын баары тыгыз кызматташтыкта иш алып барат дегенден алыс болуу керек. Себеби, байыркы салттарга бекем карманган масон ложалары жаңы эрежелерди киргизип алган, масон ложалары сыяктуу көрүнгөн топторду ар дайым эле тааный бербейт.

Эми иллюминаттарга келсек. Дүйнөдө эң эле белгилүү иллюминаттардын тобу бавариялык иллюминаттар болгон экен. Тарыхта Розенкрейцтер (Rosicrucian) жана Алумбрадо (Alumbrado) сыяктуу иллюминат топтор дагы жашап өткөнү айтылат. Бул материалда Баварияда түптөлгөн иллюминат тобу жөнүндө сөз кылабыз. 

Латынчадан которгондо иллюминати (illuminati) «агартылгандар» дегенди билдирет. Аты айтып тургандай эле, бул топтун пайда болушу диний догмаларга каршы Европадагы агартуу доорундагы акыл-эске көбүрөөк маани бере баштаган убакка туш келет.

Бавариядагы иллюминат коомчулугун Адам Вайсхаупт 1776-жылы түптөгөн. Ал мурда христианчылыкты тутунган жана чиркөө укугу багытында профессор болгон. Ал христианчылыктын ордуна акыл-эске таянган динди негиздөөнү көздөгөн.

Адам Вайсхаупт башында өз окуусун студенттеринин арасында жайылтып, мүчөлөрүн кылдаттык менен тандаган. Кийинчерээк ал колунда бийлиги жана байлыгы болгон адамдарды тартууга жетишкен.

Ошентип ал өз коомчулугуна көбүрөөк мүчөлөрдү тартуу үчүн Бавариядагы шаарларды кыдырып, анын ичинде масондордун ложалары менен дагы байланыш түзүүгө үлгүргөн. Бара-бара бул коомчулуктун ички түзүлүшү татаалдашып, ички байланыш шифрлерге жана коддорго негизделгендиктен оорлошо баштаган. Бул коомчулук өнүгүп олтуруп, иш-аракеттери Италиядан Данияга чейин, Варшавадан Парижге чейин аймакты камтый алган. Ал эми бул коомчулуктун мүчөсү 2000ден ашкан эмес.

Вайсхауптун коомчулугу ич ара келишпестикке туш болуп, баш-аягы он жылга жетпей акыры 1785-жылы Бавария өкмөтү тарабынан тыюу салынган. Айрым мүчөлөрү камалып, айрымдары куугунтукталып кеткен. Ал эми Вайсхаупт болсо профессорлук наамдан кол жууп, Бавариядан сүргүнгө айдалган. 1785-жылдан бери бавариялык иллюминаттардын иш-аракеттери жөнүндө эч кандай тарыхый маалыматтар каттала элек болсо дагы, алар тууралуу азыркы күнгө чейин көптөгөн кутум теориялары айтылып келет. Мисалы, француз революциясы, АКШнын президенти Жон Кеннединин өлүмү жана башка окуяларга иллюминаттардын тиешеси бар делет.

Иллюминаттар дагы, масондор дагы сыр сактоого негизделген топ экени талашсыз. Айрыкча өз катарына абройлуу, мансаптуу, колунда байлык-бийлиги бар адамдарды тарта алгандыктан аларды ар дайым шек-күмөн жана ар кандай сөздөр ээрчип келатканын байкоого болот. Алардын тарыхы, иш-аракеттери, мүчөлөрү жана таасири туурасында ушул күнгө чейин көптөгөн эмгектер жазылууда. Бул топторду ичине кирип, өз көзүбүз менен көрмөйүн, чыныгы жүзү кандай экенин азырынча ошол эмгектерден окуп таанышуудан башка варианттарыбыз деле жок болсо керек.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.