

Маек учурунда телефонго алаксый берем. Бул эмне?


Тамактануучу жайда эки киши олтурду. Бири колдорун жаңсап кызыктуу окуяны баяндап жаткандай. Экинчиси, анда-санда бет маңдайындагы адамды карап, баш ийкеп койбосо, көзү телефонунда. Бул процесс «фаббинг» деп аталат.
Фаббинг (phubbing) — бул бетме-бет маектешип жаткан учурда телефонду кармалап, ага алаксый берүү. Ал англис тилиндеги phone (телефон) жана snubbing (тоготпогон мамиле) сөздөрүнүн айкалышынан келип чыккан. Аталган термин 2012-жылы пайда болгон. Бул сөздү күн сайын колдонбойбуз, бирок ар бир кыймылыбызда анын белгилери бар.
Балким, сиз да бет маңдай сүйлөшүп жатып адамга көңүл бурбай, смартфонуңузду чукулайсыз. Кат келбесе да месенжерлерди ачып-жаап, лентаны жылдырасыз. Арада келген каттарга жооп берип, айтор, тушуңуздагы маектешиңизден алагды болосуз. «Сени угуп жатам. Анан?» деп койгонуңузга карабай бул фаббинг.
Интернетке болгон көз карандылык — фаббингдин башкы себеби. Социалдык тармактарда маалымат көп. Ошондуктан, маанилүү нерседен четте калуу коркунучу (FOMO — fear of missing out) менен виртуалдык дүйнөдө «жашап» каласыз. Реалдуу жашоодогу адамдар сизге кызыксыздай сезилет. Мындан улам, бетме-бет сүйлөшкөндө интернетке киргиңиз келип, телефонуңузга алаксыйсыз.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, маектеш киши телефонун кармалай берсе, экинчи адам өзүн керексиздей сезет. Мындай мамиле адамдын психикалык саламаттыгына таасир берет дешет алар. «Кишиде кемсинүү сезими пайда болуп, маектешинин мамилесине карата негативдүү мүнөздөмө ойгонот», — деп айтылат изилдөөдө.
Эң жагымдуу нерсе — эмне кылышты өзүбүз чечкенибиз. Андыктан, гаджеттерге көз каранды экенибизди моюнга алуу кыйын. Бирок, фаббингден арылуунун жолдору бар дешет психологдор.
Телефонду сумкада же чөнтөктө калтырганды үйрөнүңүз. Сүйлөшүү учурунда смартфонду үнсүз режимге коюп алыңыз. Ким чалса, жазса да ага жооп бергени жетишесиз. Көңүлүңүздү айланаңыздагы адамдарга буруңуз. Башында өзүңүздү ашыкча мажбурлагандай сезилиши мүмкүн. Бирок, бир канча убакыттан кийин көнө түшөсүз.
Телефонсуз тамактанганды адат кылыңыз. Тамакка отурганда смартфонуңузду столдун үстүнө койбоңуз. Күнү бою телефон, компьютерден чарчаган көзүңүз жок дегенде ошол маалда эс алсын. Гаджетиңизди кармалап атып даам да сезбейсиз. Тамактануудан ырахат алып, маектешиңиз менен чын дилден сүйлөшүңүз. Экөөлөп телефонго алаксычу болсоңор, чогуу тамактануунун эмне кереги бар?
Өзүңүз үчүн сынак уюштуруңуз. Мындай сыноодон чоочубаңыз, белектер болот. Телефонго көңүл бурбоо челленжин баштаңыз. Канча убакыт гаджетсиз жүрүү керектигин белгилеп, эсептеп туруңуз. Жыйынтыкка жеткенде өзүңүзгө белек сатып алыңыз.
Сизде фаббингдин белгилери болбошу мүмкүн. Бирок, жакыныңыз фаббер болсо, анда ага жардам берүүнү төмөндөгүдөй жол менен баштаңыз:
- «Кел, телефонго дем алыш берели» деп сунуш киргизиңиз. Өзүңүз үлгү болуп, смартфонду алыс коюңуз. Ага суроолорду бериңиз, көңүл коюу менен жообун угуңуз;
- «Сенин көңүлүңдү өзүмө бурдуруу үчүн телефонду чекеме тагып алсамбы, кандай дейсиң?». Фабберге телефонго болгон көз карандылыктын терс жактарын түшүндүргөнү аракеттениңиз. Анын жакшы адаттарын атап, андан көрө ошолорду өздөштүрүүнү сунуштаңыз;
- «Сабырдын түбү – сары алтын». Чыдамдуу болуңуз. Анткени, үйрөнгөн адаттардан арылууга убакыт керек болот. Бирок, түшүнүү менен талап кылууну бирдей деңгээлде колдонуңуз.
Жыйынтык: Фаббингден арылуу үчүн телефон колдонгондон баш тартуу керек эмес. Болгону, өзүңүздү күчтүү талап менен көзөмөлдөңүз. Башкалардын сиз менен сүйлөшүүгө бөлгөн убактысына жоопкерчиликтүү болуңуз. Телефонуңузду улам кармалай бергениңизди жакындарыңыз эскертип турса да болот. Фаббинг — акыркы жылдары гана пайда болуп, калыптана баштаган адат. Андыктан, андан арылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Натыйжада, психикалык саламаттыгыңызда жана башкалар менен мамилеңизде жакшы жыйынтык байкалары шексиз.