

Маалыматтын расмий булагы деген эмне?


Маалымат издегенде анын кайсы булактан алынганына жана сапатына көңүл буруу керек. Ал эми алынган маалыматтарды расмий маалымат булактары аркылуу кайрадан текшерип чыкса болот.
Маалыматтын расмий булагы – бул ишенимдүү ресурстар жана инсандар. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- уюмдун өкүлдөрү жана басма сөз кызматы;
- өкмөттүн жана министрликтердин сайттары же социалдык тармактары;
- мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын сайттары жана социалдык тармактары;
- эл аралык уюмдардын (БУУ, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Юнисеф) сайттары жана социалдык тармактары.
Расмий булак аркылуу маалыматты кантип текшерүүгө болот?
Мисалы, сизге WhatsApp аркылуу «сарымсак коронавирустан коргойт» деген билдирүүнү жиберишти дейли. Ал маалыматты андан ары таратуудан мурда, расмий булак аркылуу текшерүүнү унутпаңыз. Бул тема ден соолукту коргоого байланыштуу болгондуктан, аны саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтынан же https://www.who.int/ru – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун веб-сайтынан караңыз. Эгерде сиз ал жерден мындай маалыматты таппасаңыз, анда ага ишенүүгө болбойт.
Эгер, Instagram лентаны жылдырып жатып «Кыргызстанда акыркы күндөрү вирусту жугузуп алган шарттары белгисиз учурлар көбөйдү» деген баштеманы көрүп калсаңыз, аны бирөө ойлоп таппаган расмий маалымат экендигин кайдан текшересиз?
Туура, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо сактоо министрлигинин расмий сайтына кайрыласыз. Кана, бул маалымат расмий бекен?
Сайттын көрүнүшүнө көңүл буруңуз. Бүгүнкү күндө, шылуундар расмий сайттардын оригиналдуу көрүнгөндөй аналогун чеберчилик менен жасай алышат. Мындай учурда сайттын домендик атын карап көрүңүз, шылуундар домендик аталыштан бир гана тамганы өзгөртүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, Интернетте маалыматтын агымы өтө көп болгондуктан, расмий жана расмий эмес маалымат булактарын айырмалоо кыйынчылыкты туудурат. Эгерде ондогон жылдар мурун расмий маалымат алуу үчүн биз акимиаттарга, министрликтерге, илимий маалыматтар үчүн китепканаларга ж.б. жерлерге кайрылсак, бүгүнкү күндө бул процесс бир топ жеңилдетилди. Ал үчүн болгону тиешелүү мекемелердин башкы сайтына кирип, керектүү маалыматты алууга же текшерүүгө болот. Бирок маалыматтар өтө көп болгондуктан, кайсы булактан алуу керектигин да аныктап алуу керек.
Кеңири таралган расмий эмес маалыматтардын булактары:
Wikipedia – расмий булак эмес, анткени андагы маалыматтын автордук укугу кимге таандык экендиги белгисиз жана аны каалаган адам оңдой алат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) – расмий маалымат булагы эмес. Журналисттер расмий өкүлдөрдөн алган маалыматтарды берүүчү ресурс гана болуп эсептелинет. Эгер, дагы расмий такстыктоо зарыл болуп жатса, ошол өкүлдөргө түздөн-түз кайрылууга мүмкүн.